Le dernier contenu partagé par Сезимдер сүйлөсүн🫀 sur Telegram
Сезимдер сүйлөсүн🫀
05 Mar, 06:49
260
Жолдордун жакшысы же жаманы болбойт… Жолдор сапарга баруучу жана сапардан кайтуучу гана жолдор бар. Жолдун жакшы-жаманы, узун-кыскасы сапарлаштан көз каранды✅
Сезимдер сүйлөсүн🫀
02 Mar, 14:28
496
Кандайсыздар! Орозонуздар кабыл болсун! Жараткан жакшылыгын аябасын❤️
Сезимдер сүйлөсүн🫀
27 Feb, 20:32
788
Кээде биз тандаган, тандоолордун арасында… Бизге жетпеген , биз канааттанбай калган учурлар болот. Ал биздин тандообуз кээде кемчилдиги, кээде артыкчылыгы менен тенделип, күндөр өтө берет. Кээде кайгыртып, кээде кубантып а кээде өкүнтөт.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
13 Feb, 16:33
1,360
“Мен атамды таптым” Автору: Нуржигит Кадырбеков Чыккан жылы: 2024-жыл Менин жеке оюм жана баалом 8/10. Мага башка чыгармалары өзгөчө жаккан экен, ал чыгармаларда баяндо, окуялардын кызууктулугу менен! Агайдын сөз чеберчилигине сөз жок!
Китеп 3 бөлүктөн турат.
1-бөлүк күндөлүккө жазылган окуялар,эскерүүлөр.
2-бөлүк ой түрмөк: Адамдын “адам” болуусуна кадам. Мекенчилдик жана дүйнөнүн багындыруунун жолдору ж.б ушул сыяктуу асыл ойлор.
3-бөлүм аңыз жана аңгемелер:
Акылай жанан анын үй бүлөсү… Өзгөчө бир тууганым деп жүргөн атасы Шеркулдун, 1жашында каза болгон апасы жөнүндө кызыктуу баян. Үй бүлөөсүнүн тагдыры, алардын кыял жоруктар. Анын өз атасын тапканы жана сезимдери жөнүндө.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
08 Feb, 08:50
1,375
Аалам ушунчалык чоң, табышмактуу.Билгенден биле элегибиз көп.
Балким биз жашаган шаар, айыл же үй салыштырмалуу кичинедир, бирок ишенип коёлу… Бул дүйнөдө көрө турчу, уга турчу, жыттай турчу, жей турчу, сезе турчу ушунчалык коп, керемет нерселер бар… Жаштыкты, сулуулукту , энергияны болбогон нерселерге кетирбейли.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
29 Jan, 16:33
1,772
Менде инстаграммда пайдалуу болсун же кызыктуу болсун деген ой менен киргизсем бул жакта. Жан дүйнөм калаган сөздөр жана сезимдер.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
29 Jan, 16:19
1,602
Жашоонун агымына ишен. Сен сүйүүгө, түшүнүлүүгө, кабыл алынууга татыктуусуң🫂
Сезимдер сүйлөсүн🫀
27 Jan, 08:39
643
Сиздер үчүн балким пайдаса тиер, эгер жагып, жасап калсаңыздар. Белгилеп, бөлүшүп койсонуздар(@osmnvvva интса баракчам) абдаан кубанамын. Алдын ала рахмат.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
27 Jan, 08:17
575
Жаны көчүп келген фашистик Германиянын туткуну болгон, Югославия партизандарынын арасында жургон, мугалим Абуталип Куттубаев менен ынактыгы, анын өлүмү, аны актап алуу үчүн барган ооо Алматы шаары жана анын артынан калган жубайы Зарипага болгон сезимдери… Алп, күлүк төөсү Каранардын тагдыры…
Сары-Өзөн элинин ыйык деп билген Эне-Бейити эмне болду, аны кайтара алыштыбы? Ушул сыяктуу суроолорду камтыган роман.
Бир окууганда татаал, оор чыгарма, аянычтуу тагдырларды камтыйт.
Сезимдер сүйлөсүн🫀
27 Jan, 08:17
625
“Кылым карытар бир күн”романы Автору: Айтматов Чынгыз Төрөкулович Чыккан жылы::1979-жылдын декабь айы менен 1980-жылдын март айы Китептин барагы: 435
Адамдын адам болгон касиети, жаралганда кошо жаралын,өлгөндө өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп тамыры менен жулуп салса-бу неге деген шумдук?
Ушул ураан менен жазылган романда, канча тагдыр, канча адам бар?
Оболу эле Раймалы менен Бегимайдын тагдыры… Андан кийинки эле Найман-Эне менен уулу Жоламандын тагдыры.Баласынын эс-акылдан ажырап “Маңкурт” болгону аз болгондой, өз баласынын колунан каза болуу. Жаштыгын, нечен соонун кыялдарын темир жолго арнап, ошол жерден каза болгон Казангап. Атактуу Боронду Эдигей. Эдигей менен Казангаптын ага-инилик мамилеси, жакындыгы. Жубайы Үкүбала менен өткөргөн өмүрү, кыйынчылыгы жана кыздары.