ИСЛАМ ТААНУУ

@islamtaanuu


📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

ИСЛАМ ТААНУУ

16 Oct, 12:18


📜Сабактын темасы:

Үч негиз китебинен болгон суроо-жооптор

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

03 Oct, 05:29


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он бешинчи сабагы

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

02 Oct, 06:07


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он төртүнчү сабагы

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

03 Sep, 10:51


📜Сабактын темасы:

Исламда аялдар жүздөрүн жабуу барбы?

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!

ИСЛАМ ТААНУУ

18 Aug, 04:30


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он үчүнчү сабагы: Аллахтын Элчисинин миражга көтөрүлүп намаздын парыз болушу тууралуу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

10 Aug, 20:46


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он экинчи сабагы: Аллахтын Элчисинин ата-теги, жубайлары жана балдары тууралуу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

30 Jul, 04:37


Төртүнчү

Аллахты зикир кылып жатуу


Али ибн Аби Толиб риваят кылган хадисте Аллахтын Элчисинин кызы Фатима Алиге жардам берип үйүндө жаргылчак тарткандыктан колу чор болуп жардамчы сурап Аллахтын Элчисине келет, атасын үйүнөн таппай, кийин Аллахтын Элчиси кызынын келгенин угат да Алинин үйүнө барып Али менен Фатима кызына мындай деп айтат:
- Силер сураган кызматчыдан да жакшыраак нерсе үйрөтөйүнбү? Силер төшөкө жатардын алдында отуз үч жолу Субханаллах, отуз үч жолу Алхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп зикир кылып жатууңар - силер сураган кызматчыдан да жакшыраак",-деп айтат.

📚Бухари 5362

Аалымдар: Кимде ким бул зикирди жатарда дайыма айтып жүрчү болсо - ал адам чарчоого чалдыкпайт деп айтышкан


Бешинчи

Даарат алып оң каптал менен жатуу

Баро ибн Азибтен риваят, Аллахтын Элчиси:
"Эгерде уктоону кааласаң намазга даарат алганыңдай даарат алып андан соң оң капталың менен жаткын"-, деди

📚Бухари 247


Көмкөрүсүнөн жатса болобу?


Абу Хурайра риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси көмкөрөсүнөн жаткан бир адамды көрүп, ага:
- Оо баланча мындай жатууну Аллах жакшы көрбөйт"-, деди.

📚Тирмизи 2768
Албани
Ахмад Шакир сахих дешкен



Абу Зар риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси мени мечитте көмкөрөмдөн уктап жатканымды көрүп, Оо Абу Зар, бул жатыш тозок ээлеринин жатышы деп айтты"

📚Ибн Мажах 3724
Албани сахих деген


Алтынчы

Дубасын айтуу


Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси жатуу үчүн төшөгүнө барганда "Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа"",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6312


اللَّهُمَّ بِاسْمِكَ أَمُوتُ وَأَحْيَا


Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа

Оо Аллахым, өзүңдүн атың менен уктап, өзүңдүн атың менен ойгономун


Уйкудан ойгонгондо айтылуучу дуба

Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси уйкудан ойгонсо "Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6314


الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَمَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ

Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур


Бизди уктаткандан кийин кайра (рухубузду кайтарып) ойготкон Аллахка мактоолор болсун ырасында биз ага кайтабыз


🖌 Талас Артыкбаев

👉 t.me/islamtaanuu

Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз

ИСЛАМ ТААНУУ

30 Jul, 04:37


Уктоонун адептери

Динибиз толук болгондуктан кантип жатуу керектиги тууралуу адептер дагы сүннөттө келген. Азыркы учурда ушул сүннөттөргө амал кылбай таштагандан улам кээ бир адамдар түнкүсүн мени албарсты (жин) басып жатат же жаман түштөрдү көрүп чоочуп ойгоно берем ж.б.у.с. ар кандай жаман нерселерди айтып даттанышат. Албетте мунун баары сүннөттө келген аяттарды, дубаларды айтпай жаткан себептүү болот. Эгерде мусулман төмөнкү хадистерге чын ыхластан амал кылып адеби менен жаткан болсо - ал баардык жамандыктан саламатта таң аттырары күмөнсүз.


Биринчи

Үч сүрөөнү окуп дем салуу

Аиша энебиз айтат:
"Аллахтын Элчиси ар дайым жатардын алдында эки колун жыйнап кийин оозу менен эки колуна үйлөп Ыхлас, Фалак, Наас сүрөлөрүн окуп, эки колу менен башынан баштап бети ж.б. колу жеткен жерлердин баарына сыйпап, ушул нерсени үч жолу кылат эле.

📚Бухари 5017



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ ۝ ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ ۝ لَمۡ یَلِدۡ وَلَمۡ یُولَدۡ ۝ وَلَمۡ یَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُۢ ۝﴾



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ ۝ مِن شَرِّ مَا خَلَقَ ۝ وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ ۝ وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّـٰثَـٰتِ فِی ٱلۡعُقَدِ ۝ وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ ۝﴾


بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ ۝ مَلِكِ ٱلنَّاسِ ۝ إِلَـٰهِ ٱلنَّاسِ ۝ مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ ۝ ٱلَّذِی یُوَسۡوِسُ فِی صُدُورِ ٱلنَّاسِ ۝ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ ۝﴾




Экинчиси

Аятул Курсини окуу


Абу Хурайра риваят кылган хадисте:
"Аллахтын Элчиси Абу Хурайраны Рамазандан түшкөн фитир садаканы кайтаруу үчүн дайындайт, түндө бир бечара адам келип уурдап жаткан жеринен Абу Хурайра кармап алат да жалдыраганынан боору ооруп эки жолу койо берет.  Үчүнчү жолу дагы кармап алып, мен сени Аллахтын Элчисине алып барамын деп айтат. Ошондо ал:
- Мени койо берсең мен сага бир жакшы нерсе үйрөтөмүн - деп убада берет. Ал эмне деп айтканда:
- Сен жатардын алдында Аятул Курсини окуй турган болсоң - таң атканча сага шайтан жолобойт - деп айтат. Кийин Абу Хурайра ушул сөзүн Аллахтын Элчисине айтып берсе, Аллахтын Элчиси мындай деп айтат:
- Сага келген ал шайтан өзү, жалганчы болсо да сага туура нерсени айтыптыр - деп анын айткан сөзү чын экенин тастыктайт. Ошон үчүн кимде ким жатардын алдында Аятул-курсини окуп жатчу  болсо - ага таң атканча шайтан жакындабайт."

📚Бухари 2311



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ


﴿ٱللَّهُ لَاۤ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَیُّ ٱلۡقَیُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةࣱ وَلَا نَوۡمࣱۚ لَّهُۥ مَا فِی ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَمَا فِی ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِی یَشۡفَعُ عِندَهُۥۤ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ أَیۡدِیهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا یُحِیطُونَ بِشَیۡءࣲ مِّنۡ عِلۡمِهِۦۤ إِلَّا بِمَا شَاۤءَۚ وَسِعَ كُرۡسِیُّهُ ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا یَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِیُّ ٱلۡعَظِیمُ﴾
(Бакара 255)



Үчүнчүсү


Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу


Абу Масъудтан риваят, Аллахтын Элчиси айтты:
"Кимде ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуй турган болсо ага бул эки аят (бардык жамандыктан саламатта болууга) жеткилүктүү болот",- деген.

📚Бухари 5008



     بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَاۤ أُنزِلَ إِلَیۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَـٰۤىِٕكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ أَحَدࣲ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُوا۟ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَیۡكَ ٱلۡمَصِیرُ ۝٢٨٥ لَا یُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَیۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَاۤ إِن نَّسِینَاۤ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَیۡنَاۤ إِصۡرࣰا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِینَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۤۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَـٰفِرِینَ ﴾
(Бакара 285, 286)

ИСЛАМ ТААНУУ

27 Jul, 09:52


📜Сабактын темасы:

Куран сүннөттө кабар берилген кээ бир тозоктун азаптары туурасында

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

16 Jul, 04:52


Төртүнчү сыпаты


Он жолу Субханаллах, он жолу АльхамдуЛиллах жана он жолу Аллоху акбар деп айтуу


Буга далил:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Кедей мусулмандар Аллахтын Элчисине келишип:
-Оо Аллахтын Элчиси, колунда барлар биз сыяктуу эле намаз окушуп, жихад кылышып, бирок алардын акчалары болгон себептүү (хаж, умра, жихадга жардам берүү жана садака берүү аркылуу) бизден озүп кетип жатышат. Ал эми биздин андай кылууга мал-мүлкүбүз жок дешкенде, Аллахтын Элчиси:
- Мен силерге бир амалдан кабар берейинби? Эгер ага амал кылсаңар өзүңөрдөн артта келе жаткандардан озуп, алдыда кетип жаткандарга кууп жетесиңер. Эгерде алар ушуга амал кылышпаган болсо - деп, ал нерсе Ар бир парыз намаздын артында он жолу субханаллах, он жолу АльхамдулиЛлах жана он жолу Аллах акбар деп тасбих айтууңар деди"

📚Бухари 6329




Төрт түрлүү тасбихтин эң жакшысы кайсыл?


Бул зикирлердин кайсынысы жакшы деген маселеде илим ээлери ар түрдүү пикирлерди айтышкан. Кээ бир ааламдар Абу Хурайранын хадисиндеги отуз үч жолудан келгени жакшы, себеби анда Аллакка отуз үч жолудан токсон тогуз жолу тасбих айтылып, артынан лаа илааха иллаллох ... деп айтылат деп айтышса, кээ бир ааламдар Зайд ибн Сабиттин хадисинде келген үчүнчү сыпаты жакшыраак дешет. Себеби анда жыйырма бештен Аллахка төрт түрлүү тасбих айтылса, анын ичинде зикирдин эң жакшысы болгон лаа илааха иллаллоху жыйырма беш жолу айтылат. Башкасында бул зикир бир жолу айтылса башка түрүндө жок деп айтышкан.



Зикирлер кандай айтылат?


Ахли сунна аалымдары: Намаздан кийин айтылуучу зикирлер сахих хадистерде төрт түрлүү болуп келген, мусулман ушул төрт түрүнүн жакшысына амал кыла берет, бирок башка сүннөттөрдүн дагы сообуна жетүү үчүн кээде бул түрүнө, кээде тигил түрүнө алмашып амал кыла берсе болот, бул динибиздин бизге берген чоң жеңилдиги дешкен.

Шейх Усеймин (рохимахуллох) айтат:
"Мусулман кээде зикирлердин алмаштырып турганы ыкласына да жакшы болот, себеби бир зикирди дайыма айтчу болсо тили үйрөнүп калгандыктан апараттай болуп көңүлү башка жака кетип калышы толук мүмкүн жана ошондой эле мусулман шашпаган учурда отуз үчтүгүнө амал кылып жүрсө муктаждыгы болуп убактысы таар болгон учурда ондугуна амал кылса сүннөттү таштабай бул түрүнө да амал кылган болот."


🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макаланы башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуздар.

ИСЛАМ ТААНУУ

16 Jul, 04:52


Намаздан кийин айтылуучу тасбихтердин түрлөрү


Биринчи сыпаты:

Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу,
Аллаху акбар отуз үч жолу жана
жүзүнчүсү
"Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр" деп айтуу



Буга далил:

Абу Хурайрадан риваят, "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: Кимде ким ар бир парыз намаздын артында отуз үч жолу субханаллах, отуз үч жолу АльхамдулиЛлах жана отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтып жүзүнчүсүн Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр деп айтса анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болса дагы кечирилет".

📚Муслим 597




Экинчи сыпаты:


Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу.


Буга далил:

Кааб ибн 'Ужродон риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Бири биринин артынан айтылуучу зикирди айткан адам өкүнбөйт, ал зикир субханаллахты отуз үч жолу,  алхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу деди."

📚Муслим 596



Үчүнчүсү сыпаты:


Субханаллах жыйрма беш жолу, АльхамдуЛиллах жыйрма беш жолу, Аллаху акбар жыйрма беш жолу жана лаа илааха иллаллохту жыйырма беш жолу айтуу



Буга далил:


Зайд ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Биз намаздан кийин отуз үч жолу Субханаллах отуз үч жолу Альхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп айтууга буйрулган элек, кийин сахабалардын биринин түшүндө ага бирөө силерге Аллахтын Элчиси Субханаллахты отуз үч жолу, Альхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолудан айтууга буйруган беле?,- деп сурайт. Ал:
- Ооба деп жооп берсе
Ал:
- Силер субханаллах, АльхамдулиЛлах, Аллах акбарды жана ага Лаа илааха иллаллохту кошуп ар бирин жыйрма бештен айткыла деп айтат, сахаба эртеси таң атканда Аллахтын Элчисине келип түшүндө болгон нерсени айтат. Ошондо Аллахтын Элчиси түшүндө айтылган зикирди тастыктап:
- Ооба ошондой кылгыла деп буйруйт"

📚Тирмизи 3413, Насаий 1350
Тирмизи , Албани сахих дешкен.



Түшүндүрмө

Негизи Ислам дининде түштөн эч кандай ибадаттар алынбайт. Себеби динибиз аятта айтылгандай толукталган, эч кимдин түшүнө муктаж эмес. Бирок динибизде Аллах Таала кээде бир кулун түш аркылуу жакшы кабар менен сүйүнчүлөп же жаман кабар менен эскертип койюсу бар нерсе. Буга ишенүүбүз керек. Бирок ибадаттар эч качан түш аркылуу берилбейт. Ошол үчүн мусулман түштөгү кабарлар менен ибадаттарды айрымалап бүлүүсү керек. Бул хадисте сахаба түшүндө көргөн зикирге амал кылбастан, Аллахтын Элчисине барып аны ал тастыктап, ошого амал кылууга буйругандан кийин ага ишенип амал кылышкан. Ал эми Аллахтын Элчиси өткөндөн кийин ар кандай адашкан тайпалардын шейхтери мен түшүмдө Пайгамбарды көрдүм же баланча периштени көрдүм ал мени бул намаз менен же түгүл орозо же баланча зикирге буйруду деп артынан ээрчиген карапайым адамдарды адаштырып келе жаткандары белгилүү. Себеби ал шейхтин түшүндө көргөн нерсени тастыктай турган Аллахтын Элчиси жок болгондон кийин ал Ислам дининде бидаат болуп эсептелет. Бул нерсени көп карапайым мусулмандар билбегендиги себептүү шейхтери тууралу жакшы күмөндө болуп, натыйжада ал бидааттарга амал кылышып бири бирине таратып олтуруп динибизде бидаат намаздар, орозолор, зикирлер көбөйүп кеткени илим ээлерине белгилүү.

ИСЛАМ ТААНУУ

14 Jul, 11:39


📜Сабактын темасы:

Үч негиз китебинин он биринчи сабагы. Ыймандын бир нече бутакчалары жана диндин даражалары

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

09 Jul, 18:46


📜Сабактын темасы:

Баланы тарбиялоодо дуба кылуу өтө маанилүү

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

ИСЛАМ ТААНУУ

07 Jul, 16:00


Бешинчи:


اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَى ذِكْرِكَ وَشُكْرِكَ وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ


Аллаахумма а'иннии 'алаа зикрика уа шукрика уа хусни 'ибаадатик


Мааниси:

Оо Аллахым, Өзүңдү көп зикир кылууга, берген нээматтарыңа шүгүр этүүгө жана өзүңө (чын ыхластан) көркөм ибадат кылуума жардам бергин!



Буга далил:

Му'аз ибн Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
  "Аллахтын Элчиси ﷺ менин колуман кармап Аллахтын аты менен касам ичем Мен сени жакшы көрөмүн!
Оо Му'аз, сен ар бир намаздын артында
"Аллаахумма а'иннии 'алаа зикрика уа шукрика уа хусни 'ибаадатик" деп таштабай айтып жүрүшүңдү осуят кыламын деп айткан."

📚Абу Дауд 1522.
📚Ахмад 22119.
Албани сахих деген.

Ушул бешинчи дуба саламдан мурун айтылабы же саламдан кийин айтылабы деген маселеде аалымдарыдын арасында эки пикир бар. Көпчүлүк аалымдар салам бергенден кийин айтылат деп көрүшсө, башка кээ бир аалымдар саламдын алдында айтылат дешкен. Кийинки аалымдардан шейх ибн Бааз, шейх Усеймин, шейх Фаузан ж.б. илим ээлери саламдын алдында айткан жакшыраак деп айтышат. Аллах мыкты билүүчү!


🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макаланы башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз

ИСЛАМ ТААНУУ

07 Jul, 16:00


Намаздан салам бергенден кийин айтылуучу зикирлер.


Биринчи:

"Астагфируллох"-деп үч жолу айтуу.


أَسْتَغْفِرُ الله  أَسْتَغْفِرُ الله،  أَسْتَغْفِرُ الله


Астагфируллох, Астагфируллох, Астагфируллох.


О, Аллах мен сенден күнөлөрүмдүн кечирилишин сураймын!


Буга далил:

Саубан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын Элчиси ﷺ намаздан салам бергенден кийин үч жолу "Астагфируллох"-деп айтчу эле.

📚Муслим 519



Экинчи:


اللَّهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَمِنْكَ السَّلَامُ، تَبَارَكْتَ يَا ذَا الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ


Аллаахумма антас-салааму уа минкас-салааму табааракта йаа зал-жалаали уал-икроом.



Мааниси:

Оо Аллах, Сен тынчтык Ээсисиң жана тынчтыкты Өзүң гана Берүүчүсүң. Сен улук урмат ээси жана өтө көп жакшылык ээси болгон Берекелүү затсың.


Буга далил:

Саубан (Аллах андан раазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ намаздан салам бергенде үч жолу "Астагфируллох" деп айтып кийин
"Аллаахумма антас-салааму уа минкас-салааму табааракта йаа зал-жалаали уал-икроом" деп айтаар эле."

📚Муслим 519
📚Абу Дауд 1512



Үчүнчүсү:



لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ



Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, аллахумма лаа маани'а лима а'тойта уа лаа му'тии лима мана'та уа лаа янфа'у зал-жадди минкал-жадду.


Мааниси:

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз Анын шериги жок, бардык башкаруу жана мактоо Ага гана таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Оо Аллах Сен кулуңа бир жакшылыкты берүүнү кааласаң - аны эч ким тыя албайт жана Сен кулуңан бир нерсени тыйган болсоң - аны эч ким бере албайт жана Сенин алдыңда байлык, бийлик, мансап эч кандай жардам бере албайт.

Буга далил:

Уаррод Сакафий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мугийро ибн Шу'ба  Му'авияга жазып жөнөткөн катында Аллахтын Элчиси парыз намазынан салам бергенден кийин "Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир.‎ Аллахумма лаа маани'а лима а'тойта уа лаа му'тии лима мана'та уа лаа янфа'у зал-жадди минкал-жадду"-деп айтканын жазган."

📚Муслим 593


Төртүнчү:

لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ  وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ، وَلَا نَعْبُدُ إِلَّا إِيَّاهُ، لَهُ النِّعْمَةُ وَلَهُ الْفَضْلُ وَلَهُ الثَّنَاءُ الْحَسَنُ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ "

Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, лаа хаула уа лаа кууата илла биллахи, лаа илааха иллалоху, уа лаа на'буду илла иййаху' лахун-ни'мату уа лахул-фадлу уа лахус-санааул-хасан, лаа илааха иллаллоху мухлисийна лахуд-дийн уа лау карихал каафируун.

Мааниси:

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ал жалгыз. Анын шериги жок. Бардык башкаруу жана мактоо ага гана таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Бир абалдан экинчи абалга алмашуу жана ага күч алуу Аллахтын жардамы менен гана болот, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, биз Аллахтын Өзүнө гана сыйынабыз, бизге берилген бардык нээматтардын жана жакшылыктардын ээси Аллах жана бардык көркөм мактоолор Ага гана таандык, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, каапырлар жек көрүшкөн болсо да биз Аллахка эч нерсени шерик кошпой чын ыкластан сыйынабыз.

Буга далил:

Абдуллох ибн Зубайр (Аллах андан ыраазы болсун) намаздан салам бергенден кийин "Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, лаа хаула уа лаа кууата илла биллахи, лаа илааха иллалоху, уа лаа на'буду илла иййаху' лахун-ни'мату уа лахул-фадлу уа лахус-санааул-хасан, лаа илааха иллаллоху мухлисийна лахуд-дийн уа лау карихал каафируун деп айтып, кийин Аллахтын Элчиси ﷺ ушул зикирлерди ар бир намаздан кийин айтчу" - деп айткан

📚Муслим 594

ИСЛАМ ТААНУУ

19 Jun, 11:41


Ачууланганда айтылуучу дуба.



Сулайман ибн Сурод (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын Элчиси ﷺ ачуудан улам жүзү менен көзү кызарып кан тамырлары шишип кеткен бир адамды көрүп, "мен бир сөздү билемин эгерде бул адам ошол сөздү айтчу болсо анын ачуүсу кетет ал Аллахтан шайтандын азгыруусунан паана (коргонуу) суроо"- деп айтты.

📚Бухари 3282.





أَعُوذُ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيطَانِ الرَّجِيمِ


А'уузу биллахи миш-шайтоонир-рожийм


Аллахтын ырайымынан кубаланган шайтандын азгырусунан Аллахтан коргоо сураймын! 



Мусулман ачуусу келген учурда кантип басуу керек?

1) Жогорудагы дубаны айтып Аллахтан  коргоо сурайт.

2)  Ачууланган адам сөгүшүп жаткан болсо унчукпай калуу керек, себеби Аллахтын Элчиси ﷺ башка хадисте ачуланган учурда унчукпай калууга буйруган.

3) Турган абалда болсо олтуруп же жатып алуусу керек себеби хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ ачууланган киши турган абалда болсо олтуруп алууга эгер ачуусу басылбаса анда жатып калууга буйруган.

  4) Эгерде бир жерде же бир үйдө болсо ачуусун басуу үчүн астындагы адам менен талашып сөгүшпөстөн ошол жерден кетип же үйдөн чыгып кетүүсү керек.


Ачууга алдыруудан сактануу

Адам баласы алсыз жаратылгандыктан ачуусу келген учурда акылын толук башкара албай калат, мына ушундан улам кийин кайта ордун толтуруу же ордуна келтирүү мүмкүн болбогон иштерди жасап же сөздөрдү сүйлөп койушу толук мүмкүн. Мисалы: Бирөөнү уруп, өлтүрүп же эч себепсиз жубайына талак берип, куфур же кылмыш болгон сөздөрдү сүйлөп өмүрүндө өтө чоң каталарды кетирип, өкүнүп калбашы үчүн жогорудагы насааттарга амал кылуубуз зарыл.

🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макала менен башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз

ИСЛАМ ТААНУУ

17 Jun, 02:22


Урматтуу мусулман бир туугандар!

Курмандык чалуу ибадаты төмөнкү күндөрү аткарылат алар:
16 - июнь
17 - июнь
18 - июнь
19 - июнь
Акыркы убактысы 19 -июнь күн батышы менен бүтөт.

Жубаийр ибн Мут'имден риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: Айт жана кийинки үч күн, курмандык чала турган күндөр".
Ибн Хиббан 3854
Албани сахих деген

ИСЛАМ ТААНУУ

16 Jun, 01:33


Урматтуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди "ИсламТаануу" каналы Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

Аллах Таала бизден жана сиздерден салих амалдарды кабыл кылсын!

t.me/islamtaanuu

ИСЛАМ ТААНУУ

15 Jun, 18:42


Айт намазы кандай окулат?

Убактысы

Күн чыккандан кийин 20 мүнөт өткөн соң убактысы кирет. Ошону менен күн оогонго чейин уланат.

Канча рекет окулат?

Айт намазы эки рекет окулат.
Намазга азан жана комат айтылбайт.

Кандай тартипте окулат?

1. Айт намазын оокууга ниет кылынат

2. "Аллоху акбар" деп такбир айтып, намазга кирет.

3. Сана дубасы окулат.

4. Андан кийин намазга киргенде айтылган такбирден башка "Аллаху акбар" деп дагы 6 жолу такбир айтылат (ар бир такбирдин ортосунда Субханаллах деп айткандай убакыт турат) жана эки рекетте тең ар бир такбирлерди айтканда кол көтөрсө болот.

5.  "Аьузубиллахи минаш-шайтоонир-рожийм, Бисмилаахир-рохмаанир-рохийм" окулат.

6. Фатиха сүрөсүн окуйт.

7. Фатихадан кийин зам сүрө окулат (Эгер Аьлаа сүрөсүн билсе ушул сүрөнү окуйт. Себеби бул сүннөттө келген. Ал эми ал сүрөнү билбесе, өзүнө жеңил болгон каалаган сүрөнү окуй берет)андан кийин руку сажда кылат.

8.Кийин "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке турат.

9. "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке тургандан башка дагы  5 жолу Аллоху акбар деп такбир айтат.

10. "Бисмиллахир-рахмаанир- рахийм" деп Фатиха сүрөсүн окуйт.

11. Зам сүрө окуйт (эгер билсе Гошийа сүрөсүн окуу сүннөт. Билбесе өзүнө жеңил болгон сүрөнү окуйт)

12. Андан кийин рүкүгө,  саждага барып, кийин ташаххуд, салават айтып, салам берип, намаздан чыгат.

13. Айт намазы үчүн кутба кылуу сүннөт ал айт намазынан кийин кылынат.


🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макала менен башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз!

ИСЛАМ ТААНУУ

15 Jun, 07:44


Урматтуу мусулман бир туугандар

Мусулмандар бүгүн арафат күнүн дуба кылуу, такбир айтуу, Куран окуу жана Аллахты көп зикир кылуу ибадаттары менен өткөрүшү керек.

👉 t.me/islamtaanuu

Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз