Жан дуйно азыгы

@janduynoazigi


Жан дуйно азыгы

17 Oct, 02:07


Кудайга чексиз шүгүр 21-кылымда , бардык маалыматтар жетиштүү заманда жашап жатабыз. Колубузда телефон, интернет деген бар, туура жака колдонуу керек. Турмуштун сыноосуна сынбаган, жыгылган сайын чыйралган, кайраттуу, даанышман , көрөгөч , сезимтал, даанакер болууга умтулган жаштар керек бизге.

Куураган жыгачтай бир жерде отун болуп тура бербей, пайдалуу дарак болуп, көлөкөсүн , мөмөсүн берип турган дарак болуп жашаганды үйрөнөлү. Өнүп, өсүп, умтулуп, изденип өмүр сүрөлү.
Жашоо бир келет, аны кайра кайтарып же токтотуп коюу мүмкүн эмес!
Убакыт эч качан аяган эмес, аябайт дагы. Убакытты туура жөнгө салуу менен гана бардык ийгиликтерге жетүүгө болот.

Тагдыр мына ушундай - наалып ,ыйлап, кыжаалат болуп эмес, кабак кашты жаркылдатып, шооласын чачкан күндөй болуп , сени көргөн ар бир адам жашагысы келе тургандай жашоо зарыл!
Эрте жаздагы байчечек жерди жарып чыгып сулуулук, бактылуулук бере алган сыяктуу, биз дагы жашоого , өмүргө сулуулук, бактылуулук тартуулай алганды үйрөнөлү энелер!
Эне бул Асыл.
Эне бул Аяр.
Эне бул Мээрим.
Эне бул Аалам.
Эне бул Сулуулук.
Эне бул Даанышман.
Эне бул Даанакер.
Эне бул Илим.
Эне бул Тарбия.
Эне бул Таалим!

Эскертүү адамзат үчүн пайдалуу!
Д.С.

Интернет булактарынан алынды

Жан дуйно азыгы

17 Oct, 02:07


Таалим, тарбия!

Эне болуу оңой эмес!

(Кээде жан дүйнөмө эргүү келип, улам жазгым келип калат, жазбай коюуга жүрөк чыдабайт, кадимкидей кыйналам, ооруйм, акыры жазып, черим жазылып ,кубанып калам.
Көпчүлүк аялдар өзүнө буюм алып, же көптөн бери көксөгөн алтын шакегин же сөйкөсүн алганда кандай сүйүнгөн болсо, мен ушундай жазып сүйүнөм, кээде ушундай эргүүлөр пайда боло калат, жаш баладай кудуңдап, жазуумда асманда эркин учкан куш сыяктуумун, көкөлөп бийик, бийик уча алам, чексиз шүгүр!)

Жумурткадан кыр издеп , адамдардын жакшы сапатын эмес ,жаман сапатын көрө калып, өзү менен алек болбой , бирөөлөрдүн жашоосу, иши менен алектенип, ушак менен жашаган адамдарды мурда көргөндө таң калган болсом, азыр ал адамдарды көргөн кезде боорум ооруйт. Анткени алар өмүрдүн кантип өтүп жатканын, эң кымбат болгон убакыттын баалуулугун байкабай калган адамдардын катарына кирет.

Жараткан ,аларды алты саны аман кылып жаратканы , эл катары мээ бергени менен, аң сезимин, даанакерлигин, адамдык касиетин, сыпаттарын кемитип коёбу?- айтор билбейм.
- Же болбосо ал адамдар - жалкоолуктун, өзүнө болгон баанын төмөндүгүнүн айынан , бирөөлөрдүн жашоосу менен жашайбы?
- Ким билсин.

Негизи жан дүйнөсүнө кам көргөн , дилге гүл өстүргөн адамдар ,ар бир нерседен жакшыны көрө билген инсандар жагат. Сыртын кооздоп ,сулуулаган менен, жан дүйнөгө, жүрөккө ,дилге маани бербей ,сулуулабай койсоң , заман менен тең өсө албай ,артта калсаң ,анда сен - куураган бир дарак сыяктуусуң, жакында отун болосуң ,андан башка сенден пайда жок .

Наалып , ыйлап, көз жашын көлдөтүп , бирөөлөрдөн үмүт кылып алгандар көбөйүүдө.
Тагдыр ташы кимге келип тийбеген?
Тагдырдын таштак жолунда- андай таштар алдыңа далай келип тиет чыгаар, бирок ошол таш келип тийген сайын тизгинди коё берип, жыгылып , тизең канай берсе анда кандай болот?
Жараткан кимди, кандай сыноо менен сынайт Өз эрки. Биз ошол ар бир сыноо үчүн да шүгүр айтып, башты тик көтөрүп жашай билсек экен.

Тагдыр ташы келип тийген кезде деле, колуңдагы тизгинди эки кол менен бекем кармап, кайра жанданып, изденип, түздөнүп, акылды, жүрөктү бир сыйра аңтарып, төңкөрүш жасап, табышмактуу алдыдагы эртеңди ойлоп , күн мурунтан кыжаалат болбой, бүгүн менен жашап, эртеңден үмүт кылуу гана туура. Каниет , чыдамкайлыкты өрчүтүп , өнүктүрүү зарыл. Татыктуу эне ушундай касиетке ээ.

Жашоо, тагдыр улуу даанышман, тарбиячы. Эгер өзүм билем деген девиз менен чуркай турган болсоң, баш ийбесең, текебердик кыла турган болсоң, акырын ноктосун салып, жоошутуп коёт тагдыр деген. Турмуш деген чоң дарыянын ал жээгинен бул жээгине уруласың, ыссыгына күйөсүң, муздагына тоңосун, нөшөрлөп жааган жамгырында кааласың, анда да баш ийбей турган болсоң, көтөрүп бир чабат тагдыр, өзүңө келе түшөсүң. Чапканда да өзүң кетирген каталарын үчүн чабат.

Андыктан, Жараткан алты саныбызды аман кылып берген соң, өмүрдүн аягы болбогондон кийин, келген сыноону татыктуу көтөрүп, канимет кыла билип, эмне үчүн нааразы болуп ,ыйлап, наалып отуру керек?
Айрыкча жаштар?
Эч ким даяр ашын алып келип бербейт, күнү күнү келсе ,бир тууган бир тууганга боор оорубай, ата балага кам көрбөй калган заманда жашап жатабыз, ар ким өзү менен өзү, ар бир адам өз казанына жан тарткан заман.

Кичинекей сыноо, кыйынчылык келсе эле бырылдап ыйлап албай, алдыны көздөй, үмүттүн шамын тизгинге бекем кармап, таштак жолдон чыгып, бетеге жактагы гүл бакчага бет алганды үйрөнөлү. Анын баары албетте илим, билим , изденүү аркылуу келет.
Жаркылдап , күлүп жайнап жашаганды билели , Кудай Таалам дагы кабак кашка карап бак, ийгилик , түшүнүк берет тура жашоодо.

Жан дуйно азыгы

12 Oct, 09:27


Суроо:
Лөлүлөргө (цыгандарга) садака берсе болобу? Балдары менен көчөдө тилемчилик кылышат. Боорум оруйт.
Жооп:
Эгер сиз бербегенде лөлүлөр шаардын көркүн бузбайт эле. Сиз бербегенде, тилемчи муктаждар азаят эле. (Чыныгы муктаждар аз, булар менен көп). Жалкоолукту кесип кылып, даяр акчага көндүрдүк. Жалган байкуштугуна алдандык.

Эмнеге мындай кылып жатасыңар? Менден да бай турат экенсиңерго десек ата-баба салты деп жооп беришет. (Тилемчилик кылып, бекер жашоо).
Ата-энеңер бомж болсо, силер да ошондой болушуңар керекпи?! Ата-энеңер жалганчы, аферист болсо силер да андай болушуңар шартпы?! Аң сезимди оңдоо зарыл!
Балдарын кичинекей чакынан ошого көндүрүп, көчө баласы кылып чоңойтуп жатышат. Кыздары "гадаю, завараживаю" деп көз ачыктык менен таза муунду караңгылыкка чакырышат.
Садака, жардамды чыныгы муктаждарга берүү зарыл!

Жооп берген: Адылбеков А.
Катталып, пайда алыңыз..
https://t.me/hanafiajordan

Жан дуйно азыгы

12 Oct, 01:29





Ар бир адам өзүнүн жакшы иштерин бир гана Аллах тааланын ыраазылыгы үчүн кылуусу зарыл.куран жана хадисте ушул өкүм баса белгиленген.пайгамбарыбыз саллаллооху ьалайхи ва саллам айткан, чындыгында Аллах таала силердин сырткы келбетинерге жана мал -дуйнөнөргө карабайт.балким жүрөгунөрдөгу ниетинерге жана кылган амалдарынарга карайт.(Бухари).
Бул хадистин максаты -адам Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана амал кылып.журөктөгу туура эмес ниеттерди ондоосу керек.кыяамат куну адамдар ниеттерине жараша тургузулат, тактап айтканда.ниеттерине жараша мамиле кылынат.
Дагы бир хадисте: Аллах таала амалдардын ичинен калыс Аллах үчүн кылынган амалды гана кабыл кылат деп айтылган.
Кыямат күнү кылган амалдарыбыз өзүбүздүн жүзүбүзгө урулуп, өкунучтө жана шермендечиликте калбоо үчүн ар дайым ниетибизди тууралашыбыз керек.
Аллах таала бизди ниети калыстардан кылып дүйнө жана акыреттин бактылуулугун берсин 🥰🕊

Жан дуйно азыгы

11 Oct, 04:25


🍃 Бул нерсе мени таң калтырды:
«Бир дарак миллиондогон ширенке жасай алат. Ал эми бир ширенке дан менен миллион даракты кыюуга болот».
Демек, сиз бир гана жаман иш менен миллиондогон жакшы иштериңизди күйдүрүп жиберишиниз мүмкүн

Жан дуйно азыгы

09 Oct, 13:52


бир кишинин жалгыз уулу бар экен . ал бойго жетиптир. Күндөрдүн биринде ал атасынан кайсы кесипти тандоо боюнча кеңеш сурат.
Кесип тандоо өз эркиңде, – деди ата.
- Эң жакшы кесип - уурулук, - деди бала.
– Мейли, кошунабыздын кочкорун уурдап көр, – деди атасы.

бала кошунасынын кочкорун уурдап келиптир. Атасы бактылуу болгондой түр көрсөтүп:
- жаша балам, сен эң сонун иш кылыптырсың. азыр экөөбүз тең үйдөн чыкпай эле ушул козуну жеп жыргап жатабыз.

ата менен бала бир жума көңүл ачышты. Тамактанып бүткөндөн кийин таразага тартышты. атасы он килограммга семирип, уулу он килограммга арыктады. уулу атасына таң кала карады. атасы күлүп:
- акмак, ошол күнү уурдаган койдун акчасын кошунаңа бергем. ошондуктан мен тынч салмак коштум. сен бир жума кыйналып жашадың! ошол себептен арыктадың. Өзүңө адал кесип танда, ошондо ал сага да, бул дүйнөгө да берекелүү болот, - деди.

АКЫРЕТТИК АМАЛДАР

Жан дуйно азыгы

08 Oct, 15:20


Ал мени таштап кетпесе экен...

Башында аны менен эч жолуккум келбейт эле. Ал мага жакындап келе жатканда эптеп шылтоо таап андан качар элем. Бирөө-жарым ал жөнүндө айтып калса, укпаганга аракет жасайт элем. Ал жөнүндө сөз болгон жерден секин жылып кетчүмүн. Аны такыр ойлогум келчү эмес. Менин жашоомо анын такыр кереги жоктой сезилчү. Ансыз мага жашоо жеңил эмеспи деп ойлочумун...

Бирок, андай болбоду. Мен ансыз бактылуу боло албастыгымды кечирээк сездим. Бирок, кеч болсо да, эч болбогондон жакшы деп сүйүнүп жүрөм. Эми мен аны чыдамсыздык менен күтөм. Ал жакындап калганда кадимкидей жасанып, жуунуп-таранып чыдамсыздык менен күтөм. Анан ал келгенде аны менен беш мүнөт чогуу болом да, кадимкидей жеңилдеп калам. Андан күч-кубат алам. Эми ансыз менин жашоом караңгы. Мен эми ансыз жашай албасымды бөркүмдөй сезип жүрөм...

Коркконум, ал мени таштап кетпесе экен. Угушумда ал көп адамдарды таштап кетет экен. Мени да ошолордун бириндей таштап кетеби деп корком. Мени таштабачы, Кыяматка чейин менин жанымда болчу деп жалбарам кээде...

Мен сени менен бактылуу болдум, сени менен жан дүйнөм тынчыды, эми мени таштай көрбө, менин жан курбум НАМАЗЫМ...

Мени менен бул дүйнөдө чогуу бол, кабырда бирге жат, кыяматта бирге тур, менин зарыгып тапкан жолдошум НАМАЗЫМ...

Оо, Жараткан Аллах, мени намазымдан ажырата көрбө!

Бул дүйнөдөн бир да намазымды калтырбай окуп өтүүнү насип кыл!

Намазымды кабырда нур, акыретте шапаат колдоочу кыл!

"Эртең дебе" китебинен

Жан дуйно азыгы

06 Oct, 16:26


🥹БИР ТАМЧЫ ТҮКҮРҮК

Ооруканада жатканымда каридордо олтурсам, бир жаш секелек кыз ары - бери чуркап жатты. Атасы менен апасы этият бол деп артында көзү- башынан айланып артында жүрүшөт. Болгону сегиз жашта ушундай чырайлуу, жылдыздуу жакшынакай жашоосунун он гүлүнүн бир гүлү али ачыла элек. Бирок, тилекке каршы, ушундай жаш кезинде айыкыс жаман дартка кабылган экен. Анын дарты адамдарга сабак берүүчү бир дарт эле. Ал кыздын оорусу ооз көңдөйүнүн рагы эле. Түкүрүк бездери кургап, өз милдетин аткарбай калган. Башкача айтканда, ооздо шилекей болбогондугу үчүн оозу сууланбай, кургап, ичинен жарылып, оозу кыпкызыл болуп канап кетет экен. Заматта эле ойноп жаткан кыз чыңырып, эсин жоготуп жыгылып кетти. Оозу ачылбай, тили бурулбай, эл катары бир нерсе жута да албай калат экен. Колдорунан эч нерсе келбей күйпөлөктөп, ата - энеси ооруга чыдабай чабалактап жаткан кызын колдоруна кармап эле олтуруп калышты. Карап жүрөгүм эзилди. Оо, Аллахым! Кандай чарасыз, коркунучтуу дарт... Эч ким жактырбай, алыс түкүргөн бир тамчы түкүрүк ал кыз үчүн табылгыс бир нээмат эле.
Атасы өтө бай адам экен... Кызынын ал-акыбалын көрүп, башын мыкчып, чыдай албай кыйкырганын, ыйлаганын көз алдымда али да эч унута албайм.

Жардам кыла көр, оо Раббым! деп жатты. Бизге жардам бер... Алсызмын, колумдан эч нерсе келбей жатат. Менин билип - билбейм кылган күнөөм болсо кечире көр. Бир тамчы түкүрүккө зар болуп олтурабыз аны сатып дагы ала албайбыз. Сен мага байлык бердиң, эсебине кызымды ала көрбө. Канчалаган байлык топтоп жыйдым, канчалаган мүлкүм бар, бирок кызыма бир тамчы шилекей сатып алууга алсыз болуп олтурам.
Оо, Жараткан! Бизге жардам бер. Сен Берүүчү бизге кандай гана кереметтерди бердиң, кандай ырыскыларды, эсепсиз нематтарды бердиң, а биз анын баасын-баркын билбей келебиз. Аны жоготкондо гана түшүнөбүз, ошондо гана анын канчалык баалуу экенин билебиз. Сен жараткан нерсенин баары канчалык кымбат, канчалык баалуу экенин мына биз дагы билип олтурабыз. Өмүрүбүз өткөнчө бул тамчы шилекейдин кадырын билбейт элек. Биздин денебиздеги ар бир кан- тамырдын ийне- жибине чейин биз үчүн эч жерден сатып алгыс, табылгыс улуу немат экенин Сен билгиздиң. Чарасыз, алсыз пенделериңе жардам бер, оо Аллахым! ..деп дуба кылып жаттылар...

"Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!" деген аятын эстеп, өзүмдө бар нематтарга карап Раббыма шүгүрлөр дедим...

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://chat.whatsapp.com/IxAf0fy89VuCej47ADdbLM

Жан дуйно азыгы

05 Oct, 09:23


АПАЛАРЫБЫЗ КАРЫБАСЫН!

Бир аял адамдардын арасында баласын катуу урат экен. Бала катуу тийсе да чыдап, эч ыйлабайт экен. Арадан жылдар өтүптүр, адаттагыдай апа баласын урганда, бул жолу бала катуу ыйлап жибериптир... Адамдар таң калышып: "Эй, бала, алдын апаң катуу урса да чыдап, ыйлабайт элең го, бүгүн неге көздөрүңө жаш алдың?" - деп сурашыптыр. Бала ыйлап: "Апамдын карып калганын сездим, себеби апам алдынкыдай катуу ура албай калыптыр", - деп жооп берген экен...

Жан дуйно азыгы

03 Oct, 06:43


Ата-энеге дуба кыл!

Аллах Таала ыйык Куранда: "Раббиң жалгыз Анын Өзүнө ибадат кылууңарды, ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууңарды буйруду. Эгер алардын бирөөсү, же экөөсү тең сенин колунда картайса, аларга "у-фф" дебе жана алардын сөзүн кайтарба! Аларга жылуу-жумшак сүйлө!" - дейт (Исра, 23-аят).

Өзүнө ибадат кылуу менен бир катарда келтирген экинчи буйрук ата-энеге жакшы мамиле кылуу экенин аяттан байкайбыз. Арап тилинде "Ф" тыбышы эң жумшак тыбыш. Аятта ата-энеге ошол тыбышты да айтууга болбостугу айтылган. Ата-энеге жакшы мамиле кылуу тууралуу айтпаган же жазбаган мен эле калдым окшойт. Ошон үчүн мен ашыкча сөз айта деле албайм. Айтаарым, ар бир намаздан кийин, же жок эле дегенде бир күндө бир жолу ата-энебизге арнап биз деле дуба кылалы.

Ыйык Куранда Аллах Таала минтип айткан: "Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик "канатыңды" жаз жана (мындай деп) айт: "О, Раббим! Ал экөөсү мага наристе кезимде мээрим төккөндөй, аларга да мээримиңди төк" (Исра, 24-аят). Ушул дубаны жаттап алып, ар дайым айталы. Бул ата- энеси тирүүлөргө да, ата-энеси өтүп кеткендерге да тиешелүү. Ата-энеси тирүүлөргө бул дуба башка жакшы иштерине кошумча болор. Ал эми ата-энеси өтүп кеткендер мындан башка эмне айла кылмак эле, дубадан башка колубуздан келери жок...

О, Жараткан Аллах, ата-энебизге узун өмүр, бекем ыйман бер!

Ата-энебиздин бул дүйнөсүн ырахат, акыретин бейиш кыл!

Раббим, ал экөө мага наристе кезимде мээрим төккөндөй, аларга да мээримиңди төк!

~ "Эртең дебе" китебинен

https://chat.whatsapp.com/IxAf0fy89VuCej47ADdbLM

Жан дуйно азыгы

01 Oct, 16:38


Күзгүнү карабай айнекти кара...

Омар Хайямдан:

- Эмне үчүн кедейлер байларга караганда ак көңүл болот? Байлар өзү менен өзү убара.... - деп сурашат.

- Мобу айнектен сыртты карагылачы, эмнени көрүп турасыңар? - дейт ал.

- Эшикте балдар ойноп жүрөт, дарактар бүчүрлөй баштаптыр.... - дешет.

- Эми бул күзгүгө карагылачы... ,- дейт.

- Өзүбүздөн башка эч ким жок, дешет.

- Көрдүңөрбү, бул экөөсү тең айнектен жасалган нерселер. Бирок бирөөсүнө бир аз эле күмүш сүртүп койгону үчүн силер андан өзүңөрдү гана көрүп калдыңар...

Адам баласы да колуна бир аз акча бүтсө көзүн "май басып", заматта кечээ эле көңүл буруп турган адамдардан жүз буруп, өзүнөн башканы көзгө илбей калат.

Демейде келбетин оңдоп, тышкы сулуулугуна кам көрүү үчүн, жок дегенде күнүнө бир жолу күзгү карайбыз. Бирок, жан дүйнөбүздү сулууланткан иштерге көңүл бурбайбыз. Биздин ички дүйнөбүздүн сулуулугу башкаларга көңүл буруу менен көркүнө чыгат.

Келиңиз дайыма эле күзгүнү карай бербей, кээде терезени да карап туралы. Сиздин терезеңиздин ички тарабында эч кандай көйгөй, кыйынчылык жок болгону менен терезенин сыртында түрдүү тагдырлар бар. Ошолорго да көңүл буруп, жардам бере жүрүүбүз кажет.

О, Жараткан Аллах, бизди өзү үчүн эмес, өзгөлөр үчүн пайдалуу адамдардан кыл!

Бизди башкаларга жардам берүүчү кыл!

Өзүң да бизге жардам бер!

~ "Эртең дебе" китебинен

https://chat.whatsapp.com/IxAf0fy89VuCej47ADdbLM

Жан дуйно азыгы

27 Sep, 15:55


Бакыт кичинекей нерселерде...🎀

💭Эркек суктанган сөздөрдү күтөт...

💡Эркектер үчүн өз аракеттеринин баасын угуу абдан маанилүү.
Аларга ыраазычылык билдирип, аракетин көрүп, түшүнсөң... алар аны байкашат.

💡Убакыттын өтүшү менен алар сиздин үй-бүлөңүз үчүн кылган эмгегиңизди баалай башташат

💡Суктануу сөздөрү ар бир адамга абдан жакшы таасир берет. Баарын жөн эле кабыл албаганга аракет кылыңыз. Күйөөңүзгө рахмат айтууну унутпаңыз

Жагымдуу сөздөр, жылмаюу, кучактоо, кооз жана даамдуу эртең мененки тамак, жумушка узатуу жана жумуштан учурашуу - бул кичинекей нерседей сезилет, бирок муну күн сайын кылсаңыз, анда сиз ушинтип жылуу мамилени сактай аласыз...🩷

https://t.me/janduynoazigi

Жан дуйно азыгы

24 Sep, 14:48


Көңүл оорутпа!

Даанышман минтип айтыптыр: "Эки баалуу нерсе бар. Андан өткөн баалуу нерсе болбойт. Биринчиси - Аллах Таалага ыйман келтирүү. Экинчиси - Аллахтын пенделерине пайдалуу иш кылуу. Эки жаман нерсе бар. Андан өткөн жаман нерсе болбойт. Биринчиси - Аллах Таалага ширк кошуу. Экинчиси - Аллахтын пенделерине зыян тийгизүү".

Эч ким айтпаса деле, Каабаны талкалап, бузуу өтө чоң күнөө экенин билесиз. Бирок, ыймандуу мусулмандын көңүлүн оорутуу андан да оор. Ыймандуу адамды жакшы сөз, жакшы мамиле менен көңүлүн көтөрүп коюу бейишке татыктуу иш болсо, анын көңүлүн оорутуп, капа кылуу тозокко татыктуу иш.
Көңүл оорутпай жашайлычы. Өзүбүздүн да көңүлүбүз тынч, жашообуз бейпил болот.

О, Жараткан Аллах, биздин жүрөгүбүздү жумшарт, тилибизди сылык кыл!

Башканын көңүлүн оорутуудан, башкага зыян тийгизүүдөн Өзүң сакта. Өзүбүзгө да башканын зыянын тийгизбе!

~ "Эртең дебе" китебинен

Жан дуйно азыгы

19 Sep, 00:12


Таразада салмак болчу төрт ооз сөз

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазына чыгып бара жатканда зайыбы Жувайрия энебиз жайнамазында зикир кылып отурган. Багымдатты окуп келсе, ал дагы эле ордунда отуруптур.

Сен дагы эле ордуңда отурасыңбы? - деп сурайт пайгамбарыбыз.

Ооба, - дейт Жувайрия энебиз.

Мен болсо, намаздан кийин төрт сөздү үч жолу кайталап айттым, сенин эртеден бери айтканыңды таразанын бир табагына, менин айтканымды таразанын экинчи табагына койсо, менин айтканым сенин айтканыңды басып кетет, — дейт пайгамбарыбыз. Анан өзү айткан төрт сөздү кайталайт: "Субханаллоохи ва бихамдих, аъдада холких, ва ризооа нафсих, ва мидада калиматихи".

Мына ушул төрт сөздү такай айтып зикир кылганды адатка айландыралы. Айрыкча багымдат намазынан кийин унутпай айтып жүрөлү.

"Аллахтын жаратылган макулуктарынын санындай, Аршынын салмагындай, Өзү ыраазы боло тургандай, Анын сөзүн жазганга кеткен сыянын көлөмүндөй мактоо жана аруулоо болсун" деген маанини туюндурган бул сөздөрдү айтып анан дуба кылабыз.

О, Жараткан Аллах, айткан зикирибизди тилибизге жеңил, жүрөгүбүзгө мөөр, жан дүйнөбүзгө шыпаа, өлүмүбүзгө нур, түбөлүк сапарыбызга жолдош кылгын!

Ар дайым тилибиз зикир менен нымдалып туруусун насип кыл!

~ "Эртең дебе" китебинен

Жан дуйно азыгы

18 Sep, 08:02


Илгери эл башына ЖУТ келип, ачкадан өлүп бара жаткан КАРЫЯ мындай деген экен: - Биз жакшы убакта өмүр сүрүп жатабыз.
- Бул эмне дегенинз ачкадан өлүү кандай жакшы болмок эле?
- Биз ачкачылык менен сыналып жатабыз, урпактарга токчулук менен сыноо келет, ачкачылык, ыймандан ажыратпайт, тескерисинче кудайды эстетип жакындатат.
Ал эми токчулук ыймандан ажыратат, Кудайды унуттурат ОШОЛ ЗАМАН КЫЙЫН БОЛОТ деген экен жарыктык.
Ачкачылык заман кетти, токчулук келди.
Токчулук ачкачылыктан да жаман болот
Ачкачылыкта Кудайды эске аласың жардам сурайсың.
Токчулук Кудайды эстен чыгарат, жардамды Кудайдан эмес акчадан, дүнүйөдөн сурап, ар нерсеге сын айтып, баарын акча менен ченеп каласың.
АЗЫРКЫ ЗАМАН ТОКЧУЛУК МЕНЕН СЫНАЛЫП ЖАТКАН ЖОКБУЗБУ? деген ой келет...