ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

@hanafimektebi


💻: ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА !

📡: ССЫЛКА | TELEGRAM :
https://t.me/hanafimektebi

📡: ССЫЛКА | WHATSAPP :
https://chat.whatsapp.com/C2DJKMO7tYDBMM6UpkhWwc

АДМИН:

+996773998969

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

18 Oct, 06:31


Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа барокатух
Урматтуу ага - ини, эже - карындаштар!

🔈🔈🔈🔈🔈🔈🔈
«*Түрк ыкмасы*» менен Куранды тез жана бышык жаттаткан Хаафиздык, Хаафизалык курсуна каттоо ачылды.

📊 Бүгүнкү күндө Куран жаттоону самап же болбосо буга чейин жаттап бүтүргөн, бирок медресе, институттарда окууга, такрор кылууга шарты болбой жүргөн ага - ини, эже - карындаштарыбыз абдан көп. Тилекке каршы көр тириликтин же берилген милдеттеменин жоктугунан улам, жаттаган Куранын эстен чыгарып бараткандары да аз эмес.

🇯🇴 Иордания мамлекетиндеги «*Ханафий Мектеби*»Ислам илимдер окутуу борбору, ижазаларга ээ, тажрыйбалуу устаз жана устазалар менен биргеликте “Түрк ыкмасы” менен Куран жаттатуу жана Такрор кылуу курстарын сунуштайт.

📅 Жумасына:

3️⃣-күндүк жана
5️⃣-күндүк группаларга каттоо ачылды.

☎️ Катталуу жана терең маалымат алуу үчүн:
*+996 778 110 211*

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

30 Sep, 09:26


4. Документтер:

Төмөндөгү документтер ПДФ форматында жөнөтүлөт:

1. Загран паспорттун сүрөтү (пдф форматында)
2. 11 – класстын аттестатынын негизги сүрөтү (пдф форматында)
3. 11 – класстын аттестатынын арабча котормосунун сүрөтү (пдф форматында)
4. Паспортко жарактуу өздүк сүрөт (пдф форматында)

Төмөндөгү адрестер, үлгүдөгүдөй жазылып жөнөтүлөт, Word форматында жөнөтүү сунушталат.

1. البريد الإلكتروني: [email protected]
2. الهاتف: 00996-773-998969
3. الاسم الأول بالعربي: عبدالعزيز
4. الاسم الثاني بالعربي: قلمورزا أولو
5. الاسم الأول بالانجليزية: Abdulaziz
6. الاسم الثاني بالانجليزية: Kalmurza uulu
7. الجنسية: القرغيزي \ القرغيزية
8. مكان الميلاد: قرغيزستان
9. تاريخ الميلاد: 03\01\1999
10. رقم جواز السفر: AC3367145
11. مكان الإقامة الحالي: الأردن
12. سنة التخرج من الثانوية: 2017


Жогоруда берилген бардык маалыматтар жеткиликтүү болду деп эсептейм, эгерде окууга катталууну кааласаӊыз же түшүнбөгөн суроолоруӊуз болсо, төмөндөгү номерге ватсаптан же телеграмдан кайрылып, кенен маалымат алсаӊыз болот.

+996 773998969 (Абдулазиз Калмурза уулу)

🔗 ССЫЛКА:

https://telegra.ph/IORDANIYADAGY-UNIVERSITETTERGE-ONLAJN--OFLAJN-KATTALUU-TUURALUU-IJNE---ZHIBINE-CHEJIN-KENEN-MAALYMAT-09-30

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

30 Sep, 09:26


- Бир айлык мөөнөт бүткөн соӊ, дагы эки ай коштуруп, узартып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер бир айлык мөөнөттөн өткөрүп жибербеген болсоӊуз, узартуу акысыз болот. Эгер өткөрүп жиберген болсоӊуз, ар бир күнгө 2 доллар штраф чыгып баштайт. Мына ушуну менен жалпысынан үч ай эч кандай туруктуу паспорт албастан жүрө аласыз.

- Эгер үч айлык мөөнөт бүткөн болсо, же мамлекеттен чыгып – кирип, жаӊыдан виза ачтырасыз же жергиликтүү расмий окуу жайлардын бирине окууга тапшырып, бир жылдык туруктуу паспорт аласыз.


2. Контракт:

Иорданияда бир нече университеттер бар, көпчүлүк кыргыздар окуган жана сунуштоого татыктуу эки университет бар, төмөндө тандаган факультетке жараша, контрактын бааларын ачыктап койдук.

А. Дүйнөлүк ислам илимдер университети (The World Islamic Science & Education)

- Ханафий юриспруденция факультети. 600 доллар (бир семестрге)
- Үй бүлөлүк реформалар факультети. 600 доллар (бир семестрге)

• Бул университетте жазгы семестрге жазылгандарга, жайкы семестрдин окуусу бекер болот.

• Университетте бюджеттик система каралган эмес.


• Университеттин араб тилин үйрөтүүгө атайын даярдоочу курстары жок, андыктан базалык түрдө араб тилин үйрөнүп алып, андан соӊ тапшыруу сунушталат, анткени бардык сабактар араб тилинде, араб устаздар гана өтөт.

Б. Иордан Университети (University of Jordan):

- Араб тили жана адабияты факультети. 600 доллар (бир семестрге)

- Ислам банктары факультети. 900 доллар (семестрге).

• Бул университетте жайкы семестрге өзүнчө контракт төлөнөт, башка семестрлерге салыштырмалуу арзаныраак, болжолдуу жарым баасынын тегереги.

• Ошондой эле, бул университетте алгачкы семестрлерде мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө, кийинки семестрлерди акысыз окуу мүмкүнчүлүгү бар.

• Бул университетте окууга тапшырган соӊ, араб тилинен экзамен болот, эгер экзаменден кулап калсаӊыз, бир жылдык араб тилин окуткан подкурска окууга туура келет.

3. Жашоо: Квартира\Тамак – аш\Жол – кире

- Университеттердин атайын жатаканалары жок, андыктан квартираны ижарага алып жашоо керек, квартиралардын минималдуу баасы 150 доллардан башталат, орто баасы 200 – 250 доллар. Адатта бойдоктор эки үч адам биригип жашашат, ал эми үй бүлөлүүлөр өз алдынча.

- Тамак – аш, жол кире жана башка чыгашалар, баалары Кыргызстандагыдай эле, короткон суммаӊызга жараша болот.

- Жалпысынан алып караганда бойдоктор 150-200 доллардын тегерегинде жашаса болот, ал эми үй – бүлөлүүлөр 350 – 400 доллардын тегереги.


📌: Дистанттык түрдө окууну каалагандар үчүн маалымат:

Учурда дистанттык окуу бир гана Дүйнөлүк ислам илимдер университетинде, Ханафий юриспруденция факультетинде гана жеткиликтүү.

1. Контракт:

Күзгү жана жазгы семестрлерге: 325 доллар
Жайкы семестрге: 185 доллар.
Алгачкы катталуу акысы: 100 доллар.
Тагыраак айтканда, алгачкы семестрге күзгү же жазгы семестрден катталсаӊыз жалпы: 425 доллар, андан кийинки семестрлер жалпы: 325 доллар болот. Ал эми эгерде алгачкы катталууӊуз жайкы семестрде болсо, алгачкысы жалпы: 285 доллар, кийинки жылдары жайкы семестр жалпы: 185 доллар.

2. Сабактар

Дистанттык окуудагы сабактар, жүзмө – жүз окуудагы сабактардан айырмасы жок, Ханафий мазхабындагы Фикых илимдери боюнча «Мухтасаруль Кудурий», «Аль – Ихтияр», «Шархуль – Викоя», «Нуруль – Анвар», «Мажаллатул Ахкам» ж.б.у.с. эң тандалма китептер окутулат. Ошондой эле Акыйда илимдери, Ислам этикасы жана маданияты, Ислам саясаты жана Исламдагы соода-сатык боюнча атайын тереңдетилген предметтер өтүлөт.

3. Окуу системасы:

- Окуу бардык жабдыктар камтылган «Microsoft Teams» платформасы аркылуу, аптасына бир жолу ишемби (суббота) же жекшемби (воскресенье) күнү, сегиз саат мөөнөт аралыгында, жандуу түрдө, түзмө-түз берилет.

- Студент платформадагы өздүк баракча аркылуу, студентти предметти мыкты деңгээлде түшүнүүсүнө жардам берген, өтүлгөн сабактардын интеллектуалдык схемаларын, поверпойтторун пайдалануу менен бирге, видеозапистерди көрүп чыгып, жалпы берилген тапшырмаларды аткарат.

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

30 Sep, 09:24


Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар!

📜: Иордания мамлекетиндеги окуулар көпчүлүк биздин мекендештердин кызыгуусун арттырып, көптөгөн суроо – талаптарды жаратып келет, жеке каттардан жана социалдык баракчалардан жол – жобосун сурап кайрылгандар өтө көп. «Акысыз окууга мүмкүнчүлүк барбы», «Үй – бүлө менен барып окуса канча болот», «Контракттын баасы канча», «Дистанттык түрдө кантип окуса болот», «Кандай билимдерди ала алабыз» «Визасы кандай болот» деген жана башка толгон токой суроолорго колдон келишинче кенен жооп берүүгө аракет жасадык. Эгерде берилген маалымат дагы да жетишсиз болуп жатса, төмөндө белгиленген номерге кайрылып, дагы да тереӊирээк жооп алсаӊыз болот. Иорданияга келүүгө жана дистанттык окууга катталууга көмөк берет.

Төмөндөндө Иордания мамлекетинде окуу боюнча кенен маалымат берилген, толук окуп, таанышып чыгыӊыз.

Окуунун жол – жобосу менен таанышуудан мурда билип коюу кажет, Иорданиядагы окутуу системалары, Кыргызстан же башка өлкөлөрдүн окутуу системасынан башкачараак, андыктан толук таанышып чыгууну суранабыз.

📌 Айырмачылыктар:

1. Жылдын үч мезгилинде окууга катталууга болот.

Бир жылда үч семестр бар. Күзгү жана жазгы семестр төрт айдан турат, ал эми жайкы семестр эки айдан турат.
Күзгү семестр: 15 – Октябрдан 5 – Февралга чейин.
Жазгы семестр: 25 - Февралдан 25 – Июнга чейин.
Жайкы семестр: 15 – Июлдан 10 – Сентябрга чейин.

Ар бир семестрге бир жарым ай алдын, окууга каттоо ачылат жана окуу башталган убакыттарда каттоо аяктайт.

2. Университеттин окутуу системасы жылдык мөөнөткө эмес, сааттык мөөнөткө чектелген.

Тактап айтканда төрт жыл же беш жылдык окутуу деп чектебейт. Төрт жылдык окутуу мөөнөтүн сааттарга бөлүп койгон, ким ар семестрде көп саат алып окуса эрте бүтөт, ал эми аздан алып окуса кеч бүтөт.
Бакалаврда 136 саат бар, күзгү жана жазгы семестрде минимум 12 саат, максимум 18 саат алып окууга болот, ал эми жайкы семестрде минимум 6 саат, максимум 12 саат алып окууга болот. Эгер сабактарды максималдуу алып окусаӊыз 3 жылда, орто деӊгээлде алсаӊыз 4 жылда бүтүүгө болот, ал эми минималдуу алып окусаӊыз 5 жылга чейин узарат.


3. Ар жыл сайын, бардык семестрлерге катталып окуу шартталбайт.

Бир жылда бир гана семестр окуп, университетти бүтүрсө дагы болот. Бирок, жогоруда айткандай, окуу мөөнөтү узарып кетет, анткени окутуу системасы жылга эмес, саатка чектелген.
Кимдин финансылык жагдайы азыраак болсо же кандайдыр бир окуудан тоскон жагдайлар жаралса, ушундай тартипте окуусун бүтүрсө болот.

4. Университетке каттоо эч кандай экзаменсиз жана ЖРТ баллдын жыйынтыгысыз жүрөт.

Тактап айтканда, окууга катталуу үчүн эч кандай алдын ала текшерүүдөн өткөрүүчү экзамендер болбойт, ошондой эле ЖРТ баллын да талап кылбайт, ЖРТ тапшырбасаӊыз дагы, университетке каттала аласыз.

5. Университетке катталуу үчүн документтер:

Эӊ негизгиси 11 – класстын аттестаты керектелет же Кыргызстандагы университеттерге тапшырууга мүмкүн болгон колледж же училищенин диплому да жарактуу.
Дистанттык окууда, мындан сырткары саналуу майда барат документтер керектелет, төмөндө үлгүсүн калтырып койдук.
Баса, жашка чектөө жок, кимде талап кылынган документтер жеткиликтүү болсо, тапшырып окуса болот.

6. Диплом.

Иордания мамлекетинин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган диплом берилет. Иордания мамлекетиндеги университтер, КМБДнын чет өлкөдө окуу сунуштама тизмесинде бар университеттер.


Жогоруда көрсөтүлгөн пункттар онлайн жана офлайн окутуу тармагында бирдей.


📌: Иорданияга келип окуйм дегендер үчүн маалымат:

1. Виза жана туруктуу паспорт


- Иордания мамлекети Кыргызстандыктар үчүн алдын ала электрондук визага тапшырык берүүнү талап кылбайт, эгерде Загран паспортуӊуз бар болсо, Иорданияга авиабилетиӊизди сатып алып, сапар тарта берсеӊиз болот, Иордания мамлекетинин чек арасына кирээрде сизге бир айлык виза ачып берет, визанын баасы: 60 доллар.

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

28 Sep, 12:40


ФИКХ ОНЛАЙН КУРСУНА КАТТОО!

Бул курс مقدمة الصلاة (Намазга киришүү) китебинен өтүлөт.

📆 Жумасына 1 жарым сааттан
2 күн, айына 12 саат сабак өтүлөт.

Сабактын убактысы: Шаршемби, жума (среда, пятница) 19:00-20:30 КР

Сабакты өтүүчү мугалим: Марат уулу Эламан

Иордания мамлекетиндеги Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Илимдери университетинин докторантты

Курстун баасы: айына 1500сом.

📲Сурап билүү жана катталуу үчүн: +962799370923

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

26 Sep, 04:44


• «Ифта Уа Тафких» институтунун «Тахил ифта» программасын алгачкылардан болуп бүтүргөндүгү үчүн, Шейх Салах Абулхаждын уюштурган 18000 сомдук сыйлыгына ээ болгон.


Окуудан сырткары алектенген тармактары:

• «Ифта Уа Тафких» институтунун сайтында модератор болуп, ыктыярчылык кызматын аткарат.

• «Ханафий Мектеби» каналын телеграм, инстаграм, ватсап соц.тармактарын жүргүзүп келет, аталган каналда көптөгөн сабактарды, илимий макалаларды, акыл – таймаштарды, суроо - жоопторду, пайдалуу программаларды уюштуруп келүүдө.

• Иордания мамлекетиндеги «Мавераннахр» Ислам илимдер мурасы, эски кол жазмаларды илимий изилдөө борборунун мүчөсү.

• Саудия мамлекетине, Бириккен Араб Эмираттарына (Дубай, Абу Даби, Шаржа шаарлары) виза ачуу жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө авиабилеттерди алып бере алат.

• Ыр жазуу, китеп которууга кызыгат, бир нече кыркыргызча ырлардын автору, буюрса котормо китептери келечекте жарык көрөт.

• Кызыккан спорт түрлөрү: Теннис, Шахмат, Сууда сүзүү, Муай Тай, Кыргыз күрөшү.

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

26 Sep, 04:44


Абдулазиз Калмурза уулу.

Аты жөнү: Абдулазиз Калмурза уулу

Туулган жери: Кыргызстан, Жалал – Абад обласы, Токтогул району, Кызыл – Өзгөрүш айылы.

Туулган жылы: 3 – январь, 1999 - жыл.

Телефон номери: +996 773998969

Электрондук почта: [email protected]

Билими:


Кыргызстанда алган билими:


Илим жолуна 2015 – жылы түшүп, 2018 – жылга чейин Кыргызстанда окуган жана көптөгөн көрүнүктүү устаздардан, ар багытта диний билимин алган.

Илим жолундагы эӊ алгачкы кадамын Бакыт Усманов устаздан (учурда Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы) сабак алып баштаган жана 3 жыл аралыгында илимдин көпчүлүк багытында Куран, тажвид, сарф, нахви, фикых, хадис ж.б. илимдеринен таалимин алган жана Иорданияда окуу сунушун жана көмөгүн берген бирден бир устаты.

Мындан сырткары, устаз Абдүшүкүр Исмаиловдон (Куранды которгон устаздардын бири), устаз Исамидин Абдураимовдон (Кувейт университетинин окутуучусу), Токтогул уулу Айбек (Токтогул районунун баш имам хатиби) ж.б. устаздардан араб тилинин грамматикасын тереӊдетип окуган. Кыргызстанда илим алуу убактысынын көпчүлүк бөлүгү, араб тилинин грамматикасын алууга арнаган. Булардан тышкары, « Расул Акрам» ислам институнан жана «Заман Шамы» медресесинен, ошондой эле азыркы «Ибн Халдун» атындагы академиядан, айрым устаздарынан, ар багытта илимдерден сабак алган.

Иорданияда мамлекетинде алган билими:

2018 – жылдан тартып, Иорданияда билимин улантып келет.

• 2018 – 2021 жылдар аралыгында, Иордания мамлекетинде жайгашкан Дүйнөлүк Ислам илимдер (The WISE University) университетинде, Ханафий юриспруденциясы (The Faculty of Hanafi Jurisprudence) факультетинде, бакалавр даражасын имтияз (кызыл) менен бүтүргөн.

• 2021 – 2024 жылдар аралыгында, Дүйнөлүк Ислам илимдер (The WISE University) университетинде, Ханафий юриспруденциясы (The Faculty of Hanafi Jurisprudence) факультетинде, магистратура даражасын имтияз (кызыл) менен аяктаган.


• Учурда аталган университеттин докторантура бөлүмүнө тапшыруу алдында турат.

Иорданиядан араб устаздарынан алган билимдери:

Фикых илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Салах Абулхаж, Шейх Луей Холили, Шейх Марван Дувейри, Шейх Мухаммад Нажжар ж.б.

Усулу Фикых илимдери боюнча алган устаздары: Шейха Иман Шажрови, Шейх Хусни Долаин, Шейх Баро Абдулмалик ж.б.

Акыйда илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Саид Фуда, Шейх Яхя Закария, Шейх Басил Садр, Шейх Мухаммад Нувейхи, Шейх Имадуддин Заркон ж.б.

Кыраат, Тажвид илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Мухаммад Хурони, Шейх Мухаммад Шариф Истити, Доктор Амин Умар.

Тазкия илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Муаз Хавва, Шейх Мухаммад Нажжар ж.б.

Араб Тилинин грамматикасы боюнча алган устаздары: Шейх Али Хани, Шейх Ахмад Абдулкарим Аль - Мулки

Хадис илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Мухаммад Хашим Голиб.

Мантык илимдери боюнча алган устаздары: Шейх Басил Садр, Шейх Имадуддин Заркон

Жүзмө – жүз көрүшө албаган, интернеттен сабак алган устаздары:

1. Шейх Адхам Асимий (мантык, нахви, акыйда, усул фикых илимдери)

2. Шейх Анас Изат Ага (Нахви, сарф, аруд илимдери)

3. Шейх Хамза Бакрий (акыйда илимдери)

4. Шейх Али Аль – Аср (Акыйда илимдери)

5. Шейх Абдулкадир Хусейн (акыйда, усулу фикых, мантык илимдери)

6. Шейх Хазим Кайланий (усулу фикых илимдери)

7. Шейх Асадуддин Аййуби (Нахви илимдери)

8. Шейх Хасан Усман (Нахви илимдери)

9. Шейх Хасан Ахмад Усман (Сарф илимдери)

10. Шейх Юсуф Улейвий (Балага илимдери)

Университеттен сырткаркы жетишкендиктери:

• Хафыс кырааты боюнча, Шейх Мухаммад Шариф (Алла рахматына алсын) устаздан пайгамбарыбыз (с.а.в) га чейин жеткен санжыра менен ижаза алган.

• Rekaz International Foundation окутуу борборунан алты илимден турган (нахви, сарф, балага, аруд, адаб, имла) Тахил Луговий курсун, 94 балл менен жогорку көрсөткүчтө бүтүрүп, ижаза алган.

• Иордания мамлекетиндеги жалпы университеттер (32 университет) аралык шахмат оюну боюнча турнирде 6 – орунга ээ болуп, Дүйнөлүк Ислам илимдер университетинин намысын коргогондугу үчүн, университтин башкармалыгынан ыраазычылык сертификатына ээ болгон.

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

26 Sep, 04:31


Ассалам алейкум, урматтуу мекендештер !

🔖 Алла Тааланын жардамы менен, Иордания мамлекетиндеги, Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Илимдер (The WISE University ) университетин, Ханафий юриспруденция факультетин, магистратура бөлүмүн ийгиликтүү аяктап алдык.

- Чынында бүтүрүү аземиндеги болуп өткөн бир нече көз ирмем убакыттар, буга чейинки миңдеген кыйынчылыктарды унуттуруп, мындан аркы тосколдуктарды жарып өтүүгө жаңы дем, жаңы күч тартуулап отурат. Алла Таалам алган илимибизди дүйнө - акыретибизге пайдалуу, жугумдуу кылып, бейишке жетелөөчү кылсын деп тилейбиз.

- «Ханафий Мектеби» Ислам илимдер окутуу борборун көзөмөлдөп, жетектеп келе жатканыбызга төрт жылдын жүзү болду.
Бул милдетти окуу менен биргеликте алып кетүү оңойго турган жок. Албетте, бул жолдо жалгыз эмеспиз, бизге кандай тараптан болбосун кыпындай да көмөгүн көрсөткөн ага - ини, эже - карындаштарыбызга, Гималай тоосундай ыраазылычылыгыбызды билдиребиз.

‼️Ушул убакка чейин, өзүбүз жөнүндө тааныштырган эмес экенбиз, мындан кийинки кадамдарыбызга пайдасын тийгизип калар деген максатта, төмөндө кенен маалымат калтырууну ылайык көрүп отурабыз. Көпчүлүк убакытта биз тууралуу сурагандар көп болот, буюрса келээрки постторубузда, биздин программалар боюнча дагы кенен тааныштырууга орун калтырабыз.

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

20 Sep, 16:24


📌 «Ханафи Куран» аттуу 10 группадан турган (ар группада 30 адам бар), 2023 – жылдын орозо айынан бери, ар үч күн сайын бирден Куран хатым түшүрүлүп келүүдө.


📎 Сиз дагы, мүмкүнчүлүгүӊүзгө жараша, үч күндүк же беш күндүк же жумалык группалардын бирине кошулуп, үзгүлтүксүз Куран окуучулардын катарына кошулуӊуз !

📞 (Куран хатымга кошулуу үчүн) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)

📜 Башталган убакыттан бери жалпы бүткөн Куран хатымдардын саны: 932
Сентябрь айына карата топтолгон Куран хатымдардын саны: 200


🔖 Комментарийде жиберилген тизмелерге, палестиналык бир туугандарга, ыктыярчы топко, жалпы үммөткө хатымдар багыштадык, Аллахым кабыл кылган болсун.

📞 (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)


БИЗДИН БАРАКЧАЛАР:

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi

Ссылка (инстаграм):
https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1dl5b8cs918vi&utm_content=i48fv8t

🧭 Сунуш - пикирлер боюнча (Админ):
+996773998969 (ватсап)

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

20 Sep, 15:30


Live stream finished (34 minutes)

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

20 Sep, 14:56


Live stream started

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

20 Sep, 12:24



20-сентябрь кечки саат 21:00до

2⃣0⃣0⃣-КУРАН ХАТМГА
дуба берилет.
Дубага катышыңыздар!

Палестиналык мусулман бир туугандарга,  тизмеде аты аталгандарга
ДУБА КЫЛЫНАТ.

🎙ДУБА КЫЛГАН; 
АБДУЛАЗИЗ КАЛМУРЗА УУЛУ

Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар!

🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊

▪️ «Ханафи Куран» аттуу 10 группага бөлүнүп, орозо айынан бери, ар үч күн сайын бирден Куран хатым бүтүрүп келе жатабыз!

▪️ Мурда кылынган Куран Хатым дубаларды кошсок, өткөн орозодон бери 9⃣3⃣2⃣КУРАН ХАТЫМ БҮТТҮ.
Ал эми сентябрь айына карата 
2⃣0⃣0⃣ Куран хатым бүттү. Булардын баарын Палестиналык бир туугандарга , аты аталгандарга жана бардык мусульмандарга багыштадык.

Ар бир айдын аягында же башында, окулуп бүткөн Куран хатымдардын сообун, Алла жолунда бардык маркумдарга, үммөткө жана атайын аты жөнүн жазып жөнөткөн бир туугандарга (оорулуулар, кайтыш болгондор, кыйналып жаткандар, ийгилик тилегендер ж.б.) багыштоодобуз.
Ким аты жөнүн жаздырып, дуба кылдырууну кааласа, төмөндөгү үлгүдөй кылып жазып, белгиленген номерге кайрылыңыздар!

"Маркумдар" же болбосо "Шыпаа сурагандар "-деп  фамилия, атын толук жазыңыз. Төмөндөгү үлгү менен.

1. Асанов Нуртилек
2. Абдраимов Нурбек
3. Абсамат кызы Бурулсун

♦️ Ал эми ким Куран окуганды билсе, үч күндүн ичинде 1 пара Куран окуй алса, ыктыярчы болуп биздин катарга кошулса болот.

☑️  Бул демилгенин ыктыярчылар үчүн пайдалары:

1. Куран окуу дисциплинасына түшөсүз. (Кээ бир адамдар, талап болбосо, Куран окубай жүрө берет, ошондой абалдан чыгасыз).

2. Айлампа кылып окугандыктан (бөлүнгөн пара, экинчи жолкуда берилбейт 30 пара бүткөнгө чейин) ар үч айда 1, бир жылда 4 жеке хатым бүтүп турат.

3. Бир жылда бир группада 30 адамдан турган жамаат менен, 120 Куран хатым бүтөт.

4. Зээнибизди курчутабыз, ынтымакты чыңдайбыз, жүрөгүбүздү Куранга байлайбыз.

📞 Белгиленген номер (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)

(Куран хатымга ыктыярчы болуу) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)

📖 Жүрөктө Куран жашасын!

🔖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670
Биздин катарга кошулуңуз!

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi

Ссылка (инстаграм):
https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1dl5b8cs918vi&utm_content=i48fv8t

Сунуш - пикирлер боюнча (Админ):
+996773998969 (ватсап)

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

13 Sep, 15:18


Иордания мамлекетинде жайгашкан W.I.S.E (The World Islamic Science & Education) университетинде жайгашкан «Ханафий юриспруденциясы» факультети студентдерди 2024\2025-жж онлайн/офлайн окууга кабыл алууну баштады.

📌Окутуу өзгөчөлүктөрү:

1. Иордания мамлекетинин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган, университеттин бакалавр даражасындагы дипломго ээ болуу

2. Окуу мөөнөтүндө, узак убакыттык сапар тартууга муктаждыктын жоктугу.

3. Ханафий мазхабындагы Фикых илимдери боюнча «Мухтасаруль Кудурий», «Аль – Ихтияр», «Шархуль – Викоя», «Нуруль – Анвар», «Мажаллатул Ахкам» ж.б.у.с. эң тандалма китептер окутулат.

4. Ошондой эле Акыйда илимдери, Ислам этикасы, Ислам саясаты, Ислам маданияты жана Исламдагы соода-сатык боюнча атайын тереңдетилген предметтер өтүлөт.

5. Бир семестрге студент алган программасына ылайык (300) доллардын тегерегинде контракт төлөйт.

📌 Окуу системасы:

1. Окуу бардык жабдыктар камтылган «Microsoft Teams» платформасы аркылуу, аптасына бир жолу ишемби (суббота) же жекшемби (воскресенье) күнү, сегиз саат мөөнөт аралыгында, жандуу түрдө, түзмө-түз берилет.

2. Студент платформадагы өздүк баракча аркылуу, студентти предметти мыкты деңгээлде түшүнүүсүнө жардам берген, өтүлгөн сабактардын интеллектуалдык схемаларын, поверпойтторун пайдалануу менен бирге, видеозапистерди көрүп чыгып, жалпы берилген тапшырмаларды аткарат.

3. Бир жылдык окутуу эки семестр жана жайкы семестден куралат.

4. Регистрация 11 класстын аттестатын тапшыруу жана платформадагы өздүк баракчаны тастыктоо аркылуу, эң оңой жол менен жүргүзүлөт.

5. Баары окуса болот (эркек-аял, жаш-кары)

6. Окууну студенттин аракетине жараша 3-4 жыл аралыгында бүтүрсө болот.

7. Сабактар араб тилинде болот.


ТОЛУК МААЛЫМАТ:

+996 773998969
+962 790871366
+962 796709271

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

07 Aug, 09:50


Ассалам алейкум, урматтуу илимпоздор 🤗

Алгач, жеңүүчүнү куттуктайбыз!

Жеңүүчү: Рустамбек уулу Байжигит, Жалал - Абад шаарынан, 31 жашта.
________________________

Туура жооп: Имам Абу Бакр аль - Бакиллани.
____

Имам аль Бакиллани (950 - 1013 ) жылдар аралыгында Ирактын Басра шаарында төрөлүп, Исламдын алтын доорунда жашап өткөн, Ислам ааламындагы гигант аалымдардын бири болгон.

Динсиздер, каапырлар, бидаатчылар менен болгон дебаттарда, диспуттарда акылды айран кыла берген жоопторунан улам, “Үммөттүн тили”, “Сүннөттүн Шейхи”, “Ахлу Суннанын кылычы” ж.б. деген лакап аттар менен аталып калган.

____

Баарыбызга белгилүү болгондой, Ахлу сунна жамааты фикых илимдер жаатында, туура деп саналган төрт мазхабдан (Ханафи, Маалики, Шаафи, Ханбали) куралат.

~ Имам аль Бакиллани Маалики мазхабын карманган.

Ошондой эле, акыйда жаатында туура деп эсептелген эки белгилүү мектеп бар Матуриди, Ашари мектептери.

~ Имам аль Бакиллани Ашари мектебин негиздөөчүлөрдүн бири болгон.
____

Имам аль Бакилланинин мындан башка дагы, падышалар, шииттер, мутазилиттер ж.б. менен болгон таасирлүү айтыштары, дебаттары болгон. Аллахым насип кылса, алар боюнча дагы өз кезеги келгенде чыгарабыз.
___
✍🏻:
https://t.me/hanafimektebi

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

04 Aug, 16:17


АЛГАЧКЫ ТУУРА ЖООПТУ ТАПКАН АДАМГА, 1000 СОМ СЫЙЛЫК БЕРИЛЕТ ❗️



Төмөндөгү окуядагы кайсы атактуу Ислам аалымы
____________

Күндөрдүн биринде Имам, бир христиан кечилге жолугуп калат.

Христиан: «Силер мусулмандар расизмди тутунасыңар» - деп доомат коет.

Имам: «Кандайча?» - деп суроо салат?

Христиан: «Силер өзүңөргө еврей аялдарга жана христиандарга үйлөнүүгө уруксат бересиңер бирок, кыздарыңарды башкаларга никеге тургузбайсыңар» - деп айтат.

Анда Имам ага: «Биз Мусага (а.с) ыйман келтиргенибиз үчүн еврейлерге үйлөндүк, ошондой эле Исага (а.с) ыйман келтиргенибиз үчүн христиан аялдарга үйлөнө алабыз, андыктан силер да Мухаммадга (с.а.в) ыйман келтирсеңер, кыздарыбызга никеге тура алмаксыңар» - деп, кечилдин сөзүн оозунан түшүрө жооп кайтарат.

⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️⁉️

Жоопту комментарийге калтырыңыз !

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

26 Jun, 08:24


🥳🥳🥳Жагымдуу жаңылык! 🛑Алгачкы 3 адамды бекер окутабыз⤵️

🌹Жайкы эс алууну биз менен пайдалуу өткөрүңүз!

📖"Куран алиппесинен" жаңы сабак старт алды🤗

📌Сабакта сиз: арап тамгаларын жаттап, жазганды, кошуп окуганды,

📌Куран сүрөөлөрүн тажвид эрежелери менен туура окууну үйрөнөсүз.

📝Сабак жумасына 3 күн өтүлөт
4-июль биринчи сабак башталат ин шаа Аллах

💎Баасы: 1200 сом

🛑А баса, башында айткандай алгачкы 3 адамды бекер окутабыз💣
Ал үчүн:
✓ *doormedia* инстаграм каналыбызга катталып, ⬇️
https://www.instagram.com/doormedia2024?igsh=eWp5OHZjeGRybmNw
✓ бул постту историянызга коюп,(бизди белгилеп)
✓ досторунузга жөнөтүп,
✓ 5 вотсап группага бул маалыматты таратып
Анан бизге жөнөтүшүнүз керек. Болгону ошо...

Сабакты: Иорданиядагы Бүткүл Дүйнөлүк Ислам университетинин студенти Алтынай Кененбай кызы өтөт.

Ар бир окуучуга жеке мамиле кылынат, орундар чектелүү, андыктан чамдаңыз!🤗

Жакшылыкты жайылтыңыз
Балким сиз бир адамдын Куранга түшүүсүнө себепчи болоорсуз❤️

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

24 Jun, 08:07


ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ, КУРАН ХАТЫМ ЖАМААТЫ ТАРАБЫНАН
1⃣1⃣5⃣-КУРАН ХАТМГ
6⃣6⃣1⃣0⃣2⃣0⃣- ЗИКИРГЕ ИЮНЬ АЙЫНДАГЫ БЕРИЛГЕН ДУБА

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

19 Jun, 16:40


Live stream finished (43 minutes)

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

19 Jun, 15:57


Live stream started

ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ

19 Jun, 14:43



19-июнь кечки саат 22:00до

1⃣1⃣5⃣-КУРАН ХАТМГА
6⃣6⃣1⃣0⃣2⃣0⃣- ЗИКИРГЕ
дуба берилет.
Дубага катышыңыздар!

Палестиналык мусулман бир туугандарга,  тизмеде аты аталгандарга
ДУБА КЫЛЫНАТ.

🎙ДУБА КЫЛГАН; 
АБДУЛАЗИЗ КАЛМУРЗА УУЛУ

Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар!

🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊

▪️ «Ханафи Куран» аттуу 10 группага бөлүнүп, 2023-жылдын Орозо айынан бери, ар үч күн сайын бирден Куран хатым бүтүрүп келе жатабыз!

▪️ Мурда кылынган Куран Хатым дубаларды кошсок, өткөн орозодон бери 7⃣3⃣2⃣КУРАН ХАТЫМ БҮТТҮ.
Ал эми апрель айынан, июнь айына карата  1⃣1⃣5⃣ Куран хатым бүттү. Булардын баарын Палестиналык бир туугандарга , аты аталгандарга жана бардык мусульмандарга багыштадык.

Ар бир айдын аягында же башында, окулуп бүткөн Куран хатымдардын сообун, Алла жолунда бардык маркумдарга, үммөткө жана атайын аты жөнүн жазып жөнөткөн бир туугандарга (оорулуулар, кайтыш болгондор, кыйналып жаткандар, ийгилик тилегендер ж.б.) багыштоодобуз.
Ким аты жөнүн жаздырып, дуба кылдырууну кааласа, төмөндөгү үлгүдөй кылып жазып, белгиленген номерге кайрылыңыздар!

"Маркумдар" же болбосо "Шыпаа сурагандар "-деп  фамилия, атын толук жазыңыз. Төмөндөгү үлгү менен.

1. Асанов Нуртилек
2. Абдраимов Нурбек
3. Абсамат кызы Бурулсун

♦️ Ал эми ким Куран окуганды билсе, үч күндүн ичинде 1 пара Куран окуй алса, ыктыярчы болуп биздин катарга кошулса болот.

☑️  Бул демилгенин ыктыярчылар үчүн пайдалары:

1. Куран окуу дисциплинасына түшөсүз. (Кээ бир адамдар, талап болбосо, Куран окубай жүрө берет, ошондой абалдан чыгасыз).

2. Айлампа кылып окугандыктан (бөлүнгөн пара, экинчи жолкуда берилбейт 30 пара бүткөнгө чейин) ар үч айда 1, бир жылда 4 жеке хатым бүтүп турат.

3. Бир жылда бир группада 30 адамдан турган жамаат менен, 120 Куран хатым бүтөт.

4. Зээнибизди курчутабыз, ынтымакты чыңдайбыз, жүрөгүбүздү Куранга байлайбыз.

📞 Белгиленген номер (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)

(Куран хатымга ыктыярчы болуу) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)

📖 Жүрөктө Куран жашасын!

🔖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670
Биздин катарга кошулуңуз!

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi

Ссылка (инстаграм):
https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1dl5b8cs918vi&utm_content=i48fv8t

Сунуш - пикирлер боюнча (Админ):
+996773998969 (ватсап)