Neueste Beiträge von 亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗 (@daavat_media_kg) auf Telegram

亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗 Telegram-Beiträge

亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗
🌟ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛАХ 🌟
🕊_Суроо - жооп.❓
🌸_Хадистер. 📚
🕊_Видео суроттор. 🎥🏞
🌸_Баяндар. 🔊
🕊_Дубаалар. 🤲
🌸_Сүрөөлөр. 🌙
🕊_Жүрөкө жакын сөздөр. 💬

🌟БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУНУЗ 🌟

❤️Владелец: @mumina_ayal_kg 🧕
4,995 Abonnenten
1,927 Fotos
1,520 Videos
Zuletzt aktualisiert 06.03.2025 18:09

Ähnliche Kanäle

Abdishukur Narmatov
5,347 Abonnenten
Үй-бүлө🌝💦
5,024 Abonnenten
TARTEEL.ijaza
3,320 Abonnenten

Der neueste Inhalt, der von 亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗 auf Telegram geteilt wurde.

亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

06 Mar, 14:06

56

Сиздер үчүн жашооңуздарга керектүү болгон каналдардын топтомун акысыз сунуштайбыз . .
Болгону 24 саат ичинде катталып жетишип калыңыздар🤗
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

06 Mar, 11:45

57

Алсыз эркек ачууга жеңилеби
Арак ичип айбанча тебинеби
Ак никеси аялга кол көтөрүп
Аялга чоң душмандан жеңилеби
Күчсүз эркек эркине жеңилеби
Кафе кулуб кумарга берилеби
Кудай кошкон жарына шүгүр кылбай
Көрүнгөнгө көз кысып эзилеби
Ачуу келсе алдырып сөгүнөбү
Абиири да айрандай төгүлөбү
Алсыз аял балага кол көтөрүп
Айбан сымал жашоосун көрүүдөбү
Ачуу келсе айкырык салышабы
Аруулукту адамдык танышабы
Ардагымсың деп айтчу сөзү калып
Акмаксың деп алмашып чанышабы
Эркек эркек экендигин унутту
Аял аял экендигин унутту
Аял эркек кыяматты унутту
Балдары тирилей жетим болуп калды
Кайтар дүйнө кайтарын унутуп калды


Элмира


Аманат
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

01 Mar, 00:31

381

Кылып бүтсөңүздөр ❤️,⚡️же 💯реакцияны калтырыңыздар 🤗
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

01 Mar, 00:30

318

Орозо айыңыз кутту болсун!
Жараткан Аллах бардык дубаларды кабыл кылып, үйүңүзгө береке, жүрөгүңүзгө тынчтык,
ден соолугуңузга күч-кубат берсин. Рамазан айында ыймандуулук, сабырдуулук жана жакшылыктар коштоп жүрсүн.
Орозоңуздар кабыл болсун жакшыларым
🥰🤗
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

28 Feb, 23:16

326

Куран
Оо ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо парз кылынды. (Бакара 183)


Ооз жабуу (ооз бекитүү) дубасы
Навайту ан асуума соума шахри рамазаана минал фажри илал магриби халисан лиллахи таъаала.

Мааниси
Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым


Ооз ачуу дубасы
Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту

Мааниси
Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир


Кадыр түн орозо айынын 26сынан 27сине караган түнү.
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

28 Feb, 18:26

351

🌙 РАМАЗАН 🌙

Абай салып өткөн күндү карасам
Ай айланып жыл өтүптүр санасам
Берекесин кут - кешигин артынып
Кирип келди касиеттүү рамазан

Жер жүзүндө бүт мусулман кубанат
Ооз бекитүү отуз күнгө уланат
Тобоо кылып эгесине жалынып
Ыйлап-ыйлап кечиришин суранат

Күндө ичкен суунун билип кадырын
Кечке күтөт бекем кылып сабырын
Акыреттин камын көрүп жүрүшөт
Нурга бөлөп уктай турган кабырын

Ыйман курчуп артат дөөлөт-берекең
Рамазандын насип-пейили кең экен
Коюнуна кадыр түндү батырган
Бир жыл эмес жүз жыл менен тең экен

Келечекке сабак болсун кечээги
Кыргыз болуп кылым суусун кечели
Эмки жылга дүйнө дагы биз дагы
Баардыгыбыз аман-эсен жетели

Алыс болуп ичкиликтен шараптан
Түнү дуба намаз окуп таң аткан
Дүйнөдөгү бүт мусулман пенденин
Орозосун кабыл кылсын жараткан

Жуманаалы кызы Элмира 🌹
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

27 Feb, 14:31

227

🔊ОРОЗО АЙЫ КАЛЕНДАРЫ🗓️🌙

Ыйык Рамазан айынын кирип
келээрине саналуу гана кундер калды.
Бир жыл бою чыдамсыздык менен куткен куттуу
айга азыртадан тарта даярданып, бул айды
берекелуу еткерууну Аллах Таала ар бирибизге
НаСИП КЫЛСын!🤲🏻❤️

РАМАЗАН-2025: ОО3 БЕКИТУУ ЖАНА
ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ⤵️


https://ru.sputnik.kg/20250217/kalendar-orozo-ramazan-2025-kyrgyzstan-1092112993.html


#Рамазан2025
#Орозо_айы_2025
https://t.me/Akyretke_daiardyk
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

27 Feb, 14:30

205

2025-жылдын Орозо календары
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

26 Feb, 07:54

256

🌙1-MАРТ КҮНҮ ОРОЗО КАРМАЛАТ

🔸2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта башталат.

28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо – исламдагы беш түркүктүн бири болуп эсептелет. Орозо кармоо мусулмандарга хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн куттуу жана берекелүү ай болуу менен бирге, бардык мусулмандар бул куттуу айда орозо кармашат. “Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” деген маанилерди билдирет. Ал эми орозонун шарияттагы мааниси “балагатка жеткен адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана нике менен алган аялы менен жыныстык байланыштан сактануусу”. Рамазан айында орозону тутуу – бойго жеткен, акыл-эси толук, бир жерде отурукташкан ар бир мусулман адамга парз болот. Жаш балдар, оорулуулар, мусапырлар орозо кармашпайт. Бирок мусапыр адамдардын орозо кармаганы абзел
.
亗『ÐÄÄVÄT MÈÐÌÄ』亗

24 Feb, 05:17

352

Оо Пайгамбарым 🥺
Үммөттөрүң сен каалагандай үммөт болбоду😔😔
Сенин сүннөтүң ээрчиген үммөт болбоду😔😔
Сенин көрсөткөн жолуңда жүрбөдү 😔😔
Сенин айткан насаатыңа бекем болбоду😔😔

Ооо Пайгамбарым 🥺🥺
Үммөтүңө акыйкатты ачык кылып көрсөт😔😔
Ооо Пайгамбарым🥺🥺
Үммөтүң өлбөөчүдөй жашап жатат 😔😔
Ооо Пайгамбарым🥺🥺
Үммөтүң ширенкедей ширин дүйнөгө алданып жатат😔😔
Ооо Пайгамбарым🥺🥺
Үммөтүң аял эркек намахрам менен жүрүп жатат😔😔
Ооо Пайгамбарым🥺🥺
Үммөтүң Шайтандын Энеси болуп жатат😔😔
Ооо Пайгамбарым🥺🥺
Үммөтүң акрети унутуп жатат🥺🥺


Ооо Ааламдардын сүйүктүүсү Пайгамбарым Мухаммад🥺🥺
Бизди эмне үчүн өзүң менен алып кетпедиң😭😭😭
Ушундай күнөөгө толуп жүргүчө миң жолу өлгөн абзел😭😭😭
Эртең сенин алдыңда эмене деп жооп беребиз😭😭😭
Кайсыл амалыбыз менен сенин Нур жүзүңө карайбыз😭😭😭

Ооо Пайгамбарым бизди аракетте өзүң каалагандай үммөт болууга Шафаат кыла көр😭😭😭