•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

@ilim_kabarchy


•ТЕСТ📋
•𝐗𝐀ДИ𝐂𝐓𝐄𝐏•𝐀Я𝐓𝐓𝐀𝐏📚
•𝐓𝐀𝐂И𝐏ДҮҮ ВИД𝐄𝐎 Б𝐀Я𝐇Д𝐀𝐏.⚖️

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

22 Oct, 13:47


🟩 ХАДИС 🟩


قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يَتَقَارَبَ الزَّمَانُ فَتَكُونُ السَّنَةُ كَالشَّهْرِ وَالشَّهْرُ كَالْجُمُعَةِ وَتَكُونُ الْجُمُعَةُ كَالْيَوْمِ وَيَكُونُ الْيَوْمُ كَالسَّاعَةِ وَتَكُونُ السَّاعَةُ كَالضَّرْمَةِ بِالنَّارِ. (ت)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:

“(Убакыттын берекети азайып) жыл ай сыяктуу, ай жумадай, жума күндөй, күн сааттай, саат отто күйгөн кургак чөптөй кыска болмоюнча, кыямат келбейт”.

🟩 (Сунан Тирмизи)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

22 Oct, 13:47


⚜️ХАДИС ⚜️

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: تَعَلَّمُوا مِنْ أَنْسَابِكُمْ مَا تَصِلُونَ بِهِ أَرْحَامَكُمْ، فَإِنَّ صِلَةَ الرَّحِمِ مَحَبَّةٌ فِي الْأَهْلِ، مَثْرَاةٌ فِي الْمَالِ، مَنْسَأَةٌ فِي الْأَثَرِ. (ت)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам айтат:

«Карым-катнашта болуу үчүн жакын туугандарыңды үйрөн. Анткени карым-катнаш туугандардын ортосундагы сүйүүгө, байлыктын көбөйүшүнө, өмүрдүн (берекетинин) көбөйүүсүнө себеп болот».

(Сунан Тирмизи)⚜️

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

21 Oct, 05:26


🔶~ ХАДИС ~🔶

📜Асма' бинти Язийд (Аллах андан ыраазы болсун):

"Аллахтын Элчиси ﷺ :
- Силердин араңардан эң жаманыңар ким экенин кабарын берейинби?
- Ооба, - дешти.
- Силердин эң жаманыңар (ар жерде) ушак таратып, бири-бирин жакшы көргөн адамдардын ортосун бузуп жана күнөөсүз адамдар үчүн (жалган айтып) фитна кылып жүргөндөр,- деди."

📚Адабуль-муфрод 246.
Шейх Альбани хадисти хасан деген.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

21 Oct, 05:23


🔶~ ХАДИС ~🔶

📜Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

"Үч нерсе болбогондо адамдар оңолушмак:

1) сараңдыкка моюн сунуу,
2) хауага (напсыга) ээрчүү,
3) ар бир ойчул адам өзүнүн оюна таң калуу (туура деп оюна ээрчүү)"

📚Аз-Зухд 729, Ахмад ибн Ханбал. Хасан.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Oct, 06:23


📌Мусулмандын мусулманга болгон жакшылыгы - ага жашыруун дуба кылуусу

📜Абу Дарда Аль-Ансорийдин риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Кайсы бир мусулман башка бир мусулман тууганына жашыруун дуба кылса, периште: "(Амийн ошол нерсе )Сага дагы болсун"-деп айтат", - деди.

📚Муслим: 2732

Ахмад ибн Ханбал рохимахуллох:

"Мен кырк жылдан бери намазымда Мухаммад ибн Идрийс Шафиъийге (Имам Шафиъийге) дуба кылып жатам", - деген.

📒Манакиби Аш-Шаафиьий Байхакий 2/ 254

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Oct, 06:18


🔸ХАДИС🔸

📜Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:

“Ким илими жок туруп чечим чыгарса анда анын күнөөсү чечим чыгарган адамга жазылат. Кимде-ким бир тууганына кеңеш берүүдө тууралыкты билип туруп бирок башкасына жол көргөссө, чындап кыянат кылыптыр”


[Абу Дауд]

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

19 Oct, 05:34


КҮНӨӨЛӨРДҮ КИЧИНЕ ДЕП ЭСЕПТЕБӨӨ

Анас бин Малик (р.а.) айтат: “Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир жортуулда сахабалары менен бирге бир өрөөндө калат.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларынан отун чогултууну суранат.

Бирок ал жерде эч кандай отун жок болчу. Сахабалар: “Оо, Расулуллах! Бул жерде эч кандай отун көргөн жокпуз” – деп айтканда. “Тапканыңарды кичине деп айтпагыла” – дейт.

Ошондон кийин сахабалар тапкандарын чоң-кичинесине карабай чогултуп, бири-биринин үстүнө үйүп коюшат.

Ошондон улам чоң үймөк пайда болгон. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) айтты: “Абайлагыла, силер кичине деп эсептеген жакшылык менен жамандык мына ушундай. Кичинекей күнөөлөр биринин үстүнө, чоң күнөөлөр бири-бирине, жакшы-жаман амалдар биринин үстүнө болуп отуруп ушундай чоң болот” – деп айтты.

Момун пенде ыйманы күчтүү болгондуктан кичинекей күнөөлөрүн чоң көрөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: “Момун күнөөсүн (жүрөгүндө ыйман нуру менен) анын үстүндө турган тоодой көрүп, анын үстүнө кулап калуудан коркот.

Ал эми мунафык болсо мурдунун учуна конуп, дароо кууп чыга турган чымындай күнөөсүн баалабайт” – деп буйруйт.

Аалымдардын бири айтты: Кечирилгис күнөө – бул пенденин кылган күнөөсүнөн кийин айткан сөзү: “Ар бир кылган күнөөм ушундай болсо!”.

Бул сөз ал адамдын ыйманы алсыз болгонун, Аллах жана Анын Улуулугун таануусу алсыз жана чектелүү болуусунан. Эгерде ал илимдүү адам болсо, кичинекей күнөөлөрүн чоң көрмөк.

Аллах Таала кээ бир пайгамбарларына мындай деп вахий кылган: “Белектин кичинелигине карабагыла. Белек берүүчүнүн даңкынын улуулугун кара. Каталардын кичинесине караба. Сен кимге каршы күнөө кылганыңдын улуулугун кара” – деди.

Сахабалардын кээ бирлери мындай деген: “Сен өзүңдүн көзүңө кичинекей көрүнгөн кээ бир иштерди жасайсың. Биз аларды кыйроого алып келе турган чоң нерселер деп эсептейбиз”.

Сахабалар Аллахка жана Расулуна болгон жакындыгы үчүн ушундай айтышкан. Кыскасы, наадандар чоң деп эсептебеген нерсени аалымдар чоң деп эсептейт.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

19 Oct, 05:32


🟩ХАДИС🟩

*قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ الرَّجُلَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ لَا يُرِيدُ بِهَا بَأْسًا إِلَّا لِيُضْحِكَ بِهَا الْقَوْمَ فَإِنَّهُ لَيَقَعُ مِنْهَا أَبْعَدَ مِنَ السَّمَاءِ. (حم)*

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Чындыгында, адам бир нерсени күнөө кылууну көздөбөстөн, элди күлдүрүү үчүн айтат жана ошол сөзүнүн айынан ал асмандан бийик жерден кулап түшкөндөй кыйрап калат».

📚 (Муснад Ахмад бин Ханбал)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Oct, 10:18


Ким илим алууну кааласа 10 нерсени өзүнө адат кылсын...

1) Эки рекет болсо да түнкү намаз>

2)Дайыма даарат менен жүрүү>

3) Ички жана сырткы дүйнөсү менен тообо кылуу>

4) Мисвак колдонуу>

5) Дайыма китепти кайталоо>

6) Устазга урмат көрсөтүү>

7) Куран окуу>

8) Ата-эненин кызматында болуп, дубаларын алуу>

9) Кулк-мүнөздү кооздоо>

10) Дайыма (илимде) аракетте болуу аз болсо да>

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Oct, 10:11


ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТҮҮЧҮ БЕШ АМАЛ:

1. ЖАКШЫ АМАЛДАРДЫ АТКАРУУ ЖАНА ЫРЫСКЫНЫ АЛЛАХТАН СУРОО

2. БИЗГЕ БЕРИЛГЕН ЫРЫСКЫ НЭЭМАТТАРДЫН АЛЛАХТАН БЕРИЛЭЭРИН БИЛИП, ШҮГҮР КЫЛУУ

3. ЫСЫРАП КЫЛБО0

4. ЭРТЕ МЕНЕН ЭРТЕ ТУРУУ

5. AP KYHY КЕЧИНДЕ "ВАКИА" СҮРӨӨСҮН ОКУУ

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Sep, 03:28


🕊Адамды бактылуу кылган сапаттар...!)

- Бекем ыйман жана ишеним.
- Кооз амалдар, сооптуу иштер.
- Чынчылдык, ыхластуулук.
- Адилеттүлүк.
- Калыстык, ынсаптуулук
- Илим жана агартуулук.
- Адеп-ахлак.
- Мээрим, мамиле.
- Боорукердик.
- Аруулуу жана тазалык.
- Сабыр, чыдамдуулук.
- Берешендик, аракет.
- Момундук, кичипейилдик.
- Адамгерчиликтүү.
- Кайраттуулук, эрдик.
- Чынчылдык, тууралык.
- Меймандостук, сыйлуу.
- Шүгүрдүк, ыраазычылыктуу.
- Тилди тыйуу, сыр сактоо.
- Убадага туруу.

Башталган ар бир күнүңүздөр ушундай жакшы сыпат, мүнөздөргө толсун...!) 😊🫀

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Sep, 11:26


Сүрөлөр жана алардын жардамы:

«Нас» - сүрөөсү жаман ойлордон сактайт.
«Ясин» - сүрөөсү кыямат күнү чаңкоодон сактайт.
«Кафирун» - сүрөөсү өлүм учурунда куфрдан сактайт.
«Фатиха» - сүрөөсү Аллахтын каарынан сактайт.
«Мүлк» - сүрөөсү кабыр азабынан сактайт
«Ихлас» - сүрөөсү эки жүздүүлүктөн сактайт.
«Каусар» - сүрөөсү душмандын (жамандыгынан) душмандыгынан сактайт.
«Вакиа» - сүрөсү жакырчылыктан жана ачкачылыктан сактайт.
«Фалак» - сүрөөсү кырсыктан сактайт.

: @sol1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Sep, 11:20


Кабырга бара жатканда
Оронбогон кыз да , оронгон абалда жерге берилет .😢💔

Түшүнгөн түшүндү!)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Sep, 07:27


🕊Дуба кылуунун формуласы:
بسم الله الرحمن الرحيم

1) Алгач Аллах Таалага мактоо айтуу.
2) Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.вга салават айтуу.
3) Күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроо.
4) Аллахтан акыреттеги жагдайыбызды женилдетишин суроо.
5) Өз дубаңызды чын ихлас менен айтуу.
6) "Роббана- атина" дубасын айтуу
7) Салават айтуу
8) "Аминь" деп бүтүрүү




Билип жүрөлү жана амал кылалы 🫀

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Sep, 07:24


Дуа кабыл болуучу убактар...

• Жамгыр жаап жаткан учурда

• Азан айтылып жаткан учурда

• Жума күнү кылынган дуа

• Короз кыйкырган учурда

• Саждада учурунда кылынган дуа

• Түнкү намазда да кылынган дуа

• Сапарда жүргөндө кылынган дуа

• Даарат алгандан кийинки дуа

• Ооз ачуу убагында кылынган дуа

• Арафат күнүндөгү кылынган дуа

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Aug, 02:04


ЖУМА НАМАЗЫ

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде силерден кимдир-бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул, даарат алып келсин!”

(аль- Бухари; Муслим).

Жумаңыздар Маарек болсун!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

06 Aug, 16:05


https://www.instagram.com/reel/C-U65hgNoJ_/?igsh=dG5va3Iycm9rMW1t

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Aug, 14:27


Сиздерге Жараткандын тынчтыгы,берекеси саламы болсун! амансыздарбы?

Биздин "Илим Кабарчы" диний баракчасынын инстаграм каналына кошулуңуз!


https://ig.me/j/Abb21uCtkQ3tM2dT/

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Aug, 14:21


🔸ХАДИС 🔸


🔸 Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ( Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:

Аллахтан чыныгы уялуу менен уялгыла!

Айтышты: Оо, Аллахтын пайгамбары Аллахка мактоо- шугурлор болсун! Албетте, биз уялабыз.

Мухаммад ﷺ Айтты: Ал уялуу Маскат эмес, а бирок чыныгы уялуу башты жана андай жайгашкан мүчөлөрдү ( тил , коз, кулак ж.б.у.с мүчөлөрдү) арамдан сактоо, курсакты ( арам жегенден) жана анын айланасындагы мүчөлөрдү ( күнөө ишке иштетүүдөн ) сактоо, өлүмдү жана кабырда чирип калган соокко айланууну эстөө.

Кимде- ким, Акыретти кааласа , анда ал бул дүйнө кооздугун таштайт( берилбейт) .

Кимде - ким, мына ушулардын баарын аткарса, анда ал анык Аллахтан чыныгы уялуу менен уялыптыр.

( Тирмизий )

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

01 Aug, 03:49


🟩🔸ХАДИС 🔸🟩


قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى عليه وسلم: كُلُّ اُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ اِلَّا مَنْ اَبَي قَالُوا يَا رَسُولَ الله وَمَنْ يَاْبَي قَالَ مَنْ اَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ اَبَي
( رواه البخاري728)

🟩🔸Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: Баш тарткандардан башка менин уммотуидун баары бейишке кирет.

Сахабалар айтышты: Оо, Аллахтын элчиси! ( бейишке кируудон ) ким баш тартат?
Айтты: Ким мага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми, ким баш ийбесе, чынында ал баш тартты.

( Бухарий:728)

4,096

subscribers

88

photos

61

videos