🤫 Базарга бардым.
📌 Базарга бардым, элтеңдеп энелер балдарына кийим алуу менен алек, канча болуп кетти дегенсип капчыгын кармап, кабагын бүркөп аталар жүрөт. Дептер алып жатканы бар, кийим чактап атканы бар, ой муну кийбейм деп, ит кыялын көрсөтүп итиреңдеп ыйлап алган балдар жүрөт.
📌 Базар да, бар кызыкты көрөт экенсиң, баарын эле көрдүм окшойт. Кызыма 1500 сомго бут кийим алсам, анысы 100 метр арыда оптом деп 350 сомдон сатып атыры. Шумдугуң курган дүнүйө, 2 шт бер десем, “жок дегенде 200 шт алышың керек байке” дейт. Ойлоп койдум, “батинке сатып эле бизнес кылып кетсе болчудай окшойт” деп.
😔 Кетели деп бир жерде отурсак, 9 жаштамын деп бир бала келди, “мага жумуш бериңиз, эмне жумуш болсо да кылам” - дейт. Ээ садагаң кетейин, сени турмуш неге мынча кыйнады экен..? Эмне иш болсо кыла берем дейт, эшик шыпырам, пол жууйм, таштанды чыгарам, товар тизем, чаң сүртөм – дейт, чыпалактай баланын балалыгын алып, ушул жашта акча табууга түрткөн кандай тагдыр болду экен, бир тараптан зээним кейип, бир тараптан турмушка бышкан, эртең элибиздин да жүгүн аркалай алган, бычакка сап бала болор бекен деп, баланын бактысын тилеп, жүрөгүм тилингендей ичим тызылдап, аргасыз гана – “жоок, биз бул жакта жөн гана конокпуз да, биз соодагер эмеспиз” деп узаттым.
🤧 Муктаж болуп турсаң тыйын берейинби деп айта албадым, баланын шагын сындырып аламбы деп аядым.
✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 27-август, 2024-жыл.