2025 ЖЫЛ КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ ҮЧҮН ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЛДАРДАН БОЛОТ
@kgmilitarist | Байланыш/Связь
🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️
08 Mar, 14:41
1,237
🇹🇷MKE тарабынан өндүрүлүүчү же өндүрүшүнө бир кандай чоң салымын кошкон курал-жарактар!
⚡Алардын ичинде:
▫155мм. Fırtına, Yavuz жана Gürhan өзү жүрүүчү замбиректер. ▫105мм. Boran жеңил ташылуучу замбирек. ▫122мм ракеталар. ▫7.62мм- ар түрдүү автоматикалык жана көзгө атарлардын мылтыктары. ▫5.56мм-155мм. ок-даары чыгаруу. ▫120-155мм. оор техникага атуу системасы. ▫120мм. миномет. ▫20-30мм. Ар түрдүү учактарга каршы ташылуучу куралдар. (ЗСУ-23 сыяктуу). ▫Учактарга ар түрдүү бомбалар. ▫40мм. гранотомет. ▫12.7мм пулемет. ▫Жарылуучу жана жардыруучу заттар.
@kgmilitarist | Байланыш/Связь
🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️
06 Mar, 17:43
576
Этническая карта расселения Туранского братства
Японская Империя, 1932 год
🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️
06 Mar, 07:42
1,194
❗️Достук айылынын эли көчүүчү жер аныкталды!
⚡️КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Баткен районунун Достук айылынын эли менен жолукту.
Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды.Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.
❗️Натыйжада ар бир үй ээси үчүн 5 сот жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет.Жалпы 71үй курулат.
⚡️Мындан сырткары мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине, беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.
⚡️Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9гектар жер бөлүнүп берилет.
🇰🇬🇻🇳МинКаб төрагасынын расмий сапарынын алкагында, Вьетнам Премьер-министри Фам Минь Тинь менен келечектеги кызматташуу боюгча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү!
⚡Биргелешкен Билдирүүгө кол коюлду!
📜Бир катар документтерге кол коюлду:
▫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
▫ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
▫Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
🛤«Кыргыз Темир Жолу» Мамлекеттик ишканасы билдирет:
Курулуп жаткан жаңы темир жолдун 37-40-чакырымында бургулоо-жардыруу иштерине байланыштуу 5-марттан 5-майга чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 40-43-км аралыгы, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү маал-маалы менен жабылып турат.
Аталган тилке аптасына 3 жолу гана: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн–17:30га чейин гана жабылат, калган күндөрү ачык болот.
❗️Президент Садыр Нургожоевичтин, депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү боюнча:
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы билдирүүсүн көрдүңүзбү? Чындап эле чек ара келишиминде ал айткан кемчиликтер барбы?
— Саламатчылык. Албетте көрдүм, толук уктум. Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм.
Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген. Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат.
Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык. Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык. Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.
Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. “Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи? Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду.
Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз. Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем.