"Сени эч кимге бербеймин"
Карагат сындуу көздөр турат тегерек,
Карашыңа ашык жанмын дегдеген.
Каш, кирпигиң ажарыңа чак келип,
Кантем, гүлүм? Сүйүп барам күндө мен.
Катып алгам, -мен эч кимге бербейм-деп,
Жүрөксүздөр катарына кирбеймин.
Жүрсөм кошо өзүң менен жан эргип,
Кызганычтан: "жүрөгүмө кир" - деймин.
Келдиң, сулуу, мага жөлөп сүйүүңдү,
Өчүрбөймүн, сенсиң жазган ырларым.
Келиштирип ал ансайын калемим,
Өрчүтөйүн ырларымдын ыргагын.
Коё бергим келбейт такыр, ардагым,
Коён сүрөт тартпайм, батпа санаага.
Колуң сунуп ишенгениң мен болдум,
Башың коюп ийиниме садага.
Мага болгон ак сүйүүңдү баалаймын,
Маашырлантып, махабатты сездирген.
Оюн кылуу оюмда жок, ашыгым,
Оргуштаган сүйүүбүздү сен билген.
__
Айтмакчы, бир сөз айтсам күлөсүң,
Жыл ичинде жок эле да чачтарым.
Жолуктурган күндөн тарта өзүңдү,
Сулууланып, чачты кое баштадым.😁
Абдурашит.
(көчүрүү❌️)