Шейх Муаз Хава.

@muazhawwa


Тасаввуф хикматтары.

Шейх Муаз Хава.

22 Oct, 03:56


Жаратканга көп шүгүр айталы.

Тоң моюндугубуз үчүн дароо азаптап салбай, мүмкүнчүлүк берип жатат. Алла Таала сабырдуу, ырайымдуу. Мындай ырайым үчүн түбөлүктүү шүкүр айтып өтсөк да, эч качан актай албайбыз.

Жаратканыңарга жакшы ойдо болгула. Кандай ойдо болсоңор, Алла Тааланы ошол абалда табасыңар.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

20 Oct, 13:18


Калк ичинде, тилиңде, ваз-насыйкат,
Ал коркунуч ичиңде аз акыйкат.

Калк ичинде, тилиңде тарттың теспе,
Чынында жок жүрөктөн деген нерсе.

Эл ичинде кийип кедей кийимин,
А, негизи куудуң нафси чокусун.

Медет кылып, сыр билүүчү Кудайым,
Күнөөлөрдүн баарын кечсин ылайым.

Ошол чөккөн көңүлдөрдү шат кылып,
Жакшыларга кошсун сени жактырып.

Алсыздардын туткасы китебинен...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

19 Oct, 04:59


Ойлонгонсузбу?
Кыргыз тебетейи эмнеге окшош?

"Кыргыз тебетейи" селденин түзүлүшүнөн алынган дешке болот. Биз тарап суук, кыраан чилде бар болгондугу үчүн, жылуу формасын ата-бабаларыбыз ойлоп табышкан.

Түзүлүшүн жакшылап карасак ортосунда топу, капталдары тоголок кылып тери менен капталган. Селде дагы топуга жука кездеме оролот.
Бул да ата-бабабыз динди карманып, пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарууга тырышкан.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

18 Oct, 08:23


"Санат"
Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878)

Бир туугандан кем эмес,
Бирге жүргөн айылдаш,
Тирүүлүктө агайын
Бириңе бириң кадырлаш.
Өтүп кетсе өмүрүң
Экинчи кайра табылбас.
Жеринде күлүк болбосо,
Чоң байгеге чабылбас
Жоо чаппаса жоголбос,
Жосунсуз адам оңолбос.
Кадырлаш болуп жүрбөсө,
Адамды адам сагынбас.
Оору- сыркоо болбосо,
Жакында адам карыбас.
Санаа тартып күйбөсө,
Сай-сайлап киши арыбас,
Жалкоо адам жарыбас.
Жамандык башка түшпөсө,
Адамга адам зарылбас
Күнүгө алтын тапса да,
Акылсыз жигит байыбас
Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың,
Элден чыксаң жамансың.
Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң.
Арзанды кымбат баалаган,
Сүткордун жайы — кара жер,
Айылга бүлүк чыр салган,
Анткордун жайы — кара жер.
Алсызга кайрым кылбаган,
Залимдин жайы — кара жер.
Өмүрүн кыйган адамдын
Канкордун жайы — кара жер.
Ушак-айың сүйлөгөн,
Уяттын жайын билбеген,
Жамандын жайы — кара жер.
Адамга жок пайдасы,
Ач көздүн жайы — кара жер.
Күйүткө өзүн алдырган,
Күндө ыйлап зар кылган,
Кайратсыз жайы — кара жер.
Санаага өзүн алдырган,
Заарда ыйлап зар кылган,
Алсыздын жайы — кара жер.
Эртели-кеч ооруса,
Азирейил тооруса,
Адамдын жайы — кара жер.
Ууру кылса түнүндө,
Уктап жатса күнүндө
Андайдын жайы — кара жер.
Зорлугу өтсө жакырга,
Зомбулук кылса бакырга
Зордун түбү — кара жер.
Катарлаш элге кан чачса,
Канкорлорго жан тартса,
Кандын жайы — кара жер.
Кара өзгөй болсо калкына
Калктын жетпей баркына
Жакырдык жанды кыйнаса,
Өйдө-төмөн чарпыла,
Акимдин жайы — кара жер.
Ажаан чыкса катының
Акыл сөзгө кирбесе,
Алкылдап беттеп сүйлөсө,
Анын жайы — кара жер.
Эрмин деп турса эрдемсип,
Эрдин тиштеп келберсип,
Эртели-кеч корсулдап,
Балага баар кылбаса,
Аялын уруп чырдаса,
Эрдин жайы — кара жер.
Эсиң оосо, эчки бак,
Мейли чебич, мейли улак,
Сүтүн ичсең күлазык,
Эти, майы эң артык,
Уяң тыбыт апаппак,
Чөп жакшысын таптаган,
Көк бетеге, көк шыбак.
Эгиндердин жакшысы
Эрте бышкан ар убак
Арпа болот баарыдан,
Ичип алсаң жармасын,
Талканы чын күлазык,
Суу атасы тоңбогон,
Кайнап чыккан — таш булак.
Соз атасы башында
Угуп турган кош кулак.
Чапса күлүк, минсе бек,
Жылкы атасы — Чын бурак.
Таап алып өмүрү
Талыкпастан сылап бак.
Адамзаттын досу экен,
Ажырабас чын ынак.
Тоо бузулуп, таш урап,
Тозулбаган жерде жок.
Чайпалбаган көлдө жок,
Чаалыкпаган жанда жок,
Бөксөрбөгөн сууда жок,
Бөлүнбөгөн элде жок,
Түгөнбөгөн кенде жок,
Түйшөлбөгөн пенде жок,
Терең акыл, кең пейил,
Термелбеген элде жок.
Бирде мырза, бирде кул,
Жаман жакшы элге жак,
Териң төгүп жерге жак.
Бул жакшысы бөз экен,
Кездемеңиз мырзараак.
Мата чепкен Кашкардан
Чыгып турат алжырап,
Алжыракай болсо да,
Бир жыл киет бүрмөлөп.
Ак сурп, шалпар, киритон
Алты ай сайын бир кийип,
Анан кийим таба албай,
Карап калат жалдырап.
Аны эмне киесиң,
Акылы жок калжырак?
Жыгачын арбын кыйбаса,
Кирпичин арбын куйбаса,
Бышыксынган жигитке,
Салынуу турган там кайда?
Арыгын терең казбаса,
Арпасын тегиз чачпаса,
Топондосун чыгарбай,
Токтотуп суун сугарбай,
Дыйкансынган жигитке
Бышып турган дан кайда?
https://t.me/Muazhawwa

Шейх Муаз Хава.

17 Oct, 02:10


Ким бул жалганда өзүн өзү суракка алса, Жаратканы аны чын жайда суракка албайт.

Момундардын башчысы Умар (Алла андан ыраазы болсун) айтты:
"Сурак болгонго чейин өзүңөрдү суракка алгыла, кылган иштериңер салмакталганга чейин аны салмактагыла!"
حاسبوا أنفسكم قبل أن تحاسبوا
وزنوا أعمالكم قبل أن توزن عليكم!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

15 Oct, 05:57


Шейхтин мажлисине үлүш алуу үчүн келгендер "МЕН" деген сөздү жана   "Нафсини" сырттка таштап кирүүсү керек.
Мурид шейхтин астында, өлүк жуугучтун астында маркумдай болуш керек. Б.а. өлүк жуугуч  өзү жууп кепиндейт. Ошол сыяктуу мурид шейхине өзүн тапшырып берүүсү керек.
Эгер ар бир тарбия сөзүнө каршылык көрсөтүп жатса, качан тарбияланат?! Зикир тапшырмаларына шектенип жатса, качан оңолот?!
Орулуу адам доктурдун дарылоосуна каршылык көрсөтүп, дарыланбай жатса, качан айыгат? Доктурлар дене-мүчөнүн табыптары болсо, олуялар жан- дүйнөнүн табыптары.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

14 Oct, 04:07


Шейхим  قدس الله سره айтты:
Биздин мажлис, дастаркон сымал. Мажлиске келген адамдардын ар биринин өз ырыскысы бар.
(Б.а. ар бири муктаждыгына  жараша үлүш алат).
Биздин сухбетке келген адамдар муктаж эместигин көрсөтүшсө, (б.а. оңолууга аракет, максаты жок болсо) үлүш ала алышпайт.

Кийин алар жөнөкөй эле сөздөрдү уктук, пайда алалбадык дешет... Кемчилик өзүнөн кетип жатканын текеберлик себебинен түшүнө албайт!
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар.

Шейх Муаз Хава.

13 Oct, 05:40


«Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да.
Оозуңдан чыккан сөзүңө
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың,
Элден чыксаң жамансың.
Кабарың Күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да.,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң».

Арстанбек Буйлаш уулу.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

12 Oct, 08:37


7📜 Шейхул Ислам Азирети Солах Абул Хааж (өмүрүнө береке).

Устазым туурасында айтып берейин деп, пайгамбар мураскерине ылайык сөз таппай күттүм . Улук инсанды айтып берейин деп илхам күтсөм, көрсө сөз байлыгым аз экен.

Акыр заман аалымдардын арстаны.
Ханафийлердин эң кымбат таажысы.
Ойчул, акылдуулардын төрөсү да, мырзасы.
Калеми курч, ойго-сөзгө чечен жан дүйнөсү байлыгы.
Мажлисинде орулуу жүрөк табат дартына дабасын.
Адашкан адам анын жанында качат шайтаны.
Адилеттүүлүктү өрнөк тутат ар дайым.
Үммөт гамы менен жашап келет ар сайын.
Топтоду төрт тараптан, ааламдан. Шакирт аттуу балдар-кыздардан.
Сабак берип, аалым чыгарат уул-кыздан.
Шакирттери мага окшош алыста, ата-устатын эскерет кусалыкта.

Ханафийлердин жанды жылдызы Урдундан.
Чолпон жылдыз болду шейхим Урдундан.

Адылбеков А.
https://t.me/kitepduinosy
Жакшылыкта шерик болуңуз!

Шейх Муаз Хава.

12 Oct, 03:17


Азабыңдан коркуп Аллам, кубарам
Кечирүүчү атыңдан көп суранам

Калк чогулаар, эсеп күнү келгенде
Суранаарым кылба бизди шерменде

Мен кайрылып көздү салсам артыма
Ылайыкмын деймин азап дартына

Бирок сенин рахматыңа карасам
Кечирет деп чоң үмүттө баратам.

Алсыздардын туткасы китебинен...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар.

Шейх Муаз Хава.

11 Oct, 03:06


Алсыздыкты моюнга алуу деп айттык эле...
Муну кантип түшүнсө болот? Мен алсыз эмесмин, эч кимге муктаж эмесмин дегендер төмөнкү нерселерге ой жүгүртсүн:
- Сен Жаратуучумсуң, мен кулуңмун.
- Сен күч-кудрет ээсисиң, мен алсызмын.
- Сен кадыр затсың, мен ажызмын.
- Сен мүлк ээсисиң, мен кедеймин.
- Сен эч кимге муктаж эмессиң, мен сага муктажмын.
- Сен барсың, мен сенин алдыңда жокко эсемин. (Б.а. эч бир маклукат, Жаратканга тең келе албайт. Биздин бар болуубуз, Алланын кудурети менен).
ثم يقول التالي بصوت حزين مادا بها صوته:

ياغني أنت الغني وأنا الفقير من للفقير سواك.
يا عزيز أنت العزيز وأنا الذليل من للذليل سواك.
يا قوي أنت القوي وأنا الضعيف من للضعيف سواك.
يا قادر أنت القادر وأنا العاجز من للعاجز سواك.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

10 Oct, 05:00


Өзүңөрдүн күч кубатыңарга таянуудан, Жараткандын күч кубатына кайткыла.

Чыныгы күч- кубат ээси Алла Таала гана.
Алсыз пенде экеңинерди моюундап, Жаратканга кайтуу зарыл.  Ал угуп, билип турган зат.
Алла Таалага товокел кылып, жалбарсак бизди таштап коёбу!? Албетте андай эмес!
Жараткан сынайт, пенделерин таштабайт. Сыналып жатканыңар, силердин жалбарганыңардын чынчылдыгына текшерүү...  Момун Жараткан тагдырлап берген өмүргө нааразы болбойт.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

09 Oct, 05:06


Чыныгы балээ каякта болуп жатат дегенде, аалам (өзгөчө батыш) укмаксан жана көрмөксөн болуп калышат...
Эх, байкуш Палестин эли геноцидке учуроодо...💔

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

08 Oct, 02:08


ДҮНҮЙӨ

Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүнө ким жетерсиң?

Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың.
Кетериңде дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.

Келериңде дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кышкы чилде муздайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алтын така тулпарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.

Келериңде дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң.
Кетериңде дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.

Келериңде дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.

Келериңде дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.

Келериңде дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.

Келериңде дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың.
Кетериңде дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.

Келериңде дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.

Келериңде дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.

Келериңде дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.

Келериңде дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.

Келериңде дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.

Келериңде дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.

Келериңде дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.

Келериңде дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң.
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.

Кетериңде дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң.
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса колго кирбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың.
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң.
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянтып,
Жакыныңды өрттөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Каухар, жакут чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.

Келериңде дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң.
Жагалдантып көнүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Түбү түшкөн челексиң.

Келериңде дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың.
Таттуулугуң тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.

Келериңде дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың.
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.

Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушуңдай.

Токтогул Сатылганов.
https://t.me/Muazhawwa

Шейх Муаз Хава.

08 Oct, 02:08


Токтогул Сатылганов (1864-1933жж).

Шейх Муаз Хава.

07 Oct, 06:44


Жаман чөйрөгө караганда, жалгыздык жакшы.

Жалгыздыкка караганда, мыкты чөйрө жакшы...
Жан дүйнөңдө бүгүн жаан жаап жатса, эртең күн ачылып, баары жанданат.
Убакыт баарына даары...
Бир гана чырайлуу сабыр керек.

Кээ де адамдардан алыстап, ой пикир топтогон жакшы.
Жашоодон чарчадым деп жаныңды кыйбастан...
Ойлон, ойгон...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

07 Oct, 02:14


Мамлекеттик тилде сүйлөп, иштейли!

Илим менен билимге көпүрө - тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Жусуп Баласагын.

Тил - улуттун жаны!

Кыргыз тилим асылдыгын актаган,
Кымбаттыгын бабам Манас жактаган.
Тилин коргоп окко төшүн тоссо да,
Бирок эч ким, Эне тилин сатпаган.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Шейх Муаз Хава.

05 Oct, 05:41


Мен чарасыз бир ушундай илимсиз,
Эл ичинде татыксыз да билимсиз.

Маңызы жок данек болсом дагы да,
Колдойт достор карабастан аныма.

Алсыздардын туткасы 12 б.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар