Бүгүн жол куруучулар ассоциациясынын президенти, меценат, кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири Мирлан Исагалиев авам ассоциациянын медалы жана күбөлүгү менен сыйлады! Мындай сый-урмат, мындай ишеним демге дем кошот, чыгармачылыкка зор эргүү берет! "Сыйга – сый, сыр аякка – бал" дегендей, Мирлан авама терең ыраазычылык билдирип, алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалайм! Жолубуз даңгыр болсун, артыбызда сыймык менен карай турган тагдыр болсун!