23-сентябрь тил күнүнө карата Бишкек кыз Куран курсунда, кыздар арасында программа болуп өттү.
Программада кыргыз элинин баалуулуктары, салттары, кийимдери көрүнүш аркылуу көрсөтүлүп, кыздардын көпчүлүгү таза кыргызча сүйлөөгө ашыгышты.
Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал, кылымдан кылым ашып, эне тилибизде оозеки түрдө жаралган “Манас” эпосу аркылуу ата-бабадан урпактарга жетти. “Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей, мына ушунун өзү эле эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын билдирет.
Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон эне тилибиз – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.