«Азаттык» радиосу

@azattyk_radiosu


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 14:40


2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган. Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга дейре абакта жатты.

2024-жылы 14-июнда сот айыпталгандарды толук актады. Бул чечим дээрлик эки жылга созулган “Кемпир-Абад ишине” чекит койгондой болду. Айыпталгандар абактан бошотулуп, үй-бүлөлөрүнө кайтканы менен өткөндөн калган жараат толук айыга элек.

“Кемпир-Абад иши” менен камалган 27 активисттин бири Эрлан Бекчоро уулу жубайы Шаршегүл Аманова экөө “Азаттыкка” маек куруп, сыноо менен коштолгон соңку эки жылды эскеришти.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 12:59


Жаңылыктар | 22.10.2024 | ИИМ Армениянын машинелерин каттоого каршы, Суданда учак атып түшүрүлдү

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 08:15


Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Судьялар кеңеши Жогорку сотунун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады. 22-октябрда Судьялар кеңешинин жыйыны өтүп, ушундай чечим кабыл алынганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Сатыевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапкан.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 06:30


🎰 Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууну сунуштоодо

Министрлер кабинети мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында кумаркана ачууну сунуштоодо.

Буга байланыштуу "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Муну менен өкмөт оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга тыюу салган ченемди алып салууну сунуштоодо. Мамлекеттин үлүшү бар мейманкаларга оюн-зоок жайларын ачуу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк берери белгиленген.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 06:06


❗️“Манас” аэропорту Суданда каза тапкан адамга байланыштуу комментарий берди

"Манас” эл аралык аэропорту аталган мекеменин күбөлүгү бар орус жаранынын Суданда учак кырсыгына кабылганына байланыштуу комментарий берди.

Аталган компаниянын билдиришинче, "Манас" деген жазуусу бар күбөлүктөгү Виктор Гранов аэропортто иштебейт жана башка компания аркылуу алар менен кызматташып келген.

"Маалыматка караганда, Суданда кыйраган учакта болжол менен каза болгондор арасында Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов болгон. Анын документинде "Манас" эл аралык аэропортунун күбөлүгү (тархетка) табылган. Ал аэропорттун кызматкери эмес, бирок "Манас" менен өзүнүн компаниясы аркылуу кызматташып келген", - деп айтылат маалыматта.

21-октябрда Суданда Ил-76 жүк ташыган учак кыйрап, анын бортунда болжол менен орусиялыктар болгону кабарланган.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

22 Oct, 02:51


Президент Путин Татарстандын баш калаасы Казанда БРИКСтин 16-саммитине келген конокторду кабыл алуу менен Москва эл аралык изоляцияда калбаганын Батышка көрсөтүүнү көздөйт.

Ал БРИКСке кирген өлкөлөрдүн тобун Батышка жана глобалдык саясатка, соода-сатыкка каршы күч катары көрсөтүүнү максат кылат.

Казанда 22-24-ноябрда БРИКС+ деген кеңейтилген форматтагы бирикменин жыйыны өтөт. Бул бирикмеге Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары кирет. #rfe_rl

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

21 Oct, 12:57


Жаңылыктар | 21.10.2024 | Динаятчы Фетхулла Гүлен АКШда каза болду

«Азаттык» радиосу

21 Oct, 05:40


Бишкек шаарынын прокуратурасынын эки кызматкери камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын прокуратурасынын эки кызматкерин (Ы. уулу Э. жана Ж.А.А.) 14-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алды. Мындай чечимди райондук сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 20-октябрда чыгарды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен айып тагылууда.

Бир катар сайттар камакка алынган адамдар Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев экенин жазып жатышат. Райондук сот тараткан инициалдар алардын аты-жөнүнө туура келет.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдирди. Ал эми УКМК козголгон иш тууралуу комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

20 Oct, 08:29


CNN: Яхья Синвардын сөөгү туткундарга алмашуусу мүмкүн

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвардын сөөгү Газада барымтада кармалып турган израилдик туткундарга айырбашталышы ыктымал. Бул тууралуу CNN телеканалы Израилдеги булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын булактары барымтада кармалып тургандарды бошотуу - ХАМАС үчүн лидеринин сөөгүн алууга жалгыз мүмкүнчүлүк болушу ыктымалдыгын айтышкан. Израил бир жылдан ашык убактан бери барымтада жаткан жарандарын бошотуунун жолдорун караштырып жатканы айтылды. CNNдин булактары ошол эле кезде Синвардын сөөгүн кайтаруу ХАМАСтын мүчөлөрүн бириктириши ыктымалдыгын да белгилешкен.

ХАМАС радикал тобунун лидери Яхья Синвар өлтүрүлгөнү тууралуу Израил 17-октябрда маалымдаган. Эртеси маалыматты ХАМАС ырастаган. Израилдеги соттук медицина борбору Синвар 16-октябрда башына ок жеп өлгөнүн билдирген.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

20 Oct, 05:30


Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде Анарбек Бакаев атындагы академия ачылды.

Бишкектеги окуу жайдын ачылышына президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өлкө жетекчилери катышты жана бул окуя улуттук коопсуздук жаатындагы маанилүү окуя катары бааланды.

Буга чейин кыргыз чекисттери адатта Орусиядан билим алып келген жана кадр даярдоодо Федералдык коопсуздук кызматынын таасири чоң экени, иштөө ыкмасы окшоштугу айтылып жүргөн.

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу

19 Oct, 09:02


Бишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында мыйзамсыз, жашыруун кумаркана аныкталганын билдирди. Милицияга бул жай тууралуу маалымат түшүп, 18-октябрда ыкчым-тергөө иш чараларынын алкагында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйү тинтүүгө алынган. ИИМ бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын катыштыгы болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат болгонун билдирүүдө.

Кумаркана уюштурууга шектүүлөр, кызматкерлер жана кумар оюндарын ойноп жаткандар милицияга жеткирилген.

Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (“Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектелип 29 жана 30 жаштагы эки жаран милициянын убактылуу тергөө абагына камалды.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

2022-жылы чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган.
Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино мыйзамдуу иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. https://smarturl.click/O02RD

«Азаттык» радиосу

19 Oct, 07:22


Айдоочулук күбөлүк үчүн сынактар онлайн көрсөтүлүп турат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

“Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп жатат. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу үчүн кабыл алынды”, - деп жазылган маалыматта. https://smarturl.click/5O5Go

«Азаттык» радиосу

19 Oct, 07:19


Чаткалдагы кар көчкү алдында калган акыркы үч адамдын да сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай аймагында болгон кар көчкү окуясында дайынсыз болгон акыркы үч адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн саат 10:30да куткаруучулар акыркы үч адамдын сөөгүн табышты. Бир күн мурда, 18-октябрда дагы үч адамдын сөөгү табылып, Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.

Бүгүн эрте менен саат 07:30да жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу жөнөп кеткен. Кийинчерээк, саат 08:34тө Airbus H145 тик учагы кошумча куткаруучуларды жана кар көчкү станциясынын кызматкерлерин алып учуп кеткен. Көп өтпөй дагы кошумча 16 куткаруучу жиберилген.

Трагедиялык окуянын жыйынтыгында алты адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табылган сөөктөрдү ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Бул окуя Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы кар көчкү коркунучун дагы бир жолу эске салды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды тоолуу аймактарга барганда сак болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган. Кененирээк: https://smarturl.click/EeDq5

«Азаттык» радиосу

19 Oct, 04:49


ТИМ Москвада "кыргызстандык кыз зордукталды" деген окуя тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Москвада кыргыз жараны кыргызстандык кызды зордуктады" деген окуя тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди.

Мекемеден билдиргендей, зордуктоого шектелген жигит жана кыз Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө чакыртылган. Алар экөө тең Орусиянын жарандыгын алганы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызга Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылуу кеңеши берилген.

Азырынча ал укук коргоо органдарына кайрылган-кайрылбаганы белгисиз. Сөз болуп жаткан эки жаран тең окуя тууралуу комментарий бере элек.

Мунун алдында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Москва шаарында теги кыргызстандык жаран башка бир кыргыз жаранын алдап, токойго алып барып зордуктап койгонун жазып чыккан. Мындай аракетке барган адам жабырлануучуну видеого тартып, аны интернетке таратып жибергени маалымдалган. Молдокматова бул окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрилиги реакция жасаганын белгилеген. https://smarturl.click/xBQ9Z

«Азаттык» радиосу

19 Oct, 04:39


Чаткал: кар көчкүдө калгандарды издөө иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши кайра башталганын кабарлады. Маалыматка караганда, 19-октябрда саат 08:34тө издөө иштерин улантуу үчүн министрликтин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти.

https://smarturl.click/EeD2V