• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

@suiukuuj


• Сүйүктүү жубай болуу исскуствосу •

📜 🕊исламдагы сүйүүнү даңазалоо
🕊жүрөктөн чыккан сөздөр.
💛Соңу жолугушуу болсо, күткөн дагы жагымдуу ♡♡..

♡ 19•09•22 ♡

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

16 Oct, 09:55


Эгер мени сагынсаңыз колуңузду жүрөгүңүзгө коюңуз,мен ошол жерде болом🥹❤️

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

16 Oct, 09:55


Эң күчтүү эркектин,
Эрке бир жубайы болгум келет🫠❤️

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

15 Oct, 20:26


Кайда жүрсөң да, ким менен болсоң да аман болчу "Жүрөгүм сүйгөн" адамым...❤️‍🩹

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

06 Oct, 20:19


Эркем десең, эркелей берем🫠❤️

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

06 Oct, 20:15


Азгырба ширин – таттуу сөзүң менен,
Жэ балким чындап мени сүйдүң бекен.
Жок,жок мен ишене албайым сөздөрүңө,
Ойноктоп турган сенин көздөрүңө.

Жеңилдике алдырбай ойлон терең,
Сабырдуулар сүйүүсүнө жетет деген.
Түз жолуңан адашпай жүргүн бекем,
Жолугасың такыба деп сен издеген.

🦋🌸

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

02 Oct, 12:00


Жолдошума кат..💌

Сен менин айтып бүткүс чыгармамсың.♥️✍️

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

02 Oct, 11:59


Чынын айтсам "СЕНИ САГЫНДЫМ🥹🫂🫀"

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

02 Oct, 05:16


Жабыркаган жанымды,
Жап жарык кылды бир адам
😇🫀

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

29 Sep, 21:05


Кандай күндө жүрөт деп ойлодуңбу?
Көнгөнүмдү билесиң сага гана.
Өзүң жок мен бир байкуш болбодумбу,
Өзөгүмдү зилдетип санааларга.

Кат да жазып койбодуң эстеп неге?
Кадимки эле биз көнгөн адам менен.
Кадырыма башка адам жетмек беле?
Канча таңды атырдым азап менен.

Баарын, баарын калчадым акыл менен,
Сен кеткенде жашынып алыстарга.
Билбептирмин ушунча алсыз белем,
Ооруп жатам, демим жок айыкканга.

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

29 Sep, 19:43


Сүйүү оору болсо, дабасы -никедир..🤍

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

26 Sep, 19:56


💌
Мен күндө сүйүп калам, бирок бир эле адамды.🫀

ᴀşᴋıᴍ ʙᴇɴɪᴍ🫀

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

26 Sep, 19:53


Сүйө албайсың дегенге жооп берейин,
Сүйсөм сүйөм чыкканча соңку демим.

А бирок,

Жан кадырын билбегенге жар болгуча,
Жалгыз жашап өткөнүм артык менин.

—Чотоев Эркинбек

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

24 Sep, 19:44


БОЛОЧОК ЖАРЫМА КАЙРЫЛУУ💌

Мен сүйсөм сиз да мени сүйөсүзбү?
Биргеликте сүйүү отуна күйөсүзбү?
Болбосо жарым жолдо таштап кетип,
Бар балээни башыма үйөсүзбү?

Ыйласам кошо жашып ыйлайсызбы?
Жан тартып көз жашыңыз тыйбайсызбы?
Жоро-жолдош, туугандар арасында,
Орой сүйлөп, жаманга кыйбайсызбы?

Жанашып жанымда жүрөсүзбү?
Айтканымды көңүлгө түйөсүзбү?
Колуңдан келбейт сенин эч нерсе деп,
Басмырлап, же үстүмдөн күлөсүзбү?

Камкор болуп сырткы күчтөн коргойсузбу?
Ар бир иште кош колдоп колдойсузбу?
Же болбосо жиниң чыгып ар күн сайын,
Бар ишиңе күнөөлөп кордойсузбу?

Ардагым деп ар качан аяйсызбы?
Жыгылсам колдон кармап таяйсызбы?
Кээ күнү маанайым суз болсо эгер,
Бир ооз жакшы сөзгө жарайсызбы?


Автор✍🏻: Эдилбек кызы Акылай

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

22 Sep, 19:20


Махабат – деген сөздүн өзү бир башка сезим..🤍

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

22 Sep, 19:12


Сен мени байлап алып сезимдерге,
Экөөбүз жолукканбыз айлуу кечте.
Менин сага эмнем жагат деп кайталап,
Сен мага берген сурооң турат эсте.

Кадимки атап жүргөн атың жагат,
Кандай деп мага жазган катың жагат.
Капталдан карап турсам желге учкан,
Кундуздай капкара чачың жагат.

Акырын шыбыраган сөзүң жагат,
Ар дайым тартып турган көзүң жагат.
Оймоктой болгон сенин сонун оозуң,
Адамды эркелетчү сөздү табат.

Тамшанып уккум келет үнүң жагат,
Кете албай айланчыктайм үйүң жагат.
Токтолбой жолугууга барган кезде,
Ай жаркын жылдыз чачкан түнүң жагат.

Жактырам бүт өзүңдү сени самап,
Тойбоймун ак жүзүңдү көпкө карап.
Сурооңду кайра өзүңө узатайын,
Алтыным сага менин эмнем жагат?

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

22 Sep, 17:17


Айта албай ак сүйүүнү сөз менен
А мен сүйүп көпкө жүрдүм көз менен…🫠❤️

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

22 Sep, 15:28


Мен сени түштөн көрөм, көрөм иштен.
Айта албай ойлорумду сызам ичтен.
Көңүлдү уялаган бир сезимдин,
Көп түйүн, жандырмагын сенден күткөм...

Сагынсам саамайыңдан сылай албай,
Бүркөлсөң көңүлүңдү улай албай.
Тиштенип жашап келем ичтен сызып,
Бой таштап кучагыңа кулай албай...

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

21 Sep, 19:47


Менин сөздөрүм сага болгон сүйүүмдү сүрөттөө үчүн жетиштүү эмес..🤍

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

20 Sep, 19:57


Аябай көп ойлонобуз. Келечектен коркобуз. Адашуудан коркобуз. Азыр да араңыздарда бир чечим кабыл ала албай отургандар бар чыгар. Биз жашоону ойлорубуз менен гана татаалдаштырып алабыз. Байкайсызбы? Бирөө бактылуу жашап жатканын көрүп, ичибизде “Эмнеге менин жашоом мындай эмес?”-деген ой пайда болот. Бул ой көрө албастыкка, көрө албастык жек көрүүгө алмашат. Ал адам сага эч жамандык кылган жок. Сен өз ойлоруң менен аны өзүңө душман көрүп алдың.
Биз болгону шүгүр кылууну, кээ бир көйгөйлөрдү жашоонун агымына калтырууну билбейбиз.
“Кимге үйлөнөм? Кимге турмушка чыгам? Мүмкүн менин түгөйүм ушулдур?”-деген ой менен жүргөндөр канча. Бул ситуацияда да эч ойлонбогула. Жараткан ар бирибизди жуп кылып жаратты. Сенин тагдырыңа жазылган адам да жүрөт бир жерлерде. Ушул нерсени кабыл алган адамдар “Качан турмушка чыгасың|үйлөнөсүң?”-деп сурабайт. “Баары үй-бүлө курду, мен калдым”-деп переживать этпейт. Баары убагы менен.
Азыр финансыдан кыйналып жатсаң, убагы келип бул көйгөй чечилет. Мамиле жагы жакшы болбой жатса, убагы келсе оңолот. Ар бир сабырдын артында бир сыйлык бар. Азыр ойлонбостон укта. Баары жакшы болот.

🤍

• 𝓢𝓾𝓲𝓾𝓴𝓽𝓾𝓾 𝓙𝓾𝓫𝓪𝓲 𝓑𝓸𝓵𝓾𝓾...🕊

20 Sep, 14:51


Эч качан көздөр көр болбойт, болгону жүрөгү жана көңүлү көр болот.
-(Куран 22:46)