СЫНООДОН САКТООЧУ ДУБА
Ким сыноодон кыйналган адамды көрүп:
АЛХАМДУ ЛИЛЛААХИЛЛАЗИ ААЪФААНИ МИММА ИБТАЛААКЯ БИХИ УА ФАДДОЛЯНИ ААЪЛА КАСИИРИН МИММАН ХОЛАКЯ ТАФДЫИЛЯ.
لله الحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي عَافَانِي مِمَّا ابْتَلاَكَ بِهِ وَفَضَّلَنِي عَلَى كَثِيرٍ مِمَّنْ خَلَقَ تَفْضِيلاً
«Сенин башыңа түшкөн сыноодон мени сактаган жана Ал жараткан көптөгөн адамдардын арасынан мени артык кылган Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун» деп айтса, анда ал андай сыноого кабылбайт.
Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.
Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот.
Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге сыноодон сактаган дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, күнөөкөр, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айтсак, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт.
✔️ Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.