БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

@balatarbia


Бала тарбиялоо - бул өзүңдү тарбиялоо
Бала- Аллахтын бизге берген аманаты

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

23 Oct, 03:01


https://ya.ru/video/touch/preview/15308451645771152238

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

23 Oct, 02:59


Кино кандай экен жазып коюнуздарчы ээ 👇

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

23 Oct, 02:59


https://youtu.be/O4D981So7-M?si=3ht5KUYJ-jwommVo

Балдар менен коро турган кино

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:40


Архаизм (грек.— эскирген сөздөр) — мурда тилде активдүү колдонулуп, кийин колдонуудан чыгып калган сөздөр
Көркөм чыгармачылыкта сүрөттөлүп жаткан мезгилдин мүнөзүн, доордун реалдуу элесин, каармандардын тилдик бөтөнчөлүгүн берүү үчүн сөз устаттары архаизм сөздөрдү пайдаланышат. Колдонуудан чыгып, архаизмге айланган сөздөр көбүнчө диний түшүнүктөр, адат-салттар, тиричиликте колдонуудан чыгып калган буюм-теримдердин аталыштары болуп эсептелет.

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:40


Архаизмдер (грекче archбios - байыркы, эскирген) - активдүү колдонуудан чыгып калган сөз, сөз түркүмдөрү, синтаксистик конструкциялар жана грамматикалык формалар (мисалы, отараба, манат, найза жана башка).

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:38


Көөнөргөн сөздөр - жашоо турмушта, маданият менен илимде, техника, саясат менен идеологияда, адамдардын жашоого болгон көз карашында дайыма кыймыл болуп турары белгилүү.
Мына ушундай өнүгүү, өзгөрүү учурунда кайсы бир реалдуу заттар, анын айрым бир варианттары колдонуудан чыгып же өркүндөтүлүүгө дуушар болот. Бул тилге да өз таасирин тийгизип, сөздөрдүн колдонуудан чыгып калышына же тескерисинче, жаңы сөздөрдүн, жаңы маанилердин пайда болушуна алып келет. Колдонуудан чыгып калган сөздөр, жалпы жонунан, Көөнөргөн сөздөр деп аталат.
Көөнөргөн сөздөрдүн маанилери көбүнчө тектеш тилдердеги жана диалектилердеги фактылар аркылуу аныкталат. Ошондой эле алардын айрымдары өз алдынча колдонулбастан, туруктуу сөз айкалышынын бир түгөйү катары колдонулуп калгандыгын көрөбүз. Лексикалык составдын байышына караганда анын көөнөрүшү жайыраак болот. Анткени эл арасында кеңири колдонулуп жүргөн сөздөрдү тилден дароо эле сүрүп таштоого болбойт. Ошондуктан Көөнөргөн сөздөр оозеки кепте, чыгармаларда көпкө чейин жашай берет. Сөздөр көөнөрүү жагдайы боюнча бири-биринен айырмаланып турат, ошондуктан аларды тарыхый сөздөр (историзмдер) жана архаизмдер деп экиге бөлүп кароого туура келет.

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:36


Неологизмдер адабий тилди байытуучу, өркүндөтүүчү булактардан болуп эсептелет. Ошондуктан жазуучулар чыгармаларында неологизмдерди кеңири колдонушат. Неологизмдер сөздөр көркөм адабиятта каармандардын интеллектуалдык деңгээлин, кесибин, жекече мүнөзүн ачып берүү менен жазуучунун тил мадабиятын байытат. Неологизмдер жаңы түшүнүктөр, туюнтмалар аркылуу гана эмес, эски сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болуусунун негизинде да курулушу мүмкүн. Мисалы,«борбор» деген сөз мурда кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордонун дал ортосуна коюлган тыйын турган жерге карата айтылчу. Кийин бул сөз «борбор шаар» деп жаңы мааниге өттү. Ар мезгилдин өзүнүн неологизм сөздөрү бар. Азыр экономикага, компьютерге, техникага, саясатка байланыштуу көп жаңы сөздөр тилибизге улам-улам кирип жатат. Неологизм кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерде, монографияларда арбын учурайт. Жаңы илимий түшүнүктөрдү, туюнтмаларды, аныктамаларды берүүдө неологизмди колдонуу зарыл.

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:35


Неологизм (гр. — жаңы сөз) —

илимдин, техниканын, маданияттын өсүп-өнүгүшү менен эне тилдин лексикасына жаңыдан кирип келе жаткан сөздөр.

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:33


Ити чөп жей баштаган –

Итине бере турган тамагы жок


Иши оңоло баштаган киши


Депутат


Жакыр киши

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:32


Момун –

Бөйрөктөн шыйрак чыгарган


Битин сыгып, канын ичкен


Сиркеси суу көтөрбөгөн

Кой оозунан чөп албаган

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:31


Чычканга кебек алдырбаган –

Сак


Шамдагай


Акылдуу


Момун

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:30


.Эки көзү төрт болуу –

Уйкусуроо


Көз айнекчен


Чыдамсыздык менен күтүү


Таң калуу

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:29


Төөнүн куйругу жерге тийгенде –

Он жылдан кийин


Эртең


Эч качан


Бир жылдан кийин

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:29


1. Үрүп чыгаар ити жок

Кедей


Сараң


Ити жок, мышыгы бар


Итти жаман көргөн киши

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

22 Oct, 06:28


Кыргыз тилиндеги фразеологизм сөздөр
Кыргыз эли илгертеден сөз баккан эл. Ар бир сөздүн орду, мааниси жана касиети бар деп коет эмеспи. Ошол сыяктуу акындардын ыр-саптарында, жазуучулардын чыгармаларында камтылган фразеологизм сөздөрдүн маанисин билесиздерби? Төмөнкү тестке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

21 Oct, 16:05


"Балдардын сени эшиктен тосуп алуусу – бул жашоодогу эң чыныгы жана баалуу сүйүү, анткени алар үчүн сен ар дайым баатырсың."

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

21 Oct, 16:05


"Сени үйдө балдарың күтүп турганда, күндүн кандай өткөнүнө карабай, жүрөгүң жылыйт, анткени алар менен чогуу болуу эң чоң бактылуулук."

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ | БАЛА ТАРБИЯЛОО | РАНО АКМАТОВА

21 Oct, 16:05


"Үйдө сени балдарыңдын күтүп турганын билүү — бул эң жакшы сезим, анткени алардын сүйүүсү менен кубанычы бардык чарчоону унуттурат."

5,450

subscribers

941

photos

353

videos