🥳 Биздин кыйындар!
✅ Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым амансызбы?
❓Мугалимдериңер кимдер, силерден бүтүргөн бүтүрүүчүлөр азыр иштеп жатышабы? – деген суроолор көп келип калат.
✅ Негизи чынын айта турган болсом, биздин ийгиликтүү болгон бүтүрүүчүлөр жеке сиздин жашооңузга пайдасы деле тийбейт. Бирок, ошентсе дагы, жакшы мотивация, жакшы таасири болор деген ниетте, биздин ийгиликтүү болгон бүтүрүүчүлөр, биздин мыкты командабыз, мугалимдерибиз тууралуу эми постторду жазып турайын деп чечтим.
✅ Мындан ары, биздин кыйындар деген рубриканын алдында, биздин кыйындарды тааныштырып турмакчымын.
✅ Эң эле алгач Элдияр Алмазбек мырзадан баштамакчымын.
❓Элдияр Алмазбек ким?
📌 Элдияр менин 7-калсстан берки окуучум. Аракетчил, окуу дегенде, үйрөнүү дегенде башка нерсени унуткан жигит. АйТи тармагын дагы өзүбүздөн окуган. Бирок Элдияр мырзанын негизги кесиби дагы АйТи.
• Ал мурунку КАСИ азыркы Политех университетинин АйТи тармагын бүтүргөн. Университеттеги билимине кошумча АйТи курста окуган.
• Курсту бүтүргөн соң, “Бета” компаниясында програмчылык карьерасын баштаган.
• Андан соң Швейцариялык “Encointer” компаниясында 1 жылдан ашык убакыт эмгектенип тажрыйбасын бекемдеген.
• Бул компания менен эмгек келишими аягына чыккан соң, өлкөбүздүн АйТи тармагындагы гиганты десек туура келсе керек, “Мбанк” компаниясында Flutter програмчы катары эмгектенип, бир топ өзү каалаган ийгиликтерге жакындай алды.
• Андан соң, азыркы учурда “РСК банктын” азыркы аты “Элдик банк”, “Ишкер24” деген колдонмосун иштеп чыгууда маанилүү ролду аркалап жатат.
• Элдияр мырзанын негизги иштеген иштеринен тышкары, биздин компания менен биргеликте же башка адамдар менен дагы ортоктошуп жасап жаткан иштери көп. Алардын негизги бири катары “My Quran” куран хатым кылуу колдонмосу десем туура болот. Андан тышкары биздин курстарыбызда өз билимин АйТи үйрөнүүчүлөргө берип келе жатат.
✅ Урматтуу окурманым, кыскача Элдияр мырза тууралуу ушундай, сизге жакшы таасир, жакшы мотивация берет деген гана үмүттөмүн. Ушул жерде кыстарып айта кете турганым, сиз дагы 6 ай курс окуй калсаңыз эле, дароо Элдияр мырзадай ийгиликтүү болуп кете албайсыз, ийгилик бул көп мээнетти жана эмгекти талап кылат. Эгер бардык кыйынчылыктарга чыдап окуйм, бардык кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жетем десеңиз, анда биздин эшигибиз ачык, келиңиз ар күнү окуйлу, ар күнү аракет кылалы. Ар күнү өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу!
✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы, Бишкек ш. 20-август, 2024-жыл.