𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 @ummot_media Channel on Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

@ummot_media


🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 (Kyrgyz)

🕋 'Уммөт Медиа' - бүгүнгү дүйнөдөгү акыркы жаңылыктар, маалыматтар жана кылмыштыр. Бүгүнгү акыркы Үммөт өнөртүлүп, акыретке азык топтолгон кылмыштыр. Ар нерсе, жаңылыктардын жана маалыматтардын кылмыштыр. 'Уммөт Медиа' сиздин көңүл бурчунуздагы иштерди көрсөтүп бере алат. Биздик каналды жана биздин жаңылыктарды көрүп, биздинге катышып калып, биздин кылмыштыр. Биздин каналга катышуу үчүн @ummot_media каналына катышып калыңыз.

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

11 Feb, 03:50


🔰 ОЙЛОНУУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Жаратуучу менен жарата албаган бирдей болобу?! - Эсиңерге келбейсиңерби?" ("Нахл" сүрөсү; 17-аят)

🌴 ХАДИС: "Бир саат ойлонууң бир жылдык ашыкча ибадаттан жакшыраак".

🌴 МАСЕЛЕ: СОГУП ТУРГАН ЖҮРӨК МЕНЕН ОЙЛОНУУ.

Бадиуззаман ойлонуу тууралуу мындай деген: "Ойлонуу муздак жана тунарган капилеттиктен эриткен нур сымал. Ойлонуу абай болууну, караңгылыкты, куру кыялды күйгүзгөн от сымал. Өз жаның жөнүндө ойлогонуңда, ички дүйнө муктаждыгында үзгүлтүктүү ойлорго бат. Дүйнөнү ойлогонуңда, сырткы көрүнүш зарылдыгында бат-баттан ойлон! Терең ойго батпа! Согуп турган жүрөк менен бир саат ойлонуу, капилет ичинде бир жыл ибадат кылуудан дагы жакшы".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

10 Feb, 11:57


Зумар сүрөсү 5-аят

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

10 Feb, 03:46


🔰 ОЛУЯЛАР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ооба! Аллахка жакын пенделер чоочулашпайт да, кайгырышпайт. Алар - (Аллахка) ишенип ыйман келтирген жана (Анын буйруктары менен камыр-жумур жуурулуша жашоого жан үрөгөн) такыбаа адамдар!" ("Юнус" сүрөсү; 62-63-64-аят)

🌴 ХАДИС: "Алар ушундай адамдар, көргөндө эле Аллахты эсиңе түшүрөт". (ибн Мажа, Зухд, 4)

🌴 ОКУЯ: ЖАШ УЛАНДЫН ТАҢ КАЛТЫРГАН АНЫКТАМАСЫ.

Багдадда төрөлүп, ошол жерде эр жеткен ибн Мухаммад Абу ал-Жунайд Касымдын таякеси айтылуу Сариййус - Сакати калемпир - туз сатып соода кыла турган. Жунайд таякесинин колунда жаштайынан тартып илим чөйрөсүндө жүрөт.

Ал Имам Шаафинин шакирти Абу Саврдан "фикх" (Ислам укугу) илими боюнча сабак алат. Хасан ибн Арафа сыяктуу көрүнүктүү аалымдардан хадис угуп, шарият илимдерин терең өздөштүргөн соң такыбаалыкка, жүрөктү тазалап Жараткан Аллахтын мээримине бөлөй турган олуялардын руханий тарбиясына бет алып, таякеси Сариййус - Сакатинин, Харис ал-Мухасибинин жана Абу Хамза ал-Мухасибинин сукбат-дилмаектерине барат.

Бир күнү "шүгүр" маселеси боюнча сөз болуп, ага ар кимиси өзүнчө аныктама берип жаткан эле. Ошол учурда жандарында олтурган Жунайддан да:


- Кана айтчы, Багдаддык жаш улан! Сенин оюңча шүгүр кылуу деген эмне? - деп сурашат.

Анда Жунайд:

- Шүгүр кылуу - бул Аллах тартуулаган жакшылыктардын кадырын билип, аларды эч качан арам жолдорго жумшабоо дегенди түшүндүрөт, - дейт.

Ал жердегилер мындай кыска жана нуска жоопко бир четинен таң калышса, бир четинен абдан ыраазы болушат. Араларынан бирөө:

- Бул конок Сариййус- Сакатинин шакирти, - дейт.

Анда Сариййус - Сакати:

- Жунайд, устатынан дагы ашып түштү. Муну ачык-айкын мойнума алам. Мындан кийин кандайдыр бир маселе боюнча, Жунайдга кайрылсаңар болот, - деген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

09 Feb, 11:41


АЯЛ БОЛБОСО ҮЙДҮН КУТУ КЕТЕТ🌹

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

09 Feb, 03:51


🔰 ТЕКЕБЕРДИК

Текебердик жалгыз Алла Таала гана тиешелүү сыпаттардан. Ага бул сыпатында эч ким шериктеш боло албайт. Ошондуктан мусулман пенде жүрөгүн жана напсисин текебердиктен толук тазалоосу зарыл. Анткени, кимдин жүрөгүндө кыпындай эле текбердик болсо, анда ал бейишке кирүүдөн куру калат.

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Кимдин жүрөгүндө кыпындай текбердик болсо, анда ал бейишке кирбейт. Бир киши айтты: “Албетте, адамдар кийиминин жана кепичинин жакшы болуусун жакшы көрүшөт (каалашат). Айтты (ага Алланын салават-саламдары болсун): “Албетте, Алла Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Текебердик – акыйкатты кайтаруу жана адамдарды кемсинтүү”
(Муслим: 91)

Чыныгы мусулман адам бул дүйнөнүн убактылуу-сыноо экендигин билгендиктен башкалардан жүзүн буруп, бой көтөрбөйт.

قال تعالى: }تِلْكَ الدَّارُ الْآَخِرَةُ نَجْعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّا فِي الْأَرْضِ وَلَا فَسَادًا وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ{ {القصص: 83}

Алла Таала айтты:
“Биз тиги жактагы Акырет коргонун (Бейиш) жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (момун) адамдар үчүн (насип) кылабыз.(Жакшы) Акыбет такыба кишилер үчүн” (Касас: 83)

Мусулмандын сактануусу милдет болгон текебердиктин кээ бир ачык көрүнүштөрү:

1. Текеберденип (бой көтөрүп) кийимин же шымын эки томуктан ылдый түшүрүү.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا يَنْظُرُ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِلَى مَنْ جَرَّ إِزَارَهُ بَطَرًا» {رواه البخاري: 5788 مسلم: 2087}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Кыямат күнү Алла Таала шымын (ыштанын) текеберденип сүйрөлтүп жүргөн адамды карабайт”
(Бухарий: 5788. Муслим: 2087)

2. Акыйкатты кайтаруу жана ага текберденип кайтпоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «الْكِبْرُ بَطَرُ الْحَقِّ وَغَمْطُ النَّاسِ» {رواه مسلم: 91}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Текебердик – акыйкатты кайтаруу жана адамдарды кемсинтүү” (Муслим: 91)

3. Адамдарды шылдыңдап, кемсинтүү жана аларга бой көтөрүү.

قال تعالى: } وَلَا تُصَعِّرْ خَدَّكَ لِلنَّاسِ { (لقمان: 18)

Алла Таала айтты:
“Жана (текеберленүү менен) адамдардан жүзүңдү бурбагын!” (Лукман: 18)

4. Текеберденип басуу жана кекирейип адамдардан жүз буруу.

قال تعالى: }وَلَا تَمْشِ فِي الْأَرْضِ مَرَحًا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ { (لقمان: 18)

Алла Таала айтты:
“Жана жер бетинде текеберленип жүрбөгүн! Себеби, Алла Таала бардык текебер, мактанчаак кишилерди сүйбөйт” (Лукман: 18)

5. Ата-бабалары менен кекирейип мактануу. Башкалардын ата-тегин кемсинтүү. Мис: Эй, негрдин баласы – деп айткан сыяктуу.

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Адамдарда (кичине) каапырлыктын[1] белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө кошок кошуу (кошуп ырдоо)” (Муслим: 121)

[1] Каапырлык чоң жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Чоңу ээсин динден чыгарып жиберет. Кичине каапырлык ээсин динден чыгарбаса да чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет.


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

08 Feb, 11:06


ИНСАН МАКСАТСЫЗ ЖАРАЛГАН ЭМЕС

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

08 Feb, 03:32


🔰 ЖАКШЫЛЫК - ЖАМАНДЫК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Эгерде Аллах адамдарга жакшылыктын келишин каалаган өндүү, жамандыктын келишин да тездетсе, анда алардын жашоосу эбак бүткөн болоор эле. Бирок биз менен кездешүүнү күтпөгөндөрдү өздөрүнүн адашуусунда экилентип таштап коёбуз". ("Юнус" сүрөсү; 11-аят).

🌴 ХАДИС: "Пенде исламды чын жүрөктөн кабыл алса, Аллах Таала буга чейин жасаган жакшылыктарынын баарын анын пайдасына жазат, күнөөлөрүн кечирет. Андан кийинки жакшы-жаман амалдардын кайтарымы берилет. Ар бир жакшы амалга ондон жети жүзгө чейин сооп берилет. Жаман амал үчүн бирге бир эле азап берилет. Бирок Аллах Таала аны дагы кечирсе, анда башка сөз". (Абу Саид ибн Малик)

🌴 ОКУЯ: АР БИР ИШТЕ БИР ЖАКШЫЛЫК БАР.

Илгери өткөн заманда бир падыша жашаган экен. Ал падышанын жандай көргөн жан досу бар эле. Ал досу жамандыкка дуушар болгондо, ар дайым: "Бул иште дагы бир жакшылык бар чыгаар" дей турган.

Күндөрдүн биринде падыша менен досу чогуу аң уулоого чыгышат. Кокусунан падыша мылтык менен атыр жатканда, мылтыгынан ок артка карай атылып, падышанын баш бармагына тиет. Досу:


- Бул иште дагы бир жакшылык бар чыгаар, - дегенде жаны кашайган падыша:

- Каяктагы жакшылык! - деп аны алып келип зынданга салып салат.

Арадан бир жылдай өткөн соң падыша жан-жөкөрлөрү менен адам жегичтер жашаган жерге аң уулоого чыгышат. Адам жегичтер аларды колго түшүрүп алып, аларды отко салаарда падышанын баш бармагынын жок экендигин байкашат. Булардын ишениминде бир мүчөсү кем адамдарга тийүүгө тыюу салынган эле. Ошентип алар падышага тийбей аны өз жайына коюшат. Жан-жөкөрлөрүн болсо бышырып жеп алышат. Жок бармагынын жардамы менен адам жегичтерден кутулганына сүйүнгөн падыша ошол замат зынданга барып:


- Сен туура айтыптырсың досум! Баш бармагыма октун тийишинде, чындап эле, бир жакшылык бар экен. Сенден кечирим сурайм! - деп досунан кечирим сурайт.

Досу:


- Бул иште дагы бир жакшылык бар чыгаар! - дейт.

Падыша таң кала:

- Мен сени бир жыл бою зынданда камадым. Мындан кандай жакшылык болсун! - дейт.

Анда досу:

- Зынданда болбогонумда, мен менен бирге аң улоодо болмокмун. Андан кийинкисин өзүң ойлоп көр! - деген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

07 Feb, 06:03


Бакара сүрөсү 45-46-аят

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

07 Feb, 01:45


☪️ РАМАЗАНГА ДАЯРДЫК

•Орозо тууралуу көп сабак алуу:
•Куран окууну үйрөнүү:
•Убакытты туура колдонуу:
•Зикир салават көп айтуу:
•Ушак айтуудан алыс болуу:
•Үммөт үчүн дуба кылуу:
•Көп истигфар айтып тооба кылуу:
•Арам иштерди таштоо:
•Жеген тамактын адалдыгына маани берүү:
•Адам акысынан кутулуу таарынтып акысына кирип алган адамдардан кечирим суроо:
•Аз болсо да күнүгө садака берүү:
•Сабырдуу болууга аракет кылуу:
•Ата-Энеге бир тууган жакындарга белек берүү Рамазан айы менен куттуктоо:
•Бирө сизди капа кылган болсо баарын Аллах үчүн кечирүү:
•Адамдарга даават кылып жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтаруу:
•Жакшылык сооп иштерди көп кылуу:
•Орозонун пайдасын пазилетин көп окуу жана башкаларга айтып берүү:
•Жаман адаттарды таштоо:
•Намаз окубай жүргөндөр намаз үйрөнүү окуп баштоо:
•Ден соолукка кам көрүү:


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍
instagram.com/ummot_media
📍
t.me/ummot_media
📍
youtube.com/c/UmmotMedia
🥏WhatsApp⤵️
📍
wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

06 Feb, 11:07


ДҮНҮЙӨ ТАЯНА ТУРГАН НЕРСЕ ЭМЕС!

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

06 Feb, 03:55


🔰 САРАҢДЫК

Сараңдык бул кедей болуп калуудан коркуп мал-дүйнөсүн сарптабоо. Алла Таала сараңдыктан эскертип мындай деген:

قال تعالى: } وَأَمَّا مَنْ بَخِلَ وَاسْتَغْنَى وَكَذَّبَ بِالْحُسْنَى فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْعُسْرَى {(الليل:8-10)

Алла Таала айтты:
“Ал эми, ким (байлыгын Алла Таала жолуна сарптоодон) сараңдык кылып (Алла Таала бере турган сооптордон) текеберленсе, жана жакшылыкты (Бейишти) жалган десе,анда Биз ага (дүйнөдө жана Акыретте бактысыз боло турган) оор жолду “жеңил” кылабыз” (Лайл: 8-10)

Сараңдык ээсин зулумдукка, адам өлтүрүүгө акысыз адамдардын мал-мүлкүн жегенге, акылардын жоголуп кетүүсүнө жер бетине бузукулуктун жайылуусуна алып барат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «اتَّقُوا الظُّلْمَ فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَاتَّقُوا الشُّحَّ فَإِنَّ الشُّحَّ أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ حَمَلَهُمْ عَلَى أَنْ سَفَكُوا دِمَاءَهُمْ وَاسْتَحَلُّوا مَحَارِمَهُمْ» {رواه مسلم: 2578}

Алланын элчиси (ага Алланын салават—саламдары болсун) айтты:
“Зулумдук кылуудан сактангыла! Анткени, ал Кыямат күнү көп караңгылыктарга (кыйынчылыктарга) айланат. Сараңдыктан сактангыла! Анткени, ал силерден мурдакыларды кыйраткан (жок кылган). Аларды кан төгүүгө жана арам нерселерди адал кылууга алып барган” (Муслим: 2578)

Кыямат күнү мусулман пендеден сурала турган суроолордун бирөөсү мал-мүлкүн кайдан таап, каякка жумшагандыгы жөнүндө болот.

قال تعالى: }وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَهُمْ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ{ (آل عمران: 180)

Алла Таала айтты:
“Алла Таала Өз пазилети себептүү берген нерселерин (зекетин) берүүгө сараңдык кылган адамдар, бул (жоругу) өздөрү үчүн жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык. Сараңдык кылып бербеген нерселери Кыямат күнү алардын мойнуна оролот” (Али Имран: 180)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا تَزُولُ قَدَمَا عَبْدٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حَتَّى يُسْأَلَ عَنْ عُمُرِهِ فِيمَا أَفْنَاهُ وَعَنْ عِلْمِهِ فِيمَ فَعَلَ وَعَنْ مَالِهِ مِنْ أَيْنَ اكْتَسَبَهُ وَفِيمَ أَنْفَقَهُ وَعَنْ جِسْمِهِ فِيمَ أَبْلَاهُ» {رواه الترمذي: 2417}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Кыямат күнү пенде өмүрүн кайда өткөргөндүгү, алган илимине эмне амал кылгандыгы, мал-мүлкүн кайдан таап, каякка сарптагындыгы жана денесин кайда чириткендиги (каарыткандыгы) жөнүндө суралмайынча эки буту ордунан жылбайт” (Тирмизий: 2417)

Инсандын руханий садакасыз (Алла Тааланы эскерүү сыяктуу) же материалдык садакасыз (нафака[1], белек берген сыяктуу) өткөргөн ар бир күнү анын зыянына күбө болот. Момун пенде мал-мүлкүн Алла Таала жолунда сарптайт жана башкаларды да ага үндөйт. Ал эми, каапыр болсо, сараңдык кылат жана башкаларды да сараңдыкка буюрат.

قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا{ {النساء: 36-37}

Алла Таала айтты:
“Алла Таала текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт. Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Алла Таала Өз пазилетинен берген нээматтарды (адамдардан) жашырат. Биз мындай каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз” (Ниса: 36-37)

Ошондуктан мусулман бир тууганым сени Алла Тааладан алыстатып, шайтанга жакындата турган бул жаман сапаттан алыс (сак) бол!

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Feb, 11:27


Коф сүрөсү 19-21-аят

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Feb, 03:21


🔰 АЗИРЕТИ НУХ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Нухту өз журтуна: "Элиңе оор азап келе электе эскерткин" деп жибердик". ("Нух" сүрөсү; 1-аят)

🌴 ХАДИС: "Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мынтип айткан:
"Кыямат күнү Нух (а.с.) менен үммөттөрү Аллахтын алдына келишет. Аллах андан:

- Менин динимди жеткирдиңби? - деп сурайт.

- Ооба! Оо, Жараткан! - дейт Нух (а.с.)

Аллах бул жолу үммөттөрүнөн:

- Нух (а.с.) силерге динди жеткирдиби? - деп сурайт.


- Жок! Бизге Пайгамбар келген жок, - дейт үммөттөрү.

Аллах Нухка (а.с.) кайрылып:


- Ким айткандарыңды сага далилдеп бере алат? - дейт.

Нух (а.с.):

- Мухаммад (с.а.в.) жана анын үммөтү, - дегенде менин үммөттөрүм:

- Азирети Нух (а.с.) динди (аларга) жеткирген, - деп күбөгө өтүшөт".
(Абу Саид).

🌴 ОКУЯ: АЗИРЕТИ НУХТУН (А.С.) КЕМЕСИ

Азирети Нух пайгамбар (а.с.) элди Аллахтын адал жолуна күчүнүн жетишинче аракет кылып чакырат. Бирок саналуу гана адамдар анын сөзүнө кулак төшөп, Аллахтын адал жолуна түшкөн эле. Ошондуктан Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка алакан жая дуба кылып жалбарат. Аллах ага: "Эй, Нух! Кайгырба! Мен туура жолго түшпөгөн адамдарды оор азапка салып жазалайм. Алардын баары жок болот!" деп кабар берет.

Ошондой эле Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) бир бороон жибере тургандыгын, ишенбегендерди жазага тартаарын, ишенгендерди куткаруу үчүн бир кеме жасашын, бул кеме менен адал жолдогулар кутула тургандыгын билдирет. Ошентип Нух пайгамбар (а.с.) кеме жасай баштайт. Кеменин жасап болгон соң Жараткан Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) кемеге ошол кездеги дүйнөдөгү болгон жаныбарлардын ар биринен бирден алып, өзүнө ишенгендер менен чогуу кемеге салуусун буйруйт. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) буйрукту аткарган соң уулу үчүн сарсанаа болот. Анткени уулу Жаратканга ишенбеген каапырлардын катарында эле. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка:


- Уулумдун абалы эмне болот? Ал дагы менин бүлөмдүн бир мүчөсү эле, - деп кайрылат.

Анда Аллах:

- Жок, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес, анткени ал Мага ишенбейт. Сен ал үчүн капа болбо! Ким мага ишенсе, мына ошол сенин үй-бүлөңдөн болот! - дейт.

Ошентип көптөн күткөн убакыт да келет. Албууттанган топон суу каапырлардын баарына, алардын арасында Азирети Нух пайгамбардын (а.с.) уулун дагы жууп кетет.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Feb, 14:34


Ссылканы башкалар менен бөлүшүп коюңуздар💌

https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Feb, 11:36


АЯЛЫҢДЫН КӨҢҮЛҮН КӨТӨРҮП ТУР!🌹

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Feb, 03:05


🔰 ГЫЙБАТ КЫЛУУ

Гыйбат бул бир адамды ал жок кезде (анын денесине, динине, нафсине, кулк-мүнөзүнө, мал-дүйнөсүнө, ата-энесине, баласына, аялына, кызматчысына, кийимине ж.б.у.с. ага тиешеси бар нерселерде) укканда жаман көрө турган нерселер менен эскерүү.

قال تعالى: }وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضًا أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ{ {الحجرات: 12}

Алла Таала айтты:
“(Мусулмандардын айыптарынын артынан) тыңчылык кылбагыла жана бири-бириңерди гыйбат кылбагыла! Силердин бириңер өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенди жактырабы?! Жактырбайсынар го! Алла Тааладан корккула! Алла Таала тообаларды Кабылдоочу, Боорукер” (Хужурат: 12)

Мусулман адам диндеги бир тууганын ал жок кезде андагы болгон айып-кемчиликтер менен да эскербейт. Себеби көптөгөн адамдар биз анын айыптарын гана айтып жатабыз. Анда жок нерсени айткан жокпуз да – деп актанышат. Өздөрүнүн бул кылган кылыктарын гыйбат эмес деп ойлошот. Акыйкатта ал гыйбаттын дал өзү. Ал эми, анда жок нерселерди айтса, анда ал – жалаа болуп калат.бир тууганыны

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Гыйбат эмне экенин билесңерби? Айтышты: Аллах жана Анын элчиси билет. Айтты: “(Диндеги) бир тууганыңды (ал жок кезде укканда) жаман көргөн нерселер менен эскерүүң”. Айтты: Айтчы, менин айткандарым (диндеги) бир тууганымда болсочу? Айтты: “Сенин айткандарың анда (ал адамда) болсо, чынында аны гыйбат кылган болосуң, жок болсо, ага жалаа жапкан болосун” (Муслим: 2589. Абу Давуд: 4864)

Ислам аалымдары төмөнкү учурларда шарьий себептердин негизинде гыйбат кылуунун дурус экендигин айтышат:

1. Эгерде бир адам эл арасында ушундай лакап менен белгилүү болсо. Мисалы: Аъамаш, Аъараж[2], Асамм[3], Аъама[4], ж.б.у.с. Бирок, кемсинтүү максатында айтуу арам.

2. Фатва сураган учурда. Мисалы: Атам же акем мага зулумдук кылды. Анын ушундай кылууга укугу барбы, андан кантип кутулсам болот? ж.б.у.с.

3. Жамандыктан эскерткен учурда.

4. Күнөө иштерди эл көзүнчө ачык эле жасап жүргөн адамды. Мисалы: Күнөө жасап жүргөн баланын атасына кайрылып, балаң ушундай-ушундай күнөө иштерге барып жүрөт. Аны тыйып кой! – деп айтуу.

5. Шариятта тыюу салынган нерсени токтотуу үчүн жардам сураган учурда.

6. Зулумга кабылган учурда.

Зулумдукка кабылган адам падышага, казыга же андан башка бийлик ээлерине кайрылып, мага паланча зулумдук кылды- деп айтуу.

7. Кеңеш сураган учурда.

Фатима бинт Кайс (Алла Таала андан ыраазы болсун) айтты: пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) келип, айттым: Абу Жахм жана Муавия куда түшүп келишти (эмне дейсиз)? Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Абу Жахм, ал таягын жонунан түшүрбөйт. Ал эми, Муавия болсо, анын мал-мүлкү жок кедей” (Бухарий Муслим)

[1] Ислам боюнча гыйбат кылуу өз бир тууганынын этин жеген менен барабар!

[2] Аъамаш – көбүнчө көзүнөн жашы келип, начар көргөн адам. Аъараж – аксак, төкөр; бутсуз деген маанилерди билдирет. Бул экөө тең белгилүү Ислам аалымдарынан болушкан.

[3] Дүлөй

[4] Көр, сокур


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Feb, 11:48


ЖҮРӨК КАЧАН ЭС АЛАТ?💚

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Feb, 03:40


🔰 ЖЕБРЕЙИЛ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Бул чынында улук элчинин, Жебрейилдин айткандары. Ал күчтүү (периште). Ал Арштын ээсинин алдында мартабалуу. Ал жакта ага баш ийип, ишенсе болот". ("Таквир" сүрөсү; 19-20-21.)

🌴 ХАДИС: "Аны жаралгандан бери эки эле жолу көргөм. Асмандан түшүп келе жатканда көрдүм. Анын кеңдиги асман менен жердин ортосун жаап калган эле".

🌴 ОКУЯ: "АЛ ЖЕБРЕЙИЛ ( А.С.) БОЛЧУ!"

Азирети Умар (р.а.) мындай дейт: "Күндөрдүн биринде биз Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) алдында отурганыбызда кокусунан аппак кийимчен, чачы капкара, жол жүргөнүнүн белгиси жок, биз тааныбаган бир киши келип, Пайгамбардын (с.а.в.) алдына тизесин тийгизип, эки колун тизесине коюп:

- Эй, Мухаммед! Ислам жөнүндө айтып бер! - деди.

- Ислам деген - бул Аллахтан башка ибадат кылууга ылайыктуу Зат жок, Мухаммед анын Элчиси экенине күбөлүк кылуу, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо, мүмкүнчүлүк болсо ажылыкка баруу! - деп жооп берди Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз (с.а.в.).

- Туура айттың.

Биз сурап жатып да туура айттың дегенине таң калдык.

- Ыйман жөнүндө кабар бер.

- Ыйман деген - Аллахка, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, кыямат күнүнө, тагдырдын жакшылык-жамандыгына ишенүү.

- Туура айттың. Эми Ихсан жөнүндө кабар бер.

- Ихсан дегени - Аллах Тааланы көрүп тургандай ибадат кылууң. Сен аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат.

- Кыяматтын качан болоору жөнүндө айтып бер.

- Сураган суралгандан дагы жакшы билет.

- Анда анын белгилери жөнүндө айтып бер.

- Күң аял өзүнүн ээсин (кожоюнун) төрөйт. Жылаңайлак, жылаңач, кедей жана койчулар үй салууда бири-биринен озууга аракет кылышат.

Суроолор бүткөндөн кийин ал киши кетти, ал эми мен ошол жерде бир аз туруп калдым.

Андан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.):


- Эй, Умар! Бул суроолорду сураган ким экенин билесиңби? - деп сурады.

Мен:

- Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет, - дедим.

Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

- Бул Жебрейил (а.с.). Ал силерге диниңерди үйрөткөнү келип кетти, - деди.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Feb, 11:12


Сааффат сүрөсү 1-10-аят

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Feb, 03:50


🔰 АЗИРЕТИ ЯКУБ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ибрахим да, Якуб да муну балдарына осуят кылды: "Эй, балдарым! Аллах силерге ушул динди таңдап берди. Ошондуктан силер мусулман катары жан бергиле!" ("Бакара" сүрөсү; 132-аят)

🌴 ХАДИС: "Иудейлер Азирети Пайгамбарыбыздан (с.а.в.):

- Исраилдин (б.а. азирети Якубдун) өзүнө арам кылган нерсеси эмне? - деп сурашат.

Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в. ):


- Азирети Якуб санынан баштап тизе, согончокко чейин оор илдетке чалдыгат. Өзүнө төөнүн эти менен сүтүнөн башка ылайык тамак да, суюктук да жок болчу. Ошондуктан ал нерселердин алам кылды, - дейт.

Анда иудейлер:

- Туура айтасың, - дешет". (Аббас).


🌴 ОКУЯ: "СЕНИ ЮСУФ ЖАРАТТЫБЫ?"

Азирети Якуб (а.с.) уулу Азирети Юсуфту (а.с.) сагынып аябай кусаланат. Ага болгон сүйүүсүн такыр унута албай коёт. Ошол күндөрдүн биринде Аллах ага: "Качанга чейин Юсуфту эстей бересиң? Эмне сени Юсуф жараттыбы? Ырыскыңды ошол бердиби? Пайгамбарлыкты Юсуфтан алдыңбы? Шаңыма ант болсун! Эгер мени эстегениңде, башканы коюп, мени менен бирге болгонуңда, көз ирмемге жетпеген убакыт аралыгында сени мындан куткармакмын!" деп эскертүү берет.

Бул эскертүүдөн кийин Азирети Якуб (а.с.) дароо өз катасын түшүнөт. Аллахты эстеп зикир кылуу менен алек болбой, узак мөөнөткө Юсуфту эстөө менен жаңылышканын билет. Ошондон кийин Юсуфту аз эстеп, Аллахты көп эстеп, даңктап зикир кыла турган болот.


📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Feb, 11:11


ШААБАН АЙЫ ЖАНА БАРААТ КЕЧЕСИ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Feb, 03:41


🔰 УШАК СӨЗ ТАШУУ

Ушак бул адамдардын арасын бузуу үчүн сөз ташуу (биринин сөзүн экинчисине жеткирүү). Ал Алла Тааланын газабына (каарына) жана азабына себеп боло турган чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.

قال تعالى: } هَمَّــازٍ مَشَّاءٍ بِنَمِيــمٍ { (القلم:11)

Алла Таала айтты:
“(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга (моюн сунба)!” (Калам: 11)

قال تعالى: } مَا يَلْفِظُ مِنْ قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ { (ق:18)

Алла Таала айтты:
“Канадай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү-даяр ((эки периште) турат”
(Каф: 18)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَلَا أُنَبِّئُكُمْ مَا الْعِضَـةُ هِيَ النَّمِيمَةُ الْقَالَةُ بَيْنَ النَّاسِ» {رواه مسلم: 2606}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Силерге үммөттү эмне бөлүп-жараарын айтайынбы? Ал адамдардын арасын бузуу үчүн биринин сөзүн экинчисине жеткирүү” (Муслим: 2606)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ قَتَّاتٌ » {رواه البخاري: 6056 ومسلم: 105}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Ушакчы бейишке кирбейт” (Бухарий: 6056. Муслим: 105)

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَرَّ بِقَبْرَيْنِ فَقَالَ: إنَّهُمَا يُعَذَّبَانِ، وَمَا يُعَذَّبَانِ فِي كَبِيرٍ، بَلَى إنَّهُ كَبِيرٌ، أَمَّا أَحَدُهُمَا فَكَانَ يَمْشِي بِالنَّمِيمَةِ، وَأَمَّا الْآخَرُ فَكَانَ لَا يَسْتَتِرُ مِنْ بَوْلِهِ » {رواه البخاري: 216 ومسلم: 292}

Ибну Аббастан (Алла Таала ал экөөнөн ыраазы болсун) Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) эки кабырдын (мүрзө) жанынан өтүп баратып, айтты:
“Бул экөө азапталып жатат. Андан арылуу оор болбогон күнөө себептүү азапталып жатышат. Ооба, Ал (экөө тең) чоң күнөө. Алардын бирөөсү: тынбай чагымчылык кылып жүргөн. Ал эми, экинчиси болсо, заарасынан (сийдигинен) тазаланбайт эле” (Бухарий: 216. Муслим: 292)

Ислам жек көрүү, бири-бири менен чатакташуу жана кек сактоо ж.б.у.с. жаман сапаттардан алыс болуп, ынтымактуулукка, достукка жана өз ара жардамдашууга чакырган дин. Ошондуктан мусулман адам укканына эле ишенип, күмөндү ээрчибестен жакшылап анын чын-төгүнүн териштирүүсү зарыл.

قال تعالى: }يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ{ (الحجرات: 6)

Алла Таала айтты:
“Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, Силер (акыйкатты) билбей туруп айрым бир коомго кайгы жеткирип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (ал алып келген кабарды) жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле!“ (Хужурат: 6)

Бул улуу бир жол-жобо. Мусулмандар ушуга эле амал кылышканда, анда алар ушак-айыңдан алыс болуп, ынтымактуу жашашмак.


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

31 Jan, 10:46


ОО АЛЛАХЫМ БИЗДИ РАМАЗАНГА ЖЕТКИРЕ КӨР!🤲💚

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Jan, 13:37


🌙 ШААБАН АЙЫ БАШТАЛДЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

 
Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Шаабан айы дагы кирип келди.

Усаама ибн Зейд (رضي الله عنه) айтат: Пайгамбарыбыздан (ﷺ)

"Оо, Аллахтын Элчиси, сизди! Шаабан айында орозо кармаганыңыз сыяктуу башка айларда кармаганыңызды көргөн жокмун" (мунун себеби эмнеде)? - деп сурасам, Пайгамбарыбыз (ﷺ): "Ал Шаабан айы Ражаб айы менен Рамазан айынын ортосунда келип, элдер аны бейкапар өткөрүп жиберишет. Ал ай амалдар ааламдардын Роббисине көтөрүлө турган ай. Менин амалым орозо болуп турган учурумда көтөрүлүүсүн жакшы көрөм." - деди.
(Насаи, хасан хадис.)

Дагы башка хадисте мындай деп келет:

"Кээде Аллахтын Элчиси ушунчалык көпкө орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт деп калчубуз, а кээде көпкө оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт деп калчубуз. Мен Аллахтын Элчисин (ﷺ) Рамазан айынын орозосун гана толук кармаганын жана Шаабан айында эң көп орозо кармаганын көрдүм."

(Бухари, Муслим.)

Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар:
“Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы”. Ал эми кээ бир булактарда: “Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу” – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?”
 
Хадисте айтылгандай бизге Шаабан айындагы соопту амалардын бири көп орозо кармоо экендиги маалым болду. Андыктан бул айдын көпчүлүгүн орозо менен өткөрүүгө аракет кылалы!

Ошондой эле Курани Каримди көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️


Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

06 Jan, 03:25


🔰 МИСВАК КОЛДОНУУ АДЕБИ

Мисвак жыгачын колдонуу бул-сүннөт.

Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтат: ”Мисвак бул-ооздун тазалыгы жана Кудайдын ыраазылыгы”. (Бухарий:27)

Мисвак колдонуу жакшы көрүлгөн убакыттар төмөнкүлөр:

1-Уйкудан турган учурда, себеби мисвак ооздогу жагымсыз жытты кетирет.

Хузайфа (Аллах ыраазы болсун) айтат: “Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) түнкүсүн уйкудан турганда эң биринчи оозун мисвак менен тазалайт эле”. (Бухари 245,Муслим 255)

2-Үйгө жана мечитке кирүүдөн алдын.

Шурайх ибни Хаани (Аллах ыраазы болсун) айтат: “Мен Айша энебизден сурадым: Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) үйгө кирген кезде эң биринчи эмне кылат эле? Жооп берилди: Мисвак колдонот эле”. (Муслим:253)

3-Даарат алуудан жана намаз окуудан мурун колдонуу.

Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтат: ”Эгерде үммөтүмө оор келбегенде анда ар-бир намаз алдында мисвак колдонууну буйрумакмын”. (Бухарий 27,Муслим 252)

4-Мисвак менен ооз тазалап жаткан учурда жалгыздануу, себеби коомчулуктун арасында олтуруп ооз тазалоо жагымсыз.

5-Жыгачтын башынан бир аз жерин кабыгын сыйрып анан ошол жерди чайнап жумшартуу, качан үлпүлдөп калганда андан кийин суу менен оозду жана жыгачты суулап, жогорку тиштерди оң тарабынан баштап тазалоо, анан сол тарап, анан төмөнкү тиш оң тарап, сол тарап болуп тазаланат.


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Jan, 11:22


БУЛ ДУБАНЫ КӨП КЫЛЫҢЫЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Jan, 03:15


🔰 КОНОККО БАРУУ АДЕБИ

Эшигин каккан үйдүн ичи көрүнбөгүдөй жерде туруш керек.

Эшикти 3 жолудан ашык такылдатып туруп албаш керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): "Эгерде 3 жолу уруксат сураганыңарда да кабыл алынбаса анда кете бергиле"- деген кеби бар. Бул нерсеге телефонду да кошсок болот.

Үйгө киргенде саламдашып чыгып баратканда коштошуу абзел.

Чакырылган жерге кечикпеш керек, өз убагында барганга шашылгыла.

Кийим кече жарашыктуу жана таза болуусу керек.

Мүмкүн болсо белек даярдап баруу керек.

Үйдүн эшиги кагылып, үйдүн ээсинин уруксаты менен кирүү керек.

Барганда ар жакты карай берип, үйдөгүлөрдү оңтойсуз абалга түшүрүп албаш керек. Үй ээси көрсөткөн жерге отуруп, муктаждык болсо уруксат сурап чыгуу керек.

Тамакты ылгабай жеш керек.

"Тигил барбы? Бул барбы?-деп сурай бербеш керек. Бергенди жеп? бергенге ыраазы болуп отуруу керек.

Үйдөгүлөрдүн абалына жараша мамиле кылып ошого жараша отуруу керек.

Аларды капаланта турган же жарасын тырмай турган нерселерди эстетүүдөн алыс болуш керек.

Коноктогонго ыраазычылык билдирип, ырахмат айтылуу керек.

Үй ээси бош эмес болсо батыраак уруксат алып кетуу керек.

Конок болуп бара албай турган болсо эртерээк кабар айтылып уруксат кечирим сурап коюуу керек.

📚Куттуу үйүбүздүн коломтосу өчпөй дайыма үйүбүзгө мейман толуп турсун


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Jan, 11:27


Нух сүрөсү 13-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Jan, 03:50


🔰 ТООРАТ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Пайгамбарлардын жолу менен жүрүп, өзүнүн алдындагы Тооратты тастыктоочу кылып Марям уулу Исаны жибердик. Ага ишинде тууралык, нур болгон алдындагы Тооратты тастыктоочу, ошондой эле сактануучулар үчүн туура жол, насыят түрүндө Инжилди бердик". ("Маида" сүрөсү; 46-аят)

🌴 ХАДИС: "Иудейлер" Тоораттан" баш тартып, өздөрү жазган китепке моюн сунушту". (Имам Табарани).

🌴 ОКУЯ: ТООРАТТАГЫ СҮЙҮНЧҮ КАБАР.

Шамда бир иудей (еврей) жашачу. Ал ишемби күнү "Тооратты" окуп жатып, китептин төрт жеринен Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сыпаттарын окуп калат да, ал жерди кесип алып, өрттөп таштайт. Кийинки ишемби күнү дагы ошол сыпаттарды "Тоораттын" сегиз жеринен окуйт. Аларды да алып, өрттөп таштайт. Дагы кийинки ишемби күнү карап, сыпаттарды "Тоораттын" он эки жеринен окуйт. Ал "Эгерде буларды дагы жыртып алсам, анда "Тоорат" калбай калат тура. Китептин баардыгы Анын сыпаттары менен толгон турбайбы..." деп ойлонот.

Анан ал досторунан Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жөнүндө сураса, алар:


- Ал жалганчы. Эң жакшысы ал сени көрбөсүн, сен аны көрбөй эле кой, - деп айтышат.

Анан ал иудей:

- Мусанын "Тооратына" ант болсун, менин Пайгамбарга (с.а.в.) баруума эч ким жолтоо боло албайт, - деп айтат.

Ошентип ал Мадинага жол тартат. Жолдон азирети Салманга (р.а.) жолугуп, аны Мухаммед (с.а.в.) деп ойлойт. Бул мезгилде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үч күн мурда дүйнөдөн кайткан болчу. Азирет Сал
ман (р.а.):

- Мен анын кызматчысымын! - дейт.

- Андай болсо, ал өзү кайда? - деп сурайт иудей.

Азирети Салман (р.а.):
"Көз жумду десем, артка кайрылып кетет, ал эми жакшы эле жүрөт деп айта турган болсом, жалганчы болом" деп ойлонот да:

- Сени жоро-жолдошторуна алып барайын, - дейт.


Алар ошентип чогуу мечитке барышса, кутман сахабалар аза тартып олтурушкан болот. Иудей Пайгамбарыбызды (с.а.в.) ошолордун арасында отурган экен деп ойлоп:

- Саламатсызбы, Мухаммад? - деп салам берет.

Муну уккан сахабалар андан бетер ыйлап киришет. Сахабалар:

- Сен кимсиң? Жарабызды кайра козгободуңбу. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) көз жумганына үч күн болду, - деп айтышат.

Анда иудей:

- Аттиң ай, энем мени төрөбөй эле койсо болмок. "Тооратты" окубайт элем, окубасам Анын сыпаттарын билбейт элем. Эми акыркы Пайгамбардын (с.а.в.) сыпаттарын билдим, эч болбогондо Аны бир жолу көргөнүмдө кана?! - деп өкүнгөн экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Jan, 08:57


НАМАЗДА КҮЛСӨ ЭМНЕ БОЛОТ?

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Jan, 01:48


☪️ ЖУМА НАМАЗГА ЭРТЕ БАРУУНУН СООБУ

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

“Жума күнү ар бир мечиттин эшигинде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине жараша жазып турат. Имам минбарга чыгып олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат”. (Ибну Хузайма)

Жума маарек болсун! 🤗

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Jan, 11:04


Анкабут сүрөсү 61-62-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Jan, 03:40


🔰 ЖАРЫК МААНАЙ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴АЯТ:
Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Аллах жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор - булар такыбалар. Аллах - жакшылык кылгандарды сүйөт (Аали Имран : 134).

🌴ХАДИС: Мусулман боордошуңа жылмайып коюуң - бул өзүнчө садага. Элди жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыюуң дагы садага. Ошондой эле жолдон адашкандарга жол көрсөтүүң да садага (Тирмизи, Бирр 36).

🌴 ОКУЯ: КАБАГЫҢ БҮРКӨӨ.

Бир киши жогорку сапаттагы таза бал сатып соода кылаар эле. Бирок негедир кардарлар анын балын жактырышчу эмес. Алар төмөнкү сапаттагы бал болсо да, коңшу дүкөндөн ала турган. Бул адам бир күнү жолдошуна ичиндегисин төкпөй-чачпай айтып берип, маселенин себебин сурайт.

Анда досу:

-Досум, ырас, сен жакшы бал сатасың. Бирок адамдарга кабагыңды буркөй бересиң. Ошондуктан балың канчалык таза болбосун, ал ага көп деле маани бербейт. Эл жүзү жарык адам менен мамиле кургусу келет - деп кеңеш берген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Jan, 09:12


РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН ХАДИСТЕРДИН БАРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдишүкүр ажы Нарматов

➤➤ Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 1-январга (2025-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Jan, 03:35


🔰 САЯКАТ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Алар эмне жер кезбей элеби? Анан да алардын түшүнүп сезе турган жүрөктөрү, уга турган кулактары болсо кана. Ырасында (каапырлардын ошол бакырайган) көздөрү сокур эмес. Алардын көөдөнүндөгү жүрөгү сокур". ("Хаж" сүрөсү; 46-аят)

🌴 ХАДИС: "Саякат кылгыла! Дениңер сак болуп, ырыскы табасыңар!"

🌴 ОКУЯ: "ЭЙ, АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ! САЯКАТ!"

Олуя Челеби Машхур жол күндөлүгүнүн киришүүсүнө саякаттагы кызыккан нерселерин жазып жатканда, бир түнү түшүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көргөнүн, андан "Эй, Аллахтын Элчиси, шафаат!" деп ортомчулугун сурагандын ордуна "Эй, Аллахтын Элчиси! саякат!" дегенин, муну уккан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага каалагандай жер кыдыруусу, алыс өлкөлөрдү көрүүсү үчүн дуба кылганы туурасында жазган.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

31 Dec, 18:37


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

31 Dec, 05:40


Момундар үчүн эскертүү!

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

31 Dec, 03:16


🔰 ШИРК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Аллах силерге жерди килем төшөдү, асманды куруп ( көтөрүп) койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге азык болсун деп (жерден) түркүн-түстүү жемиштерди өстүрдү. Муну билип туруп, Аллахка (кандайдыр бир нерсени же адамды теңеп) шерик кошпогула!" ("Бакара" сүрөсү; 22-аят).

🌴 ХАДИС: "Ширктен сактангыла! Себеби ширк кумурсканын кадамынан чыккан дабыштан да жашыруун болот". ( Хаким).

🌴 МАСЕЛЕ: ЭҢ ЧОҢ КҮНӨӨ.

Көпчүлүк адамдар ширк эң чоң күнөө экенин, ал адам баласын ыймандан чыгараарын укса да, аны өзүнөн алыс сезип, ал жөнүндө терең ой жүгүртпөйт. Алар Аллахка шерик кошкон адамдарды таштан, же жыгачтан жасалган буддарга (идолдорго) сыйынган гана адамдар деп ойлошот.

Чындыгында "ширк" бул көзгө көрүнгөн буддарга сыйынуу менен гана чектелген түшүнүк эмес. Ширк бул кандайдыр бир нерсе, же адам үчүн Аллахтын ыраазычылыгын көз жаздымда калтыруу дегенди да түшүндүрөт. Мисалы: Аллахтын "адал-арам" деген эрежеси менен эсептешпей, акча-байлык үчүн арак сатып соода кылуу, тоо-таштарга сыйынуу, көзү ачыктарга баруу, кумаркана иштетүү ж.б. Мына ошондуктан өзүбүздү ширктен алыс сезгендин ордуна, анын бизге жакын болгондугун эсибизден чыгарбообуз зарыл.

Ширк адам баласы үчүн эң коркунучтуу жана эң чоң күнөө болуп эсептелет. Себеби кандайдыр бир нерсени, же адамды Аллахтын ордуна коюу, Аллахка теңөө - бул Аллахка болгон эң чоң жаңылыштык. Ошондуктан Аллах кыямат күнү Өзү каалаган күнөөнү кечире турганын, ал эми ширкти эч кечирбестигин, себеби ал өтө чоң адашкандык экендигин Ыйык Куранда ачык-айкын түрдө маалымдаган.

📗 Булагы: Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен.

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Dec, 15:39


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Dec, 10:23


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Dec, 03:55


🔰 ЫСЫРАП

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Алар сарптаганда ысырап кылышпайт жана сараңдык да кылышпайт, орточо сарпташат". ("Фуркан" сүрөсү; 67-аят)

🌴 ХАДИС: "Ысырап кылбай, эл көрсүн үчүн жеп-ичип, кийинбегиле! Кайыр-садака бергиле! Аллах берген ырыскыларын кулунун колдонгонун каалайт". (Бухари, Либас, 1)

🌴 ОКУЯ: "ДАРЫЯНЫН ЖЭЭГИНДЕ БОЛСОҢ ДА..."

Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Саадга (р.а.) зыярат кылып барат. Саад (р.а.) ошол маалда даарат алып жаткан болчу.

Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын сууну көп колдонгонун көрүп:

- Эмне ысырап кылып жатасың? - деп сурайт.

Азирети Саад (р.а.):

- Даарат алганда да, ысырап болчу беле? - деп кайра суроо берет.

- Албетте, ал турсун, шарылдап агып жаткан дарыядан даарат алсаң да ысырап болот, - деп жооп берет Аллахтын Элчиси (с.а.в.).

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

29 Dec, 11:20


Анъаам сүрөсү 32-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

29 Dec, 03:16


🔰 АДАШУУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Кийин алардын артынан элчилерди жибердик. Марямдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик. Аны (Исанын) артынан ээрчигендердин жүрөктөрүнө жумшактык, мээримдүүлүк салып койдук. Бирок дүйнөдөн безүүнү биз жазбасак деле, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн алар өздөрү ойлоп табышты. Аны да жакшылап аткарышкан жок. Ошондой эле биз ыйман келтиргендерине сыйлык бердик. Бирок алардын көбү - бузукулар." ("Хадид" сүрөсү; 27-аят)

🌴 ХАДИС: "Ал башчы капкара кул болсо дагы Аллахтан коркууну, башчынын сөзүн угуп, моюн сунууну осуят кылам. Себеби менден кийин кимдер калса, алар көп талаш-тартышка жолугушат. Силер динге жаңы нерсени киргизүүдөн сактангыла! Ар бир жаңы нерсе - адашуу. Силерден ким ушундай учурду көрсө, менин сүннөтүмдү жана туура жолду тапкан халифалардын сүннөтүн бекем кармап, аны азуу тишиңер менен бекем кармагыла! Ар бир адашуу - бузулгандык, ар бир бузулгандык отто (тозокто)!" (Тирмизи, Абу Дауд)

🌴 МАСЕЛЕ: АЗИРЕТИ МУХАММЕД ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (С.А.В.) ЖОЛУ

Динде жок нерселерди чыгарып, андан кийин аны туура деп айтуу тыюу салынган нерсе. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бизге бардык туура жолду жана жакшы иштерди үйрөткөн. Ал көрсөтпөгөн бир ишти жакшы жана пайдалуу деп жасоо Пайгамбарга (с.а.в.) жана анын куттуу сахабаларына каршы чыгуу катары эсептелет.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

28 Dec, 11:52


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

06 Dec, 11:15


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

06 Dec, 02:10


☪️ Жума намазынан кийин ким ушул дубаны окуса, Аллах Таалам өзүнөн башка эч кимге муктаж кылбайт

اَللَّهُمَّ اكْفِني بِحَلآلِكَ عَنْ حَرامِكَ وَ اَغْنِني بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِواكَ

🍃Окулушу:
“Аллоохуммак финии би халаалика ъан хароомика ва агнинии би фадлика ъамман сиваак”.

🍃Мааниси:
“Аллахым мени адалдык менен (адал ырыскы берип) арамдан сакта, өз фазилетиң менен башкалардан муктажсыз кыл”.

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: "Ким жума намазынан соң 10 жолу Ихлас сүрөсүн окуса, мага 100 жолу салават айтса, жана 70 жолу бул дубаны окуса, кийинки жумага чейин Аллахтын уруксаты менен дөөлөттүн, мал-мүлктүн ээси болот."


📘 “Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар, китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Dec, 11:15


Аали Имран сүрөсү 31-32-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

05 Dec, 04:01


🔰 ИСТИГФАР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Мен айттым: Жараткан Эгеңерден кечирим сурагыла! Анткени ал - Кечиримдүү!" ("Нух" сүрөсү; 10-аят)

🌴 ХАДИС: "Кимде-ким жатаарда үч жолу: "Астагфируллох, аллазий лаа- илааха иллаа хувал хаййул-каййуум (Андан башка Кудай жок, Ал тирүү, баардыгын кармап туруучу улуу Аллахтан күнөөлөрүмдүн кечирүүсүн суранамын)" деп айтса, Аллах Таала жасаган күнөөңөр деңиз суусунун тамчыларынан көп болсо да, кечирет". (Тирмизи, Даават, 17)

🌴 ОКУЯ: "СЕН БАЗАРДА КҮНӨӨ КЫЛ...

Жунайд Багдади олуянын шакирттеринин бири Абу Амр мындай дейт:

"Күндөрдүн биринде базарда жүргөнүмдө, сулуу аялды көрүп калып, аны кайра-кайра карадым. Андан кийин ката кылганымды сезип, "Истигфар" (кечирим) дубасын окудум. Кечке жуук үйгө келсем, үйдө жубайым бар экен.

Ал:

- Мырзам бүгүн жүзүңүз карайып калыптыр, кызык, эмне себептен болду экен? - деп сурады.

Мен бош бөлмөгө барып, күзгүгө карансам, чындап эле жүзүм капкара болуп калыптыр. Эмне себептен болгонун ойлонуп отурганымда, эсиме баягы базардагы аял түштү. Ошондон кийин бир үңкүргө кирип алып, кырк күн көз жашымды көл кылып ыйладым. Күнөөмдүн кечирилиши үчүн Аллахка жалбардым. Кырк күндөн кийин оюма Жунайд Багдади олуя келди. Мен Багдади Шейхтин сарайына барып эшигин тыкылдатканымда, ал мага:


- Кир, Абу Амр. Сен базарда күнөө кыл, а биз Багдадда истигфар кылалы, ошондойбу? - деди".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Dec, 11:55


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

04 Dec, 03:55


🔰 МОМУН - МУСУЛМАНДАР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ким Жаратканга күнөөкөр болуп барса, албетте, ал үчүн тозок бар. Ал жерде ал жашай да, өлө да албайт. Ал эми ким Ага ыйман келтирген абалда жакшылык иштери менен барса, мына ошолорго эң жогорку даражалар даярдалган". ("Тоха" сүрөсү; 74-75-аят)

🌴 ХАДИС: "Момун - мусулман адамдын абалы таң калычтуу! Анткени жасаган ар бир ишинде жакшылык бар. Бул нерсе бир гана Момун-мусулманга тиешелүү, башкаларга эмес. Ал ыраазы боло турган нерсеге туш болсо, шүгүр кылат. Бул өзүнчө жакшылык . Ал эми ага зыян келе турган болсо, сабыр кылат. Бул дагы өзүнчө жакшылык".

🌴 ОКУЯ: ЧЫНЫГЫ МОМУН - МУСУЛМАН.

Айтылуу Имам Аазам күндөрдүн биринде адаттагыдай эле элге шарият маселелери жөнүндө сөз кылып жаткан эле. Элдин арасынан бир адам Имам Аазамга кайрылып:

- Бир киши бар. Ал бейишти каалабайт, тозоктон коркпойт, өлүктүн этин жейт, руку - саждасыз намаз окуйт, көрбөгөнүнө күбө болот, фитнаны жакшы көрөт жана акыйкатты тилебейт. Бул киши каапырбы же момунбу? - деп сурайт.

Ал жердегилердин баары бир ооздон:

- Булар каапырдын сыпаттары, мындай адам каапырдын дал өзү! - дешет.
Имам Аазамдын бир саамга унчукпай отуруп калганын көргөн эл:
- Эй, Имам! Сен буга кандай карайсың? - деп суроолуу карашат.
Имам Аазам:
- Булар момун-мусулмандын сыпаттары, бул момун-мусулмандын дал өзү! - дейт.
Элдер:
- Эй, Имам! Момун-мусулман бейишти кантип каалабайт, тозоктон кантип коркпойт? - деп каршы чыгышат.
Анда Имам Аазам баштан-аяк төкпөй-чачпай түшүндүрүп:
- Чыныгы (көптү билген) момун-мусулман бейишти каалабайт, Жараткан Аллахты каалайт! Тозоктон коркпойт, Жараткан Аллахтан коркот! Өлүктүн эти дегени - балык. Ал эми көрбөгөнүнө күбө берет дегени - ал Аллахты көрбөйт, бирок ага чын ыкластан ишенип, Анын жападан жалгыз Аллах экенине күбөгө өтөт. Руку - саждасыз окуган намазы болсо - жаназа намазы. Фитнаны жакшы көрөт, анткени, фитнадан максат - бул мал-мүлк жана бала-чака (Ыйык Куранда мал-мүлк, бала-чака момун-мусулмандар үчүн фитна б.а. , сынак экени маалымдалган). Акыйкатты тилебейт, себеби ал-өлүм, момун-мусулман адам өлүмдү тилебейт, - дейт.


📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Dec, 11:15


Бакара сүрөсү 28-29-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

03 Dec, 04:01


🔰 СООП

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
Аллах Өзүнүн туура жолу менен жашоого умтулгандардын хидаятын арттырат (ыйманын бекем кылат). Жараткандыктан алдында дайыма жакшылык кылуунун сообу берекелүү болуп, адамды эң сонун жерге алып барат (Марям; 76).

🌴 ХАДИС: Ким жакшы бир ишке ниет кылып, бирок аны аткара албай калса, Аллах Таала ага бир сооп жазат (Табарани, Абу Дауд).

🌴 ОКУЯ: СООП ТАБУУ ҮЧҮН

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) даарат алгандан кийин сахабалары Пайгамбарыбыздын даарат суусун алып, бети-башына, дене-боюна сүртүп жатышты.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

- Эмне кылып жатасыңар? — деп сурайт.

Кутман сахабалар:
- Берекеге туш болуп, сооп алуу үчүн кылып жатабыз — дешет.

Анда Пайгамбарыбыз:

- Ким Аллахтын жана анын элчисинин жакшы көргөнүн каалап жатса, чындыкты сүйлөп, аманатка кыянаттык кылбай, кошунасына зыян келтирбесин — дейт.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Dec, 11:02


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

02 Dec, 03:00


🔰 АРТЫКЧЫЛЫК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Силерден кеңчилик, молчулукка ээ болгондор, өзүнүн жакындарына, карып-бечараларга жана Аллах жолунда жүргөндөргө берүүдө сараңдык кылышпасын. Кечиришсин жана элдешсин. Аллахтын силерди кечиришин каалабайсыңарбы?! Аллах - Кечиримдүү, Боорукер!" ("Нур" сүрөсү; 22-аят)

🌴 ХАДИС: "Бейиштегилер бийик-бийик хансарайларда жашагандарды (ахлу гураафтарды) көрөт. Кудум берметтей жаркып чыгыштан батышка карай кайып учкан жылдыздарды көргөндөй көрүшөт. Араңардагы айырмачылык мына ушундай: алар ошондой бийиктикте көрүнөт". (Муслим, Жаннат 11, 2831)

🌴 ОКУЯ: ЭҢ БЕРЕКЕЛҮҮ ЖАКШЫЛЫК

Азирети Айша мындай дейт: "Мен Пайгамбарыбызга (с.а.в.): «Эй, Аллахтын Элчиси! Эң берекелүү жакшылык - бул жихад экенин көрүп жатабыз, биз дагы жихадга чыксак болбойбу?» деп сурадым. Аллахтын Элчиси мындай жооп берди: «Жихаддын эң берекелүүсү, эң жакшысы - бул чын ыклас менен толук аткарылган ажылык!» ".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Dec, 11:25


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

01 Dec, 03:55


🔰 АСР НАМАЗЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
Намаздарга жана ортонку намазга сак болгула! Аллахка чын көңүлүнөр менен моюн сунган абалда тургула! (Бакара; 238).

🌴 ХАДИС: Аллах алардын үйлөрүн да, мүрзөлөрүн да отко толтурсун! Биздин ортоңку намазыбызды окууга тоскоол болушту. Күн батканга чейин окуй албадык (Пайгамбарыбыз бул сөзүн Хандак согушунун маалында бутпарастар тоскоол болгондуктан окулбай калган аср намазы туурасында айткан) (Аз. Али).

🌴 МАСЕЛЕ: АСР НАМАЗЫ

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен бир нече казаттарга катышып, буларды көрдүм: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) таң аткандан күн чыкканга чейинки убакытта согушту токтотор эле. Күн чыгары менен түшкө чейин согушууну кайрадан баштатар эле. Чак түштө согушту токтотуп, күн батышка жантайганга чейин тыныгууга убакыт бөлө турган. Түш ооган чакта аср маалына чейин согушуп, аср маалында аср намазын окуганга чейин тыныктырып, кайрадан согушка аттана турган. Бул убакта (башкача айтканда түш маалында) жардамга келген шамал согуп, момун-мусулмандар намаз окуп мусулман кошууну үчүн дуба кылышкан.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Nov, 11:05


Худ сүрөсү 49-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

30 Nov, 04:11


🔰 ТАХАЖЖУД НАМАЗЫН ОКУГУЛА

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.


Жараткан Аллах Таала Ыйык Куран аяттарында түнкү намаздарга тургандар жөнүндө атайылап токтолот:

“Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат”.
(Сажда сүрөсү 16-аят)

“Алар түн ичинде бир аз убакыт гана укташкан. Таң эрте менен Алладан кечирим сурашкан”
(Зарият сүрөсү 17-18-аят)

Пайгамбарыбыз (ﷺ) мындай деген:
“Түнкү намазды дайыма окугула. Анткени, түнкү намазды окуу силерден мурун өткөн жакшылардын адаты, Жараткан Эгеңерге багынуунун белгиси. Жамандыктарды жаап, күнөө жасоодон сактайт” (Тирмизи, Даават, 101).

Пайгамбарыбыздын (ﷺ) тахажжуд намазы тууралуу айткан хадистери өтө көп, бир канчасын далил катары айтсак:

Парз намаздардан кийин эң сонун намаз - түнкү намаз” деп айткан. (Муслим, Сыям 202)

"Силер тахажжуд намазына көп көңүл бургула, анткени, тахажжуд намазы силерден мурунку өткөн коомдогу (салих) жакшы адамдардын Аллага жакындатуучу, жамандыктан алыстатуучу, күнөөлөрдөн кайтаруучу, денеден ооруну айдоочу (кетирүүчү) жана дилди тазалоочу "куралы" болгон" (Ахмад жана Тирмизий).

“Тахажжуд күнөөлөрдү кечиртет жана ооруларга шыпаа берет” [Тирмизи]

“Тахажжуд окуу адаты болуп туруп уктап калган адамга Аллаху Таала окугандай сооп берет, уйкусу болсо өзү үчүн бир садага болот” - деп айткан. [Насаи]

Ибну Хааж айтты:

“Катуу шамал теректин куураган жалбырагын учуруп кетирген сыяктуу, Тахажжуд намазы да адамдын күнөөсүн учуруп кетирет”.

Чындыгында тахажжуд намазынын пайдасы бул дүйнөдө да жана акыр кыяматта да өтө көп. Ал эми бизге эң маанилүү болгон пайдасы, акыр кыяматта бейишке кирүүгө себеп болот. Аллахым бизди тахажжуд намазын калтырбай окуучулардан кылсын.

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.mе/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

29 Nov, 11:05


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

29 Nov, 01:40


☪️ Жума намазынан кийин ким ушул дубаны окуса, Аллах Таалам өзүнөн башка эч кимге муктаж кылбайт.

يا غَنِيُّ يا حَميدُ يا مُبْديءُ يا مُعِيدُ يا رَحِيمُ يا وَدُودُ اَغْنِني بِحَلآلِكَ عَنْ حَرامِكَ وَاكْفِني بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِواكَ

🍃Окулушу:
“Яа Гонию я Хамииду я Мубдии'у я Муъииду я Рохииму я Вадууду агнинии би халаалика ъан хароомика вакфинии бифадлика ъамман сиваак”.

🍃Мааниси:
“Оо, муктажсыз, Оо, макталуучу Зат, баардык нерсени башынан бар кылган, жок болгон нерселерди кайтадан бар кылуучу. Оо, Аллахым акыретте бир гана момундарга мээрман. Баардыгына жакшылык кылуучу мага адалдан ырыскы берип арамдан сакта, өз улуулугуң менен башкалардан, мага жетиштүү бол”.

📘 “Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар, китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

28 Nov, 11:05


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

28 Nov, 04:00


🔰 АДИЛЕТСИЗДИК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ал күнү ар бир жан ар бир ишинин кайтарымын алат. Ал күнү (ийненин көзүнчөлүк) адилетсиздик болбойт. Ырас, Аллах Таала эсепти тез алуучу Зат!" ("Гаафир" сүрөсү; 17-аят)

🌴 ХАДИС: "Аллах эч бир момун-мусулманга жасаган жакшылыгын эске албай койбойт. Ага зулумдук кылбайт. Жасаган ар бир жакшылыгынын кайтарымын бул дүйнөдө да, акыретте да өзүнө кайрып берет. Каапыр болсо, жасаган жакшы иштеринин акыбети бул дүйнөдө ашыкчасы менен берилип, акыретке барганда бир да жакшылыгы калбай калат". ("Аз. Анас ибн Малик)

🌴 ОКУЯ: "МЕН АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛДЫМБЫ?.."

Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт:

Силерден мурунку үммөттөргө салыштырганда силердин амалыңар, түш оогон мезгилден баштап, күндүн батканына чейин мөөнөт сыяктуу. Тоорат элине "Тоорат" берилди. Алар күндүн жарымына бешим убактысына чейин эле амал кылышты. Андан ашыкча улантпагандыктан, аларга ырыскы берилди. Инжил жамаатына "Инжил" берилди. Алар дагы күндүн ортосуна (аср убактысы) чейин эле амал кылышты. Андан ашыкча улантпай койгондуктан, аларга да ырыскы берилди. Андан кийин бизге Куран берилди. Биз күндүн батканына чейин амал кылдык. Биздин акыбыз эки эселеген ырыскыдан берилди. Эки китептин ээлери Аллах Таалага кайрылып:

- Оо, Жараткан! Сен буларга эки эселеген ырыскы бердиң, а бизге бир аз эле ырыскы бердиң. Бирок биз, амал жактан алардан ашып түшөбүз, - дешти.

- Мен ырыскыңарды кемитип, адилетсиздик кылдымбы? - деди Аллах Таала.


- Жок, - дешти эки китеп ээлери.

- Андай болсо, бул менин ырайымым, аны каалаганыма берем! - деди Аллах Таала.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.mе/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

27 Nov, 11:05


Ниса сүрөсү 3-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

27 Nov, 03:31


🔰 УБАДА

🌴 АЯТ:
"Силерге убада кылынган нерселер жакында сөзсүз болот!". ("Мурсалат" сүрөсү; 7-аят)

🌴 ХАДИС: "Бир тууганың менен тартышпа! Анткени талашып - тартышуунун эч пайдасы жок, андан эч нерсе чечилбейт, аткара албасаң убада бербе!" (ибн Аббас)

🌴 ОКУЯ: АЛЛАХ БЕРГЕН УБАДАСЫН СӨЗСҮЗ АТКАРАТ!

Азирети Умар (р.а.) мындай дейт: "Бадр согушунда Аллахтын Элчиси мушриктерге көз салса, алардын аскерлери миңге чукул экен. Ал эми Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үч жүз он тогуз гана сахабасы болгон. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кыбылага карап, алакан жайып минтип дуба кылды: "Оо, Жараткан Аллахым! Мага убада кылган жеңишти ыроолой көр! Мени жеңишке жеткире көр! Оо, Аллахым! Эгер ислам жамаатынын бул бөлүгүн жок кыла турган болсоң, жер жүзүндө сага ибадат кылынбай калат!"

Аллахтын Элчиси (с.а.в.) алаканын асманга жайган калыбынан жазбай Аллахка жалбара берди. Анын чапаны ийнинен түшүп калгандыгын көргөн Азирети Абу Бакр (р.а.) аны ийинине көтөрүп, аркасынан кармап кучактады да:

- Эй, Аллахтын Элчиси! Ушунча жалбарганың да жетишээр чыгаар. Аллах Таала берген убадасын сөзсүз аткарат! - деди.

Ошол учурда Аллах Таала:

«Силер Жараткан Эгеңерден жардам сураган учурда, Ал силерге жооп кылып, а мен болсо силерди сап-сап болгон миңдеген периштелер менен колдойм» ("Анфал" сүрөсү; 9-аят) деген маанидеги аятын түшүрдү.

Ошентип, Аллах Тааланын периштелери Аллахтын Элчисине (с.а.в.) жардамга келишти".


📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

26 Nov, 11:35


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

26 Nov, 04:00


🔰 КЕРЭЭЗ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ага Жараткан Эгеси "Мага моюн сун" дегенде: "Мен ааламдардын Ээсине моюн сундум" деди. Ибрахим да, Якуб да балдарына керээзин айтып: "Балдарым! Аллах силерге ушул динди тандап берди. Силер мусулман катары жан бергиле!" дешти". ("Бакара" сүрөсү 131-132-аят).

🌴 ХАДИС: "Бир мусулман бир нерсени керээз кылып таштайын деген чечимге келген соң арадан эки түн өткөрсө да, аны жанына жазып даярдап койбогону туура эмес". (Сахихи Муслим)

🌴 МАСЕЛЕ: ШЕЙХ ЭДЕБАЛЫНЫН ОСМОН ГАЗИГЕ БОЛГОН КЕРЭЭЗИ

"Уулум! Эми мырза болдуң. Мындан кийин ачуулануу бизден, ак көңүлдүк сенден. Ызалануу бизден, көңүл алуу сенден. Күнөөлөө бизден, баш ийүү сенден. Алсыздык бизден, сабырдуулук сенден. Түшүнбөстүктөр бизден, адилеттик сенден. Адилетсиздик бизден, кечиримдүүлүк сенден.

Уулум! Сабырдуулукту бил, дарак мезгилинен мурда гүл ачпайт. Муну дагы унутпагын! Элдин жашоо шартын оңдосоң, мамлекет дагы гүлдөп өсөт. Уулум! Милдетиң оор жана татаал. Күчүң кылга да көз каранды. Аллах колдоочуң болсун!"

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

25 Nov, 11:00


Ахкаф сүрөсү 15-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

25 Nov, 03:20


🔰 СЫЙ - УРМАТ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Эгерде биз бул Куранды бир тоого түшүрсөк, анда сен ал тоонун бүжүрөйгөн абалда Аллахтан коркконунан жарылып кеткенин көрөт элең. Буларды адамдарга мисал келтирип жатабыз. Мүмкүн алар ойлонушаар". ("Хашр" сүрөсү; 21-аят)

🌴 ХАДИС: "Жылаңач болуудан сактангыла! Анткени силердин жаныңарда ажатканага киргениңерде жана эркек жубайына жакындаганда гана алыстаган периштелер бар. Алардан уялгыла жана аларга сый-урматта болгула!". (ибн Умар, Кутубу Ситта, 2679)

🌴 ОКУЯ: АТАГА БОЛГОН СЫЙ - УРМАТ

Баддиуззаман Саид Нурси бир мезгилдерде Ванда Вали Тахир пашанын сарайында конок болот. Күндөрдүн биринде Саид Нурсиге аны айылдык карапайым киши күтүп турганын айтышат. Ал ошол замат барып эшикти ачса, атасы турган экен. Баддиуззаман сүйүнүчүнөн атасынын кучагына кирип, аны өпкүлөйт. Ал - абалын сурап, апасынан жана бир туугандарынан кабар алат. Мирза мырза эшиктин оозунда турган уулуна:

- Уулум, бул жердегилерге мени сенин атаң экенимди айтпа, - деп эскертет.

Баддиуззаман атасынын алдына түшүп жол көргөзүп, ичкериге киргизет. Эс алуу бөлмөсүнө киришкенде, губернатор жана шаар башчыларынын алдыңкылары отурган болот. Мирза мырза тартынгандыктан босогого жакын жерге отуруп алат. Баддиуззаман атасынын эскертүүсүнө карабастан, атасын отургандарга сыймык менен тааныштырып:

- Мына бул адам - менин атам Мирза, - дейт.

Андан кийин атасын босогодон төргө өткөзөт. Ал барып Вали Тахир пашанын жанындагы стулга отурат. Албетте ага тиешелүү жер ошол жер болчу. Чындыгында, ата ар нерсенин алдында жана башында болушу керек.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

24 Nov, 11:15


Лукман сүрөсү 33-34-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

24 Nov, 04:06


🔰 ӨЛҮМ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ар бир жан өлүмдүн даамын татат". ("Алу Имран" сүрөсү; 185-аят)

🌴 ХАДИС: "Адамдар эки нерсени жаман көрүшөт: өлүмдү жана дүйнө-мүлктүн аз болгонун. Чынында өлүм мусулман баласы үчүн бузукулуктан, уруштан алда канча жакшы. Ал эми дүйнө-мүлктүн аз болгону - кыяматта сурактын жеңил болгону". (Махмуддан (р.а.) Ахмед)

🌴 ОКУЯ: "АЛ МЕНИ КААЛАДЫ..."

Жунайд Багдади кыштын кыраан чилдесинде отко сыйынган бир адамдын куштарга жем чачып жатканын көрөт. Андан кийин алардын ортосунда төмөнкүдөй баарлашуу болуп өтөт.

- Сен оюңда жакшылык кылып жатам деп ойлоп, өзүңдү бекерге убара кылып жатасың. Аллах Таала оболу ыйманды парз кылган, калган садака-соопту андан кийин буйрук кылган. Ыйман келтирмейинче, сенин бул жакшылыгыңдын Аллах үчүн эч мааниси жок.

- Билем, анын кабыл болбостугун. Бирок Аллах бул кылганымды кантип көрбөй-билбей койсун?

- Албетте, көрөт жана билет.

- Андай болсо, ошол да мага жетет.

Ошентип, ал кылган ишин уланта берет. Арадан бир нече күндөр өткөндөн кийин, Жунайд Багдади ажылык маалында Харам мечитин (Каабаны) тегеренип жатканда, бир адамдын Аллахка жалбарып көз жашын көл кылып ыйлап жатканын көрөт. Жакшылап көңүл буруп караса, ал адамдын ызгаардуу кышта канаттуу-куштарга жем чачкан, отко сыйынган баягы адам экенин көрөт. Тегеренип бүткөндөн кийин, анын жанына барат. Отко сыйынган адам аны таанып:


- Көрдүңбү, Аллах - Көрүүчү, Билүүчү, - деп келме келтирип, ошол замат жан берет.

Ошол маалда Жунайд Багдадиге Аллах тарабынан мындай кайрылуу келет: "Эй, Жунайд! Сен Каабаны каалап келип, ага жолуктуң. А ал болсо мени каалап, мага жетти".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

16 Nov, 11:30


Иброхим сүрөсү 42-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

16 Nov, 04:01


🔰 ТОЗОКТУН САКЧЫЛАРЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Алар топ-топ болуп отко ыргытылган сайын тозоктун кайтаруучулары алардан: "Силерге эскертүүчү келбеди беле!" деп сурашат". ("Мүлк" сүрөсү; 8-аят)

🌴 ХАДИС: "Кабарыңар болсун, мен көп адамдарды шафаатым менен тозок отунан куткарам. Кээ бирлери менден алыстатылат (б.а. аларды тозоктун сакчылары алып кетишет)".

🌴 ОКУЯ: АЛЛАХТЫН ТОЗОКТОГУ САКЧЫЛАРЫ

Азирети Ибн Аббас (р.а.) мындай дейт:

Аллахтын Элчиси (с.а.в.) намаз окуюн деп жаткан. Абу Жахл жанына келип:
"Мен сага муну тыюу салган эмес белем?: деди. Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага өзүнө жараша жооп берди. Анда Абу Жахл: "Чындыгында билесиң, бул жерде менин үй-бүлөмдөн ашкан чоң үй-бүлө жок" деп айтты. Ошол учурда Аллах Таала ардактуу Пайгамбарыбызга (с.а.в.):

"Ал үй-бүлөсүн чакырсын. Биз тозоктогу сакчыларды чакырабыз..." деген аятын түшүрдү. ("Алак" сүрөсү 17-18-аяттар) Кудай акы, Абу Жахл үй-бүлөсүн чакырганда, Аллахтын тозоктогу сакчылары аны өлүмгө алып кетишмек".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

15 Nov, 11:15


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

15 Nov, 01:25


☪️ ЖУМА КҮНДҮН АДЕБИ

1 – ПАЙГАМБАРГА САЛАВАТ АЙТУУ


Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында, силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: “Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!” – деп айтышканда аларга Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп жооп берди: “Чындыгында, Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койду”. (Абу Дауд, 1399)

2 – ЖУМА КҮНҮ ЖУУНУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Жума күнү жуунуу ар бир балагатка жеткен адамга (милдет) болот”. (Бухари, 846)

Салман Фариси, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Эгер силердин кимдир-бирөөңөр жума (намазына) бара турган болсо, анда жуунсун!” (Бухари, 788)

3 – ЖУМА НАМАЗЫНА ЧЕЙИН НАФИЛ НАМАЗДАРДЫ ОКУУ ЖАНА ЖЫПАР ЖЫТТАН СЕБИНҮҮ

Салман Фариси, радыяллахунун риваятында, Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Эгер (бир адам) жума күнү жуунса, колунан келишинче тазаланып, (чачын жана денесин) жыттуу атырлар менен сүртүп же үйүндө кандай жыттуу нерсе болсо ошону менен сүртүнсө, андан кийин (мечитке кирген кезде) отурган адамдарды түрткүлөп зыян келтирбесе, андан кийин (жума намазы башталганга чейин тагдырына жазылгандай) намазын окуса, андан кийин имам хутба кылып баштаганда унчукпай угуп отурса, анда ал адамдын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари, 883)

4 – ЖУМАГА ООЗДУ ТАЗАЛАП БАРУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Ар бир бойго жеткен мусулман жума күнү жуунуусу керек. Жана (тишин) мисвак менен тазалап, колунан келишинче жыпар жыттуу нерселерди колдонуусу керек”. (Бухари, 858)

5 – ЖУМАГА ЭҢ ЖАКШЫ КИЙИМДЕРИН КИЙИП БАРУУ

Абу Саид аль-Худри жана Абу Хурайра, радыяллаху анхумадан риваят. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты: “Кимде-ким жума күнү жуунуп, (тишин) мисвак менен тазалап, өзүндө бар жыпар жыттуу нерселерин колдонуп, эң жакшы кийимин кийип, андан кийин мечитке барган кезде адамдардын үстүнөн аттабай, андан кийин каалашынча (нафил) намазын окуп, андан кийин имам хутба кылып намаз окулуп бүткөнгө чейин унчукпай отурган болсо, анда анын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет”. (Абу Дауд, 343)

Жума маарек болсун! 🌹🤗

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

14 Nov, 11:10


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

14 Nov, 03:10


🔰 ШАМАЛ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Аллах шамалдарды жиберет да, булуттарды жылдырып, аны өз каалоосу боюнча асманга жаят. Булуттарды кыймылга келтирип турат. Ошондо алардан жамгырдын чыкканын көрөсүң. Ал жамгырды пенделеринен каалаганына жеткирет. Ошол убакта алар кубанычка ээ болот". ("Рум" сүрөсү; 48-аят)

🌴 ХАДИС: "Момун-мусулман үзгүлтүксүз соккон шамалдын таасиринен ийилген өсүмдүккө окшойт. Момун арка-аркасына келген кырсык менен бирге болот. Эки жүздүүнүн мисалы карагай дарагына окшош. Кесип салмайынча эч термелбей тура берет". (Абу Хурайра)

🌴 ОКУЯ: ШАМАЛ МЕНЕН ЖАМГЫРДЫН СҮЙҮҮСҮ

Каф тоосунун аркасындагы шамал менен жамгырдын сүйүүсү - ооздон-оозго айтылып келе жаткан уламыш. Шамал акылынан тайып, булуттар бир аз үшүп, жамгырды алып келсин деп үзгүлтүксүз сого турган. Жамгырдын көздөрүнө, аруулугуна, жөнөкөйлүгүнө ашык болуп калыптыр. Жамгыр күнүгө эртең менен төмөнкүчө дуба кылчу экен: "Аллахым! Суранам сизден, бүгүн шамал соксо экен, жан дүйнөсүн жүрөгүмдө, колдорун көздөрүмдө сезейин!"

Бири-бирине ашык болушканы менен, шамал жамгырга, жамгыр шамалга жакындай албачу. Анткени качан шамал менен жамгыр бирге болгондо, ашыктыктын оту болгон бороондор айдап кетчү экен. Бороондун айынан бири-бирине жакындай албастыгына көзү жеткен жамгыр капа болуп, ыйлачу.

Майда-майда болгон тамчылар асмандан жаай баштаганда шамалдын колдорун сезгиси келген жамгыр көз жашын жер жүзүнө агызып, шамалды элестете турган.

Качан дарактарды шыбыратып шамал сого баштаганда, жамгырдын кайгысынан улам коёрго жай таппай, бутактардын арасына жашынып алып, бугун чыгарчу экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

13 Nov, 12:05


Бакара сүрөсү 286-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

13 Nov, 03:01


🔰 ӨЛҮМ АР БИР ЖАНГА ЭСКЕРТҮҮ!

Кандай эскертүү?


Куранда Аллах Таала эскертип мындай дейт:

كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۗ

“Ар бир жан өлүм даамын татуучу” (Аали Имрон сүрөсү 185-аят)

Аллах Таала ар бир жан өлүүчү экенин айтып, эскертип жатат. Сен дагы бир күн бул дүйнөдөн өтөсүң. Сен да Аллахка кайтып баруучусуң. Өлүмдү эстөө жамандык эмес! Кайра ал сен үчүн жакшылык! Кандай жакшылык бар өлүмдө? Ал сага сенин өлүмүңдү өлүүчү экениңди эскертип турат. Күнөө иштериңден тыйып, соопту амалдарды жасап калууңа жардам берет! Бул тууралуу бир икая айтайын:

Дауд (а.с.) пайгамбар аябай күчтүү жана кызганчаак болгон. Ал өз үйүндө чоочун бирөөнү көрүп калса, аябай ачууланчу. Жана анын үйүнө өзү каалаган адамдардан башка эч ким кире алчу эмес. Бир күнү сырттан келсе, короосунан бирөөнү көрөт. Аябай ачууланып: ”Эй, сен кимсиң? Менин короомо кимден уруксат сурап кирдиң?” -деп сурайт.
Жанагы киши: “Биз эч кимден уруксат сурабай келебиз” -деп жооп берет.
Дауд (а.с) пайгамбар бул киши Азреил (өлүм периштеси) (а.с.) экенин билет да: “Менин өлүм даамын тата турган күнүм келдиби?” -деп сурайт.
Азреил (а.с.): “Ооба” -деп жооп берет. Ошондо Дауд (а.с.) пайгамбар: “Эмнеге мага алдын эскертүү берилген жок?” -дейт. Азреил (а.с.):
- Биз сага эскертүү бердик..

- Кантип? Мага эч кандай эскертүү берилбеди го?
- Сенин баланча агаң кайда? - деп сурайт Азреил (а.с)
- Ал өлгөн..
- Сенин баланча эжең кайда?
- Ал да өлгөн…
- Сенин баланча кошунаң кайда?
- Ал да өлгөн..
- Мына ошолор сага эскертүү болчу -деп жооп берип, анын жанын алды…

Мынакей, тууганым. Бизге ар бир нерсе өзүнчө эскертүү, сабак, үлгү! Биз өзүбүзчө келечекке чоң - чоң максаттарды коюп, үмүт кылабыз ээ? Бирок, ошол эле учурда өлүмдү өлөөрүбүздү да унутпашыбыз керек.

Аллах Таала Куранда мындай дейт:


“Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсыл жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах - Билүүчү, Кабардар!”. (Лукман сүрөсү 34-аят)

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

12 Nov, 11:02


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

12 Nov, 04:35


🔰 ОЙЛОНУУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Жаратуучу менен жарата албаган бирдей болобу?! - Эсиңерге келбейсиңерби?" ("Нахл" сүрөсү; 17-аят)

🌴 ХАДИС: "Бир саат ойлонууң бир жылдык ашыкча ибадаттан жакшыраак".

🌴 МАСЕЛЕ: СОГУП ТУРГАН ЖҮРӨК МЕНЕН ОЙЛОНУУ.

Бадиуззаман ойлонуу тууралуу мындай деген: "Ойлонуу муздак жана тунарган капилеттиктен эриткен нур сымал. Ойлонуу абай болууну, караңгылыкты, куру кыялды күйгүзгөн от сымал. Өз жаның жөнүндө ойлогонуңда, ички дүйнө муктаждыгында үзгүлтүктүү ойлорго бат. Дүйнөнү ойлогонуңда, сырткы көрүнүш зарылдыгында бат-баттан ойлон! Терең ойго батпа! Согуп турган жүрөк менен бир саат ойлонуу, капилет ичинде бир жыл ибадат кылуудан дагы жакшы".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

11 Nov, 11:01


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

11 Nov, 03:40


🔰 ЧАГЫЛГАН

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Чагылган алардын көзүн алып кетүүгө даяр. Качан жарк дей түшкөндө, алар басып жөнөшөт, караңгыласа, туруп калышат. Эгерде Аллах кааласа аларды дүлөй жана сокур кылып коймок. Акыйкатта, Аллах - бардыгына кудурети жетет". ("Бакара сүрөсү; 20-аят)

🌴 ХАДИС: "Пайгамбарыбыз (с.а.в.) асман дүңгүрөп, чагылган чартылдаганда бул дубаны окуй турган: "Аллахым бизди каарың менен өлтүрбө, азабың менен жок кылба, бул азабыңдан мурун бизге аманчылыкта өлүм бер!" (ибн Умар)

🌴 ОКУЯ: ЧАГЫЛГАНДАЙ ТЕЗ...

Күндөрдүн биринде аалымдардын бири Судди Мурра ал-Хамаданинин зыяратына барат. Маектешип отурганда Хамаданиден "Силерден эч ким тозоктун алдында болбой кала албайт" ("Марям" сүрөсү; 71) деген аяттын маанисин сурайт. Хамадани Суддинин суроосуна жооп катары төмөнкү хадисти окуйт: "Адамдар отко киришет, андан кийин кылган ишине карата оттон чыгышат. Алардын эң алгачкы тобу чагылгандай тез чыгат, экинчи топ болсо жамгырдай болуп чыгат. Анан аттын ылдамдыгындай, атты минүүчүнүн ылдамдыгындай, андан кийин жөө жүгүргөндөй, эң аягында жөө баскандай болуп чыгат".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

10 Nov, 11:01


Юнус сүрөсү 107-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

10 Nov, 04:25


🔰 ПЕРИШТЕЛЕР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ошондо Аллах өзүнүн периштелерине: "Мен жер үстүнө орун басар жаратамын" деди. Алар: "Анда жерде бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана сени улуулайбыз", дешти. "Акыйкатта, мен силер билбеген нерселерди билемин" деди Аллах". ("Бакара" сүрөсү; 30-аят)

🌴 ХАДИС: "Өзүңөргө жаман тилек тилебегиле, жакшы тилек кылгыла! Анткени периштелер ар бир кылган тилегиңерге "Оомийин!" дешет. (Муслим, Жанаиз 7, (920); Тирмизи, Жанаиз 7 (977))

🌴 ОКУЯ: АЛЛАХТЫН ПЕРИШТЕЛЕРИ

Азирети Абу Хурайра (р.а.) мындай дейт: "Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "Бир мусулман жаны чыгайын деп жанталашып жатканда, өлгөнгө сооп тилеген ак жибекчен периштелер келип, мындай дешет: "Сен ыраазысың, Аллах дагы сенден ыраазы, бул денеден чык! Аллахтын ырайымы менен райхан бейишине жана Мээримдүү Аллахка жанаш!" Ошондон кийин жан мисктин жытынан дагы эң жыттуу болуп чыгат. Периштелер бири-бирине жанды беришип асманга көтөрүлүшөт. Алар: "Сизге, жерден келген бул жыпар жыт аябай жагымдуу экен!" дешет. Андан кийин ал жанды момундардын жандарына алып келишет. Алар ал жандын келишине, силердин бирөөңөр, жоготуп алган нерсесин таап алгандагы сүйүнүчтөн өтүп, аябай сүйүнүшөт. Андан: "Баланча эмне кылып жатат? Түкүнчө эмне кылып жатат?" деп, жерде калган адамдар жөнүндө кабар сурашат. Периштелер: "Тийишпегиле, анда дагы деле жан чыгаар алдындагы алдастоосу бар" дешет".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

09 Nov, 11:15


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

09 Nov, 03:15


🔰 ШЕК САНОО

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Чындыгында, ал - кыяматтын - белгиси. Ошондуктан андан шектенбестен мени ээрчигиле! Мына ушул - туура жол!" ("Зухруф" сүрөсү; 61-аят)

🌴 ХАДИС: "Шектүү нерселерден кач, шексиз нерселерге жанаш!" (Бухари, Буюуьу, 3; Тирмизи, Кыяма 60)

🌴 ОКУЯ: "ЖҮРӨГҮМДӨ КЫПЫНДАЙ ШЕК ЖОК!"

Күндөрдүн биринде эл арасындагы байлардын бири Ислам аалымы Фахраддин Разини бакчасына дасторкон жайып конокко чакырат. Коноктордун арасында кадырлуу аалымга бейтааныш бир адам отурган эле. Фахраддин Рази маек куруп олтурган кезде баягы бейтааныш конок аалымга кайрылып:

- Исламдын максаты Аллахты таануу болсо, анда сиз Аллахты кандай тааныйсыз? - деп сурап калат.

Фахраддин Рази:

- Аллах Тааланы жүз далил жана жүз күбөсү менен тааныйм, - деп жооп берет.

- Андай болсо, айтып бериңизчи. Күбө менен далил шектерден арылуу үчүн керек эмеспи? Демек, сизде да ушунча шек болгон экен. Ар бирине далил таап, ошол далилдер менен шектен арылыпсыз. Аллах Таала мага ушундай ыйман берген, жүрөгүмдө кыпындай шек жок. Менде болбогон нерседен арылуу үчүн далилдерге эмне үчүн муктаж болушум керек? - дейт.

Бул жооптон кийин ал жердегилердин баары жымжырт болуп калат. Бир топтон кийин Фахраддин Рази ордунан обдула туруп, бейтааныш конокко:

- Колуңузду сунуңуз, өбөйүн. Сиз жөнөкөй адам эмессиз. Ыйманы бекем такыбаа адамсыз, жан дүйнөнүн султанысыз, - дейт.

Анда Фахраддин Разинин кулагына жанындагы бирөө:

- Сиз маектешип жаткан адам - Нажмуддин Кубра олуя, - дейт шыбырап.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

26 Oct, 11:55


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

26 Oct, 03:50


🔰 ЫРААЗЫ БОЛУУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Аларга Жараткан Эгеси тарабынан төмөн жактарында дарыялар агып турган бейиш бактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет. Аллах аларга ыраазы болот жана алар да Аллахка ыраазы болушат. Бул - Жараткан Эгесинен корккон такыбаалар үчүн гана". ("Баййина" сүрөсү; 8-аят)

🌴 ХАДИС: "Адам баласынын бакытка жетишинин бир себеби бул Аллах Тааланын өкүмүнө ыраазы болушу. Ал эми (жашоосуна наалып) арызданышынын бир себеби - Аллах Таалага истихара кылбашы (кандайдыр бир ишти жасап-жасабоо үчүн эки ирекет намаз окуп Жаратканга кайрылбашы)..." (Саад Ибн Абу Ваккастан, Кутубу Ситта, 4840)

🌴 ОКУЯ: "АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ БААРЫНАН МААНИЛҮҮ!

Аллахтын сүйүктүү бир пендесинен сурашат:

- Чын ыкласты кимден үйрөндүңүз?

Анда ал минтип жооп берген экен:

- Мекке шаарында жүргөндө чөнтөгүмдө бир тыйын калбай калган болчу. Басрадан акча күтүп жаткам, бирок ал акча келбей кечигип жаткан. Чачы-башым саксайып, сакал-мурутум өсүп кеткен. Бир чачтарачка кирип ачыгын эле айтайын деп: “Чөнтөгүмдө бир тыйын акчам жок. Аллах ыраазычылыгы үчүн чачымды кыскартып бере аласызбы” - дедим.

Чачтарач ошол маалда бир кызматчынын чачын алып жатыптыр. Аны таштай салып, менин чачымды ала баштады. Тигил киши каршылык көргөздү. Чачтарач: - Таксырым, айып көрбөңүз, — деди, - сиздин чачыңызды акысын төлөгөнүңүз үчүн алып жатам. Ал эми бул адам Аллахтын ыраазычылыгы үчүн суранып жатат — деп жооп берди.

Чачтарач менин чачымды кыскартып гана тим болбостон мага бир чөнтөк акча да берди. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин күтүп жаткан акчам келип калды. Ага бир кесе алтын алып барсам, - Кереги жок, ишенип кой! Мен үчүн Аллахтын ыраазычылыгы баарынан маанилүү! - деди.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

25 Oct, 10:50


Анкабут сүрөсү 2-3-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

25 Oct, 03:06


🔰 ЖАМААТ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Силердин араңардан элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйган бир жамаат болсун. Мына ошолор - азаптан кутулуучулар!" ("Али Имран" сүрөсү; 104-аят)

🌴 ХАДИС: "Адамдардын эң жакшысы - менин доорумда жашагандар . Андан кийин алардан кийинки келгендер. Андан соң алардан кийинки келгендер. Алардан кийин (кандайдыр бир иш үчүн) күбөгө өтүп берүүсүн сурабаса да, күбөгө өткөн, аманатка кыянат кылган, ишеним артылбаган жана убадасына бекем турбаган муун келет". (Имран, Бухари; 783)

🌴 МАСЕЛЕ: МУСУЛМАНДЫН ДУБАСЫ.

"Оо, Жараткан Аллах! Унутуп калып, билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүз үчүн бизди жоопко тарта көрбө... Оо, Жараткан! Бизден мурунку коомдорго Каарыңды келтирип, жер менен жексен кылгандай, бизге Каарыңды келтире көрбө... ушул күнгө чейин жасаган күнөөлөрүбүздү кечире көр... Бизди Өзүңдүн чексиз мээримиңе бөлөй көр... Сен биздин жападан жалгыз Эгебизсиң, таянаарыбыз, ишенээрибиз Жалгыз Өзүңсүң. Сен биздин жападан жалгыз Колдоочубузсуң. Жалпы элдин байлыгын колунан келишинче шимирип жаткан, айрыкча мусулмандарга өзгөчө кордук көрсөтүп жаткан каапырларга үстөмдүк кылуу үчүн бизге жардам бере көр, бизди жеңишке жеткире көр... Оомийин!"

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

24 Oct, 11:05


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

24 Oct, 03:45


🔰 ЖОЛ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Алар аны менен бирге термелбесин үчүн биз жер үстүндө бекем туруучу тоолорду жайгаштырдык жана алар туура жолдо баруусу үчүн кенен жолдорду ачтык". ("Анбия" сүрөсү; 31-аят)

🌴 ХАДИС: "Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Ыйбаа дагы ыймандын бир шагы. Алардын эң улуусу "Ла илааха иллаллах" сөзү, эң кичинеси - жолдо элге тоскоол болгон нерселерди алып коюу". (Абу Хурайра)

🌴 ОКУЯ: "ЖОЛДОН КИМ ЭТИЯТ ӨТӨТ?"

Бир падыша эли үчүн кенен жол жасатып, бирок жолдун ачылышынан мурун мелдеш өткөрүүнү чечет. Каалоочулардын баарын бул мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгү болгондугун жарыялаткан падыша жолдон эң этият өтө турган адамдын жеңүүчү боло тургандыгын белгилейт. Мелдеш күнү жолдон адамдар бир күн кечке тынбай өтүшөт. Бирок жолду кыскартып кайрадан падышанын жанына келгенде, баардыгы бир ооздон арызданышып:

- Жолдун бир жеринде аябай чоң таш жана акиташ аралаш шагыл үймөгү бар экен. Ошол үймөк жолубузга тоскоол болду, - дешет.

Аягында кеч кирген кезде бир жолоочу үстү-башынын баары чаң болуп марага араң жетет. Падышага сый-урмат менен колундагы алтын кесени сунуп:

- Жолдо жолду торогон таш жана акиташ аралаш шагыл үймөгүнө туш болдум. Аны жолдун четине чыгарып жатсам, алдынан бул алтын кесени таап алдым. Бул алтындар сизге тиешелүү болуш керек, - дейт.

Падыша мыйыгынан жылмайып:

- Ошол алтындар сага тиешелүү, - деп жооп берет.

Тиги адам:

- Жок, меники эмес. Менин эч качан андай көп алтыным болгон эмес, - дейт.

Анда падыша:

- Ооба, бул алтындарды сен маңдай териң менен таптың. Анткени мелдештин жеңүүчүсү - сенсиң. Жолдон эң этият өткөн адам да сен болдуң. Анткени жолдон эң этият өткөн адам - артынан келе жаткан адамдар үчүн жолдогу тоскоол болуучу нерселерди алып койгон адам, - деген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

23 Oct, 11:45


Аали имрон сүрөсү 5-6-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

23 Oct, 03:36


📚 ЫЙЫК КИТЕП БЕРИЛГЕН ЖАМААТТАР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Эй, китеп ээлери! Өзүңөр күбө болуп туруп, эмне үчүн Аллахтын белгилерине каршы чыгасыңар?" ("Алу Имран сүрөсү; 70-аят)

🌴 ХАДИС: "Аллахтын "Ыйман келтиргендердин көңүлү Аллахты эстеп зикир кылуу менен жибип, акыйкат (Куран) менен жашап турган учур дале келген жокпу? Алар (ыйман келтиргендер) мурдагы китеп берилген жамааттарга окшобосун. Себеби убакыттын өтүшү менен алардын жүрөктөрү катып калган жана алардын көбү бузукулар" ("Хадид" сүрөсү; 16-аят) деп бизди айыптоосу менен мусулман болушубуздун ортосунда болжол менен төрт жылдай убакыт болгон". (Муслим, Тавсир 24)

🌴 ОКУЯ: "АЛАРГА ТҮШҮНДҮР"

Азирети Муаз ибн Жабал (р.а.) мындай дейт: "Аллахтын Элчиси (с.а.в.) мени Йеменге жөнөтүп жатып мындай деди:

- Сен ыйык китеп берилген жамаатка бара жатасың. Аларды Аллахтан башка Кудай жок экенине жана менин Аллахтын Элчиси экендигимди таанууга чакыр! Эгер алар бул сунушуңду кабыл алса, аларга Аллахтын күнүнө беш маал намаз окууну парз кылгандыгын билдир! Алар бул сунушуңду дагы кабыл ала турган болсо, Аллахтын колунда бар байлардын кедейлерге зекет берүүсүн парз кылгандыгын билдир! Муну дагы кабыл алса, алардын эң жакшы мал-мүлктөрүн алуудан алыс бол!"

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

22 Oct, 11:11


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

22 Oct, 03:55


☪️ АЛЛАХКА ЖАКЫНДООНУН ЖОЛУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан коркуп, ага жакындоонун жолун издегиле!..." ("Маида" сүрөсү; 35-аят)

🌴 ХАДИС: "Аллах Таала минтип айткан: "Мен парз жана нафил ибадаттары менен мага жакындаган кулума уга турган кулак, көрө турган көз, кармай турган кол, баса турган бут болом. Эгер ал Менден бир нерсе сураса, Мен, албетте анын сураганын беремин. Эгер ал Мага баш калкаласа, мен, албетте, аны коргоп өзгөчө карамагыма алам" ". (Бухари, ибн Мажа)

🌴 ОКУЯ: ЖОЛООЧУНУН ЖАРАТКАНГА ЖАКЫНДАШЫ

Күндөрдүн биринде бир жолоочу ээн талаа эрме чөлдүн ысык аптабында сапар тартып баратып тамагы катып абдан суусайт. Жолдон бир кудукка туш болуп, кудукка түшүп суусунун кандырат. Кудуктан чыкса, тилин салаңдатып ным топуракты жалагылап жаткан бир итти көрүп, ага боору ооруп, "Бул күчү да мага окшоп суусап турган экен" деп жолоочу кайрадан кудукка түшөт. Бут кийимине суу толтуруп кудуктан чыгып, сууну иттин алдына коёт. Ит алдындагы сууну ичип суусунун кандырат. Аллах Таала бул пендесине ыраазы болуп, бүт күнөөсүн кечирген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

21 Oct, 11:15


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

21 Oct, 03:55


🔰 ИЛДЕТ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Аюб Жараткан Эгесине жалбарып: "Мага бир балээ келди. Сен боорукерлердин боорукерисиң" деди". ("Анбия" сүрөсү; 83-аят)

🌴 ХАДИС: "Мусулман чаалыгып-чарчаса, ооруса, кам-кайгыга батса же кыйынчылык көрсө, же жада калса анын бир жерине (колу-бутуна) кичинекей бир тикенек кирсе, Аллах Таала анын күнөөлөрүн кечирет". (Абу Хурайра жана Абу Саид, Кутубу Ситта, 3692)

🌴 ОКУЯ: ООРУЛУУ САХАБАГА ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (С.А.В.) БЕРГЕН КЕҢЕШИ

Бул окуяны азирети Анас (р.а.) айтып калтырган:

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ооруп калган мусулмандардын бирине зыяратка барган эле. Оорулуу аябай арыктап калыптыр. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан:

- Бир нерсе үчүн дуба кылып, же болбосо Аллахтан сурайт белең? - деп сурады.

Ал:

- Албетте, "Аллахым мага акыретте бере турган жазаңды бул дүйнөдө бере көр" деген тилегим бар, - деп жооп берди.

Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

- Субханаллах! Сен "Оо, Жараткан Аллахым! Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыгыңды бере көр, бизди тозок отунан Өзүң сактай көр..." деп дуба кылып айта албайт белең?! - деди.

Андан соң Аллахтын Элчиси бул адамга дуба кылды. Аллах Таала ага шыпаа берип айыктырды".

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

20 Oct, 11:50


Зумар сүрөсү 10-аят

Катталыңыз!

➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

20 Oct, 03:36


🔰 АЗИРЕТИ МУСА (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Мусанын апасына: "Аны эмиз да, ага бир нерсе болот деп корксоң анда аны дарыяга салып жибер! Коркпогун да, кайгырбагын! Аны сага кайтарып, пайгамбар кылабыз" деп аян бердик". ("Касас" сүрөсү; 7-аят)

🌴 ХАДИС: "Кызыр (алейхиссалам) менен Муса (алейхиссалам) пайгамбардын саякаты учурунда кеменин учуна бир чымчык келип конуп калат. Чымчык тумшугун сууга салып, башын көтөрүп суу ичет. Анда Кызыр (алейхиссалам) Муса пайгамбарга (а.с.) кайрылып: "Аллах Тааланын илиминин алдында сенин, менин илимим жана бүтүндөй жандуу-жансыздын илими мобуреки чымчык тумшугу менен оозуна алган суунун көлөмүнчөлүк гана!" дейт". (Бухарий, Тафсир, 18/4)

🌴 ОКУЯ: МУСА (А.С.) МЕНЕН КАРЫЯ

Күндөрдүн биринде Азирети Муса (а.с.) жолдо бара жатып, отко сыйынган бүкчүйгөн бир карыяга туш болот.

Карыянын жанына жакындап:


- Эй, жолбашчы! Качантан бери бул отко сыйынасың? - деп сурайт.

Анда ал:

- 470 жылдан бери бул отко табынып келем, - деп жооп берет.


- Бул отко ибадат кылуудан баш тартып, тообо кылып, Маалик Жаббаар (чыныгы падыша) болгон Аллахка ибадат кылбайсыңбы? - дейт Азирети Муса (а.с.).

- Эй, Муса! Эгер отко табынуудан баш тартсам, Аллах - мени кул кылып алаарына көзүң жетеби? - дейт карыя.

- Кантип кабыл албасын? Аллах ырайымдуулардын эң ырайымдуусу! - деп жооп берет Азирети Муса (а.с.)

- Оо, Муса! Эгер Аллах мага окшогон Аллахтан качкандарды кабыл алса, анда мага Исламды үйрөт! - дейт карыя.

Ошентип, Азирети Муса (а.с.) карыяга исламдын шарттарын түшүндүрүп берет. Карыя келме келтирип, ыйманга келгенине абдан кубанып, эс-учун жоготуп коёт. Бир саардан соң жан берип көз жумат.

Азирети Муса (а.с.) карыяга жай даярдап, аны жерге берет. Жерге берген соң көрдүн жанына отуруп Жараткан Аллахка алакан жая:

- Оо, Жараткан! Бул карыя кулуңа бир жолу келме келтиргендиги үчүн эмне тартуу кылдың?- деп сурайт.

Азирети Жебрейил (а.с.) келип:

- Эй, Муса! Аллахтын сага саламы бар. Ал мындай деди: "Кимде-ким бир эле жолу чын дили менен келме келтирсе, аны эшигибизге (өзүбүзгө) жакындатып, чексиз ырайымыбызга бөлөйбүз" - деп айтат.


📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

19 Oct, 11:05


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

19 Oct, 04:10


🔰 АЙ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Асманда топ жылдыздарды, чыракты (күндү) жана жарык берүүчү айды жараткан Аллах кандай гана улуу Зат!" ("Фуркан" сүрөсү; 61-аят)

🌴 ХАДИС: "Ай Аллахтын Элчисинин мезгилинде экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү тоонун бир башында, экинчи бөлүгү тоонун экинчи башында болчу. Аллахтын Элчиси бизге: "Күбө болгула!" деп айткан". (Абдуллах ибн Масуддан, Бухари)

🌴 ОКУЯ: АЙДЫН ЭКИГЕ БӨЛҮНГӨНҮ

Меккенин эли Аллахтын Элчисинен мужиза көрсөтүүсүн суранышат. Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аларга айды экиге бөлүп, алардын суранычын орундатат. Калайык айдын эки бөлүгүн Хира тоосунун эки башында турганын көрүшөт. Курайш уруусу (жазма булактардын биринде Абу Жахл): "Бул, Абу Кабшанын улуунун сыйкыры" дейт. Кээ бирлери: "Башка аймактан келген жолоочуларды күтүп тургула! Мухаммед баардык адамдарды сыйкырлап алууга күчү жетпейт!" дешет.

Ошентип арадан көп өтпөй алыскы аймактардан жолоочулар да келишет. Алардан сурашса, алар да айдын экиге бөлүнгөнүн көргөндүгүн айтышат. Келген жолоочулар минтип бул окуяны ырастаганда, Меккелик будпарастар: "Бул - үзгүлтүксүз сыйкырчлыык" дешет. Мына ошол учурда Жараткан Аллах Таала мына бул аятын түшүрөт: "Убакыт (кыямат) жакындады, ай жарылды. Алар белгини көрүшүп, (андан) жүз үйрүшүп: "Бул - үзгүлтүксүз сыйкырчылык" дешет". ("Кабар сүрөсү; 1-2 аят)

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

18 Oct, 11:10


Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

4,219

subscribers

1,232

photos

1,726

videos